Украинада согуш башталгандан бери эки апта өттү — 24-февралда Украинага орус аскерлери бастырып кирген. БУУнун маалыматы боюнча, бул аралыкта өлкөдөн жакынкы европа мамлекеттерине 2 миллиондон ашык адам чыгып кетти.

Ал арада согуштан улам жана экономикалык санкциялардын шартында Орусиядан дагы жарандар чыгып кетүүдө. Алардын чечимине Орусияга каршы эл аралык коомчулуктун санкциялары гана эмес, орус бийлигинин чектөөлөрү да тассирин тийгизүүдө.

«Клооп» согуштан улам убактылуу Бишкекке келген орусиялык бир нече киши менен маектешти.

Максим*, IT адиси

*каармандын өтүнүчү менен аты өзгөртүлдү

Максим. Сүрөт: Клооп

Башында баары эле түш көргөндөй болушту — мындай окуялар биздин башыбыздан өтүп жатканына ишенбей турдук. Кийин гана коомчулукта мындай кризис буга чейин болбогонун түшүндүк. Ушундан улам өлкөдөн чыгып кетүүнү чечтим. Бул эмгек өргүүгө да туш келип калды, анткени март айынын башында чет өлкөгө кетем деген пландарым бар болчу. Баалар өсүп кетти, чек аралар жабылып калат деп кооптондук. Кийинки жолу качан өлкөдөн чыга аларым белгисиз болчу.

Тааныштарымдан бир киши өлкөдөн чыгып кетти, калгандар бир катар себептерден улам калышты: кимдир бирөө жаңы жумушка орношту, кимдир бирөө таптакыр эле жаңылыктарды окубайт. Кандай болгон күндө да, баары жумушка байланыштуу. Менде өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар, анткени мен аралыктан иштейм.

Муну жеке нааразычылык акциясы катары карасак болот. Бул жердеги кандайдыр бир эркиндикти сезгим келди, анткени бизде барган сайын чектөөлөр көбөйүп жатат. Мен Орусиянын түштүк бөлүгүндөгү, Украинага жакын аймактардан болгонум үчүн мага абдан оор болду. Көптөгөн украиналыктарды тааныйм. Жадагалса айрымдары менен тууганчылыгыбыз да бар. Мен үчүн бул окуя кыйла эле оор тийди. Бирок өз өлкөмдүн саясатын эске алганда, күтүүсүз болду деп айта албайм. Бул алардын колунан келет деген окуялардын жеткен чеги, ошентсе да жалпысынан аларга мүнөздүү эле кадамдар.

Жаман жери — бул окуя бизди экиге бөлүп койду. Шарттуу түрдө айтканда «европалашкан бөлүк» жана «терең» катмар. Коомдогу бул ажырым кашкайып көрүнүп калды. Ата менен бала, жумуштагы кесиптештер бири-бири менен чатакташты. Чөйрө чыңалып кетти. Же башка бирөөнүн позциясын толугу менен кабыл аласын же буга таптакыр кызыкпайсың жана саясат жөнүндө сүйлөбөйсүң.

Билимдүү адистер сыртка агыла баштады, алар абдан эле көп, башкасын айтпаганда дагы IT тармагында. IT адистер да бар, албетте, аларды түрдүү жеңилдик менен кармап калууга аракет кылып жатышат. Мүмкүн болушунча узак мөөнөткө өлкөдө калтыргысы келет. Бул жеңилдиктер чоң эмес, мындай жол менен массалык түрдө адистерди кармап кала алат дегенге болбойт.

*2-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин IT-компанияларды колдоо үчүн жеңилдиктерди киргизген. Аларды киреше салыгынан бошотуп, чет өлкөлүк адистерди жумушка алуу шарттарын жеңилдетип, адистерин аскердик кызмат өтөөдөн бошоткон.

Денис Сучок, Head Hunter компаниясында java-иштеп чыгуучу

Денис Сучок. Сүрөт: Клооп

Орусиядан чыгып кетүүнүн бир себебин айтуу кыйын. Баары аралаш. Бул туруксуз, оор саясий абал, Москвадагы чыңалган мамиле. Анан мен мурда эле Кыргызстанга келгим келген жана бул биринчи келишим эмес. Бул жакта аралыктан иштөө абдан ыңгайлуу, бирок соңку окуялардан улам Орусияда абал оор болушу мүмкүн. Алдыда мындай мүмкүнчүлүк болбой калабы деп чочуладым. Бирок бул жерде тынч, Москвада болуп жаткан нерселердин баарынан алаксып, жумушка көңүл коё аласың.

[Биздин компания] азырынча бул окуялардын азабын жаңы гана сезе баштады. Биз пайдаланып жаткан кызматтардын баары чыгып кетүүдө. Бирок, [эмоционалдык жактан алганда] абдан катуу таасир этти, болуп жаткан нерселер көпчүлүктү нес кылды. Ал эми кесепеттерин алдыда далай көрөбүз. Баары талкуулап жатышат, бирок мындан ары эмне болорун эч ким билбейт.

Игорь Соболев, блокчейн-иштеп чыгуучу

Игорь Соболев. Сүрөт: Клооп

Мен фрилансер болуп иштейм, санкциялардан улам айлык маянамды ала албай жатам. Акчамды алуу мен үчүн дээрлик мүмкүн эмес жана мага ыңгайсыз болуп калды — бул мен үчүн эң маанилүү себептердин бири. Экинчиси — саясий себеп, өлкөдө өкүм сүрүп жаткан окуяларга байланыштуу. Мүмкүн, чек аралар таптакыр жабылат деген коркунуч өлкөдөн чыгып кетүүгө түртүп жатат…

Мен америкалык компаниядан акча алам, сыягы, азыр алар орусиялыктарга таптакыр айлык акысын которо албай жатат окшойт. Бул бир чети Орусия киргизген жаңы эрежелерге да байланыштуу, ага ылайык, мен бардык айлык маянамды рублга алмаштырышым керек, бул болсо мага абдан ыңгайсыз.

Биз буга чейин КМШ өлкөлөрүндө болгонбуз: Грузия жана Арменияда. Эми болсо жаңы жерлерди көрүүнү чечтик. Анан калса, билеттер да арзаныраак экен. Армения менен Грузия — IT адистери үчүн эң популярдуу багыттар. Мен Кыргызстан тууралуу жаман пикир уккан эмесмин, бул жерде тааныштарыбызды таптык, анан калса табият жакын, биз болсо жагымдуу менен пайдалуу нерсени айкалыштырып жатабыз.

Акыркы аптадагы тажрыйбама таянып, эң жакшы план — эч нерсени пландабоо экенин түшүндүм. Анткени пландар дайыма бузулат. Биз бул жакта бир айча турууну чечтик, ага чейин абал турукташат деген үмүт бар. Эгер абал тынчыбаса бул жерде дагы узагыраак мөөнөткө калышыбыз мүмкүн. Эгер Кыргызстандан кетүүгө туура келсе, дагы башка жакка кетебиз — баары кырдаалга жараша болот. Орусияда аягына чыкпай калган иштерибиз бар. Биз болгону кийим-кечебизди чогултканга гана жетиштик.

Маектешкен: Анастасия Лысогорова

Оператор: Александр Александров.