Материал Peshcom демилгеси тарабынан даярдалды
Акыркы күндөрү Камилла жолбун ит-мышыктар үчүн чакан баш калкалоочу жай ачуу үчүн имарат издеп жүрөт. Ижарага бөлмө бергендердин көбү жаныбарлар багыларын укканда эле баш тартууда. Ушул ойлор дүкөнгө бара жатканда да жадынан чыкпай койду. Бирок дүкөнгө бараткан жолдогу жолбун ит аны чырмалышкан ойлордон алаксытып кетти — Камилла итке тамак алып келип, алдына койду.
Камилла — ыктыярчы жана жолбун ит-мышыктарды көчөдөн көп жолуктурат. Колунан келишинче, аларды үйүнө алып келип, ээсин тапмайынча багат. Камилланын негизги кызматы жолбун ит-мышыктарга тиешеси жок — ал котормочу жана косметолог болуп иштейт.
Бош убагында Камилла социалдык тармактарда иш алып барат, ал жакка ит-мышыктарга кожоюн издеп, жарнамаларын жарыялап турат. Кээде кайдыгер карабаган жарандар операция же дарылоого деп акча которуп коерун айтып берди. Бирок каражаттын басымдуу бөлүгүн ал өз чөнтөгүнөн чыгарат.
«Жаныбарларды сатып албастан, баш калкалоо жайларынан алгыла», — деп ал шаардыктарга соцтармактар аркылуу кайрылат. Мындай жол менен Камилла көчөдө жүргөн ит-мышыктарды ачкачылыктан же сууктан эле эмес, муниципалдык кызматкерлердин огунан да сактап калат.
«Мен эки ит багып жүргөм. Алар менин үйүмдө түнөшчү, бирөөнү дарылап жаткам. Эми экөө тең жок — атып кетишти. Коңшулардын чакыруусу менен келген «Тазалыктын» кызматкерлери атты», — дейт Камилла кейиштүү.
Мындай окуя биринчи жолу болгон жок, бул жолбун иттерден кутулуунун турукташып калган тажрыйбасы. Кыргызстанда шаардык бийлик жолбун ит-мышыктын санын кыскартуунун бир гана жолун билет — атып салышат.
Жаныбарларды коргоочулар бир топ жылдан бери мындай радикалдуу ыкманы токтотууну талап кылып келишет. Бирок атылган иттердин саны жыл сайын өсүүдө. 2021-жылы гана ордо калаабызда расмий маалымат боюнча 17 миңдей итти атып салышты.
«Семиз иттерди дайыма өзүң алып каласың»
Жаныбарларды коргоочулардын соцтармактагы барактарынан жаныбарларга мыкаачы мамиле жасаган ондогон окуяларды көрүүгө болот — атып салышат, уулантышат, унаа менен тебелеп кетишет. Кыжыры кайнаган шаардыктар нааразылык акцияларга, жалгыз пикеттерге чыгышат.
«Биз миттингге чыкканыбыздын себеби, биз тааныган аялдын итин [белгисиз] адамдар уу берип өлтүрүп кетишти, биз анын кайгысын түшүнөбүз. Аялдын жүрөк оорусу кармап калды, ал иттерин жакын адамындай көрчү эле да», — дейт жаныбарларды коргоочу Айгүл Алымкулова.
2021-жылдын ичинде ал жаныбарларды коргоо максатында ондон ашуун митинг жана жалгыз пикеттерге чыкты. Мындай акцияларда активисттер жолбун иттерге гумандуу мамиле кылууну гана талап кылбастан, жаныбарларды коргоочу мыйзам кабыл алып, аларды атуунун ордуна стерилизация колдонууга чакырышат.
Митингдин катышуучулары жаныбарлар жана табият менен таттуу мамиледе болмоюн өлкө өнүкпөйт деп эсептешет. Өлкөдө жолбун ит-мышыктарга арналган мамлекеттик баш калкалоочу жайлардын жоктугунан жаныбарларга жасалган ырайымсыз мамилеге кайдыгер карап тура албагандар өз алдынча чакан баш калкалоочу жайларды же убактылуу кармоочу пункттарды ачууда. Бирок алар көпчүлүк учурда ар түрдүү көйгөйлөргө кабылат, кээде аларга түздөн-түз коркутуулар келет.
Мисалы, былтыр сентябрь айында жаныбарлар үчүн ачылган баш калкалоочу жай өрттөнүп кеткен. Анын уюштуруучусу, Александр Уваровдун ою боюнча, атайылап өрттөшкөн — өрткө чейин ага курулуш компаниясынан келип «биздин жерден жоголгула, үй курабыз» деп айтып кетишкен.
«Мен ал жерден кетпесем, иттерди жок кылып, үйдү өрттөп кетебиз дешти. Эртеси күнү онго жакын итти мууздап кетишти. Анан калган иттерге уу берип, өлтүрүштү. Алар ыйлап, ары-бери жүгүрүп жатышты – менин колуман эч нерсе келген жок. Эртеси күнү келсем, түтөп жатыптыр», — деди ал «Клоопко» курган маегинде.
Ошентсе да жаныбарларды коргоочулар кароосуз калган ит-мышыктарды куткарууну токтоткон жок.
«Айрымдар акыркы акчасын стерилизацияга жана дарылоого жумшайт. Иттерди болсо жөн гана атып кетип жатышат. Жада калса, каап же тиштей албаган күчүктөрдү да атып кетип жатат», — дейт дагы бир жаныбарларды коргоочу активист Нурзат. Айрым учурда мыкаачылыктан же ок тийгендиктер иттер өмүр бою шал бойдон каларын айтып кейиди ал.
Жаныбарларды коргоочу Елена Теущакованын айтымында, жолбун иттер аларга жасалган мыкаачылыктан улам агрессивдүү болушат. Ал өзү да жаныбарларга карата терс мамилелеге көп жолу күбө болгон, ошол себептен да ит-мышыктардын жашоо укугу үчүн күрөшүп келет. Учурда ал түптөгөн Кара-Балтадагы убактылуу баш калкалоочу жайда 48 ит жана 14 мышык жашайт.
Жаныбарларга байналыштуу жагдайды коронавирус пандемиясы да курчутту. Соцтармактарда иттин эти коронавирусту жеңүүгө жардам берет деген маалымат тарай баштады. Дарыгерлер бул маалыматты төгүндөп, эскертүү бергенине карабай, айрымдар сакайып кетүү максатында жана иммунитетин бекемдөө үчүн жергиликтүү тамактануу жайларынан иттин этин жей башташты.
Кафелерде мурда деле иттин сатышчу. Бир нече жыл мурун иттин этинен мылтыктын огу чыккан. Ошондо «Апрелдин» журналистериит аткандар этин кафелерге тапшырып коерун аныкталган. «Семиз иттерди дайыма өзүбүзгө калтырабыз», — деген ошондо «Тазалык» муниципалдык ишканасы жалдаган ит атар.
Иттин этин ким алып келет, кайдан алынат, тамак-аш жасап саткан кафенин ээсинен башка эч ким билбейт. Анын коштоочу документтери, ветеринардык маалымкаты жана сертификаты жок.
«Иттер эхинококкоз жана кутурма оорусун таркатат деп бийлик какшап келет, бирок корей ашканасынын тамактарын даярдаган кафелерди текшергендер жок, ошол жерден ооруну жуктуруп алуу тобокели бийик да», — дейт активист Айгүл Алымкулова.
«Итимди уурдап кетишсе, демек мен кооптуу шаарда жашайм, себеби мени да уурдап кетиши мүмкүн»
Жаныбарларды коргоочу активисттер жолбун ит-мышыктарга мыкаачы мамиле жасагандарга чара көрүүнү өтүнүп укук органдарына кайрылышат. Бирок милиция алардын арыздарын этибарга албайт.
«РИИБде менин арызымды төрт саат кабыл албай коюшту. Башка арыздарыма тескери жооп келди. Отуз итти өлтүрүп кетишсе, алар бул иш токтотулду, себеби кылмыштын курамы жок дешти. Ал эми айрымдарын жөн гана жорук катары каттап коюшту», — дейт Айгүл Алымкулова.
Кылмыш-жаза кодексинде жаныбарларга мыкаачы мамиле жасагандарга карата жазалоо беренеси (163) бар. Бирок ушуга чейин, төрт жыл мурда жаныбарды өлтүргөнү үчүн соттолгон бир гана окуя бар. Анда иттин ээси ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго кат аркылуу кайрылып жатып, ишти сотко жеткирген.
«Эгер менин итимди уурдап кетишсе, демек мен кооптуу шаарда жашайм, себеби мени да уурдап кетиши мүмкүн экен да», — деп экс-президентке тогуз жашар Идин кат жазган.
Катты соцтармактарга баланын энеси Гуля Алмамбетова жарыялаган. Кат коомчулукта резонанс жараткан. Ошондон кийин үй-бүлөгө президенттин администрациясынан телефон чалышып, итти издей башташкан. Ал кат жазылмайынча милиция итти издегиси да келген эмес.
Видеобайкоо камераларынан итти уурдап кетишкени аныкталган, бирок табылган кезде ит өлүп калган болчу. Свердлов райондук соту итти уурдаган адамды үч жылга эркинен ажыратып, айып салган.
Мэрия эмне дейт?
Адатта, жаныбарларды коргоочулар менен журналистердин суроолоруна мэрия бирдей жооп берет: акча жок, атып салуу — аргасыздан көрүлгөн чара.
«Учурда көчөдөн кармалган иттерди убактылуу кармоочу пункттары жок, ошондуктан аларды атып салуу, бул аргасыз чара, себеби жашоочуларга жолбун иттердин тиш салуусуна кепилдик болбогондуктан, башка альтернативдүү ыкмалар жок», — деп жооп беришти бизге мэриядан.
Мэриянын расмий сайтында, итттер адамдарга кол салып, коркунуч туудурганда, же кутурма оорусу бар экени аныкталганда атылып жок кылынат деп жазылган. Адатта, аларды таңга жуук же кечинде атышат. Бирок шаардыктар иттерди күндүз да атып жатканын айтып нааразы болушкан.
Бир нече жылдын ичинде активисттер жолбун ит-мышыктарды атууну токтотуу, иттердин көбөйүүсүн жөнгө салуу, убактылуу жайларды ачып, жаныбарларды коргоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуу тууралуу ондогон сунуштарын берди. Бирок жооп алышкан жок.
Мисалы, шаардык бийлик жаныбарларды коргоочуларга кайрылып, таштанды полигонунун жанынан ит-мышыктарды убактылуу кармоочу жай курууга жер берүүнү сунуштаган. Бирок, активисттердин айтымында, таштанды төгүлгөн жерде иттер ууланып же башка ооруларга чалдыгышы мүмкүн.
«Мэрия бир айдан кийин ал жерде толук кандуу убактылуу жай курулуп, иштей баштасын деген талап койгон. Бир айдын ичинде карапайым элдин эсебинен, бардык шарты менен убактылуу кармоочу жай куруу — мүмкүн эмес. Инфраструктурасы эле канчага чыгат? Канализация, жарык өткөрүү, ветеринардык тейлөө – бир гектар жерге канча миллион керек?» — деп жазды активист Наталья Громова соцтармактарга.
2021-жылдын февраль айындагы зоокоргоочулардын акциясынан кийин мэрия иттерди атып өлтүрүүгө убактылуу тыюу салды. Бирок ал тилекке каршы бир нече айга гана созулду.
Мааниси жок өлтүрүүгө мамлекет миллиондогон каражат сарптайт
Жолбун иттерди атуу үчүн каражат шаардык бюджеттен бөлүнөт. Расмий маалыматтар боюнча, 2021-жылы бийлик бул максаттарга 4,7 миллион сом сарптаган. Бир жолбун итти атуу үчүн орточо эсеп менен алганда 280 сомго жакын акча коройт.
Активисттер жолбун иттерди атууга бөлүнгөн каражат ыксыз сарпталат, ал тургай жең ичинен жок кылынышы мүмкүн деп эсептешет.
Straydogs.kg бирикмесинин активисттери иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандын аймактарында жолбун иттерди атуу үчүн жарыяланган тендерлерди жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ал тургай курулуш компаниялары, жада калса эмерек жасоочу фирмалар утуп аларын аныктап чыгышкан.
«Мэрия көбөйүп кеткен жолбун иттер менен күрөшө албастыгы айдан ачык. Аларды атып жатышат, жыл сайын көп акча бөлүнүүдө, бирок иттердин көбөйгөндөн көбөйүп жатат», — дейт жаныбарларды коргоочу Нурзат. Ал жолбун иттердин саны көзөмөлдөн чыгып кетишине стерилизациядан баш тартуу себепкер деп белгилейт.
Сүрөт: zoo_info.kz
Жолбун ит-мышыктардын саны боюнча расмий маалымат азырынча жок, себеби өлкөдө жаныбарларга чип тагуу ыкмасы пайдаланылбайт. Мурдагы вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин айтымында, 2021-жылы шаарда 200 миңге жакын жолбун ит бар эле. Аны кантип санап чыкканы белгисиз.
Стерилизация кымбат турат, бирок келечекте ал ыңгайлуу жана эффективдүү болот, себеби кийинки жылдары жаныбарлардын көбөйүүсү басаңдайт деп түшүндүрөт активисттер.
Бир итти стерилизациялоо аркылуу мамлекеттик казынадан он миңдеген сомду үнөмдөөгө болот: орто эсеп менен алганда, ит жылына эки жолу 10 күчүктөн тууйт, 10 жылдын ичинде ал 200 күчүк тууйт. Ал 200 итти атуу үчүн бюджеттен 56 миң сом сарпталат, ал эми бир жолку стерилизация 1-1,5 миң сом турат.
Ветеринарлардын айтымында, стерилизация болбогон, тукум алуу үчун багылбаган жаныбарлардын гормондору бузулушу ыктамал. Ошондон улам жаныбар кишиге кол салып, жугуштуу ооруларды таркатышы мүмкүн.
Брижит Бардо, Кара жыгач багы жана «Манас» университетин эмне бириктирет
2021-жылдын башында Кыргызстандагы жолбун иттерди атуу көйгөйүнө француз актрисасы Брижит Бардо көңүл бурган. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, жолбун жаныбарлардын көбөйүүсүнө каршы күрөшүү стратегиясы боюнча кызматташууну сунуштаган.
Учурда Брижит Бардо фонду жана Кыргыз-Француз экотуризм ассоциациясы Кара жыгач багындагы жолбун иттерди стерилизациялоо боюнча «Кумайык» пилоттук долбоорун ишке ашырууда. Буга чейин жолбун иттер жергиликтүү канаттууларга, жаныбарларга кол салып, бул бактын фаунасынын ар түрдүүлүгүнө таасир тийгизип келген.
Француз өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин, Свердлов районунун администрациясы пилоттук программа катары өз районунун аймагында жолбун иттерди атууга тыюу салууга макулдук берген.
Долбоордун алкагында Индиядан келген эксперттер тобу былтыр жергиликтүү ветеринарлар үчүн тренинг өткөргөн. Окутуу чурунда дарыгерлер 37 итти стерилизациялаган. Келечекте “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин клиникасында дагы миңден ашуун итти стерилизцияламакчы. Стерилизациядан өтүп, вакцина алгандан кийин иттер мурдагы жашаган аймагына бошотулат. Бирок бул жолу иттердин кулагына бирка тагылып, кийин аларды идентификациялоого мүмкүн болот.
Баса, университеттин аймагында бир нече жылдан бери стерилизациядан өткөн иттер жашайт. Алар фудкортто олтурушат, факультеттерде сейилдеп, кээде ректордун жыйындарына да катышат. Гумандуу мамиледен улам иттер адамдарга көнүп, кишиге кол салбайт.
Атууга тыюу салууга — болот!
Кара жыгач багында «Кумайык» долбоорун ишке ашыруу – Брижит Бардо фонду менен Кыргызстандагы жаныбарларды коргоочулардын жетишкендиктеринин бирөөсү гана.
2022-жылдын март айынан тарта Кант шаарында иттерди атууга тыюу салынды. Февраль айынын башында шаардык бийлик Брижит Бардо фонду жана Кыргыз-Француз экотуризм ассоциациясы менен меморандумга кол койду.
«Биз стратегияны узак мөөнөттүү ийгиликтерди алып келүүчү, адамды, жаратылышты жана жаныбарларды урматтоого өлкөбүздү шарттаган гуманисттик саясатка интеграция жасоочу багытта өзгөртүүгө даярбыз», — деди Канттын мэри.
Анын артынан жаныбарларды коргоочулар Бишкектин бийлиги Брижит Бардо жана Экотуризм ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолукканын билдирди.
«Брижит Бардо фонду жолбун иттерди жалпы стерилдөө, эмдөө жана кулагына белги тагуу боюнча программанын чыгымдарын өзүнө алат. Бишкекте жылына 10 миңге жакын жолбун итти бычуу пландаштырылууда. Программа бир нече жылга каралган, жана максаты — жыл сайын иттердин санын азайтуу. Ошону менен бирге калкты жаныбарларга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого үйрөтүү боюнча өзүнчө долбоорлор каралган», — дейт Straydogs.kg бирикмесинин өкүлү Нурзат.
Эл аралык тажрыйба: тамак берүүчү автоматтар жана иттер үчүн бала бакча
Көпчүлүк өлкөлөр жолбун жаныбарлардын популяциясынын көбөйүү көйгөйүн мыйзам аркылуу чече алды, анда жаныбардын ээси жооптуу. Ит-мышыктардын болочок ээлери атайын окуудан өтүп, жаныбарын каттап, салык төлөйт. Жоопкерчиликтен баш тартса, жазаланат.
Швецияда ар бир жаныбарга чип тагылат, анын жардамы менен, жаныбар жоголуп кетсе, ээсин таап, ага кайтарып берет. Белгилүү бир убакыттын ичинде ит-мышыктын ээси табылбаса, жаныбарды башка адамга сатышат.
Мындан тышкары, жаныбарга тиешелүү шарт түзүлгөнүн, ал таза, жылуу жашаганын, күн ысыгынан же жаандан коргогон жайы бар экенин, убагында сейилдеп турушун текшерген атайын кызматтар бар. Эгер ал шарттар сакталбаса, жаныбарды ээсинен алып кетип, айыпка жыгышы мүмкүн.
Мисалы шведдер чет өлкөгө кете турган болсо, үй жаныбарын атайын иттер үчүн «бала бакчага» калтырып, же атайын итти багуучу жалдайт.
Түркияда да иттерге ушундай аяр мамиле жасашат. Швецияда жолбун иттер жокко эсе болсо, Стамбулда 130 миң жолбун ит жашайт. Алардын көбү муниципалдык убактылуу жайларда жашайт, ал жерден иттерди стерилизациядан өткөрүп, эмдеп, керек болсо, дарылап да турат.
Pugedon социалдык долбоору жолбун иттерге кам көрүүнүн адаттан тыш ыкмасын пайдаланат, ал ыкма айлана-чөйрөгө да пайдалуу. Алар Стамбулдун көчөлөрүнө желим бөтөлкө чогултуучу автоматтарды орноткон. Автоматка бөтөлкө салсаң, анын астында орнотулган табакка жолбун иттерге делген тамак куюлат.
Стамбулда миллионго жакын көчө мышыктары жашайт, аларга жергиликтүү тургундар кам көрөт. Мисалы, 2022-жылдын январь айында аба ырайынын өзгөрүүсүнө туруштук берүү үчүн адамдар көчөгө тамак-аш, жууркан алып чыгып, мышыктарды жылуулашты. Ал эми жергиликтүү мекемелер, мышыктар жылынып алсын деп эшиктерин ачык койгон.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн жашоочулары азырынча жолбун иттерге мындай кам көрбөйт. Бирок, Өзбекстандын активисттери жаныбарларга мыкаачы мамиле жасоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги жана былтыр жактырылган жаныбарларды коргоо жөнүндө мыйзамга абдан кубанууда.
Шаардыктар кантип жардам бере алат?
Учурда жаныбарларды коргоочулар Бишкек бийлигинин чечимин күтүүдө. Стерилизациялоо жана жаныбарларды атууга тыюу салуу боюнча меморандумга кол коюлса, коомдук уюмдар, активисттер француз кесиптештерине жардам бере баштайт.
Ага чейин алар жаныбарларды өз алдынча куткарууда. Бир итти багуу үчүн, алар оорубаса, айына үч миң сомго чейин керектелет. Азырынча убактылуу жайлар шаардыктардын эсебинен күн көрүүдө.
Сиз да шаардагы ит-мышыктарга жардам бере аласыз — аларга тоют сатып берип, же убактылуу жайга алып келип, же стерилдештирүү жана багуу үчүн каражат которо аласыз.
● helpstraykg - Камилла, 0999 975 889 (ЭЛСОМ)
● animal_aid.kg - Кайрат, 0502150318 (ЭЛСОМ)
● mohnatyi_drug (Кара-Балта) - Елена 0550 473546
9417378509963821 (ЭЛКАРТ)
● dobrieruki.kg - Лариса, 0709784537 (ЭЛСОМ)
● kainar.bishkek - 0707960614 (ЭЛСОМ)
● straydogs_kg - Нурзат
Материалды даярдагандар: Аэлита Максатбекова
Редакторлору: Алексей Журавлев, Рада Валентина кызы