«Багынбайбыз. Аягына чейин күрөшөбүз». Украинадагы согуштун 13-күнүндөгү негизги окуялар

Украинада Орусиянын кол салуусунан улам башталган согуш уланып жатканына 13 күн болду. Ал 24-февралда башталган.

БУУ жай тургундардын арасында каза тапкан согуш курмандыктары боюнча маалыматты жаңылады. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын маалыматына ылайык, 24-февралдан тартып 7-мартка чейин 474 жай тургун каза тапкан, анын ичинде 29 бала бар, 861 адам жарадар болгон. Бирок уюм жарандык элдин ичинде курман болгондордун саны алда канча көп болушу мүмкүндүгүн белгиледи.

Алардын маалыматына ылайык, тургундардын көбү авиасоккудан, орус аскерлери жарылуу радиосу кеңири болгон жардыруучу түзмөктөрдү, анын ичинде оор артилерияны жана реактивдүү жапырт ок атуу системаларын колдонгондуктан каза тапкан. Мындай аткылоодон улам Украинанын көптөгөн шаарларында, анын ичинде Чернигов, Харьков, Херсон, Мариуполь жана Киведе жүздөгөн үй жабыркап же толугу менен кыйраган.

Украинадан качкандардын саны да өсүп жатат. БУУнун маалыматында, согуш башталган 12 күндө өлкөдөн 2 миллиондон ашык адам чыгып кеткен. Алардын дээрлик жарымы Польшага качкан.

Уюмдагылар аскердик аракеттер жүрүп жаткан Украинанын шаарларында гуманитардык абал начарлап жатканын дагы бир ирет эскертишти.

«Жөнөкөй адамдар үчүн бул апокалипсисттик абал, биринчи зарылдыктагы буюмдары түгөнүп жатат. Азыр эң башкысы бул адамдарга куткаруучу жардамды жеткирүү керек. Бул өлүм менен өмүрдүн маселесиби? Так эле ошондой. Мариуполь жана жаңжалдын чок ортосунда болуп жаткан башка шаарларга гуманитардык жардам жеткирүү абдан маанилүү», — деди Эл аралык кызыл чырым комитетинин өкүлү Юэн Уотсон.

Украиналык качкындар. Сүрөт: БУУ.

Үчүнчү аракеттен соң гана 8-мартта Сумы шаарынан жай тургундарды эвакуациялоо башталды. Эки колонна эл Полтавага чыгып кетти. Украина бийлигинин маалыматында, Сумыдан 3,5 миң адам эвакуацияланды. Согуш жүрүп жаткан башка шаарлардан гуманитардык коридор ачуу мүмкүн болгон жок — бул процессти үзгүлтүккө учуратууга украин жана орус тарап бири бирин айыптоодо.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 8-мартта Британиянын парламентинде видео байланыш аркылуу сөз сүйлөдү. Анда ал эл өкүлдөрүнө согуштун 13 күнү тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал Украинадагы согушту Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы нацисттик Германиянын Улуу Британияга каршы күрөшү менен салыштырды. Зеленский бул тууралуу кебинде Улуу Британиянын премьер-министри Уинстон Черчильдин 1940-жылы айткан сөзүнө токтолду.

«Мен Улуу Британия эбак эле уккан жана азыр да маанилүү болуп жаткан сөздөргө токтолгум келет. Биз багынбайбыз, жеңилбейбиз. Биз сууда да, кургакта да аягына чейин күрөшөбүз, кандай гана болбосун жерибиз үчүн күрөштү улантабыз», — деди Украинанын президенти.

Британиянын депутаттары Владимир Зеленскийдин сөзүнөн кийин кол чабышууда. Видеодон скриншот.

Ошондой эле Зеленский ABC News телеканалына интервью берип, келечекте коңшу мамлекеттердин, ошондой эле АКШ, Германия жана Франциянын катышуусу менен Украинанын коопсуздугу боюнча жамааттык келишим түзүүнү сунуштады.

«Бул Украинага эле эмес, бул Орусия үчүн да кепилдик болот. Бирок ал [Орусия] кимден коргонуп жатканын билбей турам», — деди украин президенти.

Зеленскийдин «Слуга народа» партиясында аннексияланган Крым жана жикчилдер жарым-жартылай басып алган Донбасстын макамы тууралуу Орусия менен боло турган алдыдагы келишимдердин мүнөзү талкууланды. Депутаттар Украина өз жерлеринен баш тартпасын, бирок «Крым, Донецк жана Луганск шаарлары 8 жылдан бери оккупацияда экенин», «бул аймактарда жашаган адамдардын жашоосу кандайча жөнгө салынарын аныктоо керек» деп билдиришти.

«Биз Крымды Орусияныкы деп тааный албайбыз. Бул Украинанын аймагы деп кабылдоо [Орусия] үчүн да кыйын болот деп ойлом. Менимче бул эки маселенин чечилиши коомдо эч кандай төңкөрүштү жаратпагыдай, бул чечимге эл канааттангыдай болушу үчүн жетишерлик акылыбыз бар: ошол аймакта жашагандардын да, Украинада жашагандардын да», — деп айтты Зеленский ABC News телеканалына курган маегинде.

Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттеринин шартында батыш өлкөлөрү орусиялык мунайдан акырындап баш тартууну чечишти.

Ал эми АКШнын президенти Жо Байден өлкөгө Орусиянын мунайын импорттоого тыюу салды. Буга чейин Канада да ушундай эле чечим кабыл алган. Улуу Британия дагы 2022-жылдын аягына чейин ушундай кадамга бара турган болду. Еврокомиссия Европа биримдигине кирген өлкөлөргө 2030-жылга чейин Орусиянын көмүрүнөн, мунайынан жана газынан баш тартуу планынын «үлгүсү» сунушталганын билдирди.

Буга чейин Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак Орусия Европада газ керектөөнүн 40%ын камсыздарын айткан.

Украинадагы согуштун шартында орус рыногунан дүйнөлүк компаниялар да кетип жатат. 8-мартта Орусияда PepsiCo, Coca-Cola жана Starbucks ишмердигин токтоткон. Ал эми McDonaldʼs өлкөдөгү баардык 850 ресторанын убактылуу жаап жатат, бирок Орусиядагы 62 миң кызматкерлерине айлык төлөөнү улантат.