Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop

Бишкекте 8-мартта 500гө чукул шаар тургуну жана активисттер аялдардын укугу үчүн тынчтык маршына чыкты. Марштын катышуучулары согушка каршы экенин айтып, тынчтыкка тилектештигин билдиришти. «Россия» кинотеатрынан башталган жүрүш Ала-Тоо аянты аркылуу өтүп, «Революциянын каармандарына» арналган мемориалга келип аяктады. Марш кандай өткөнүн биздин сүрөт баяндан көрүңүз.