Улуттук статком: Кыргызстанда билимдүү аялдар көп, бирок айлык акысы аз

Улуттук статком Кыргызстандагы аялдар менен эркектер тууралуу негизги фактыларды топтоду. Чогулган маалыматтардан улам өлкөдө билимдүү аялдар көп экенине карабай, алган айлык акысы эркектерге салыштырмалуу аз экенин айтууга болот. Мындан тышкары, аялдар акы төлөнбөгөн үй жумуштарына көп убакыт коротушат, ал эми коомчулукта кыргыздын кыз-келиндери үй иштери менен алектенип, бала багышы керек, акчаны эркектер табат деген пикир басымдуулук кылат.

Татьяна Зеленскаянын «Клооп» үчүн иллюстрациясы.

Билим алууда дагы кыздар алдыда

Кыргызстанда кыздарга караганда эркек балдар көбүрөөк төрөлгөнү менен, 40 жашка жакындаганда артыкчылык аялдар тарапка оойт. Орто эсеп менен, аялдар эркектерге караганда 8 жыл узак жашайт.

Кыздар менен балдардын ортосундагы айырма билим алуу этабында да байкалат. Көп учурда кыздар толук орто билим алышат — 10-11-класстардагы кыздардын үлүшү 54%дан ашат. Эркек балдар 9-классты аяктап эле, эртелеп кесип алуу үчүн кетет.

Жогорку окуу жайларда дагы кыздар көбүрөөк. Университеттердеги студенттердин 52%ы кыздар. Алар негизинен билим берүү тармагындагы кесиптерге окушат.

Эмгек рыногунда аялдар караганда эркектер көп

Ошол эле учурда, жогорку билимдүү кыздар көбүрөөк экенине карабай эмгек рыногунда алардын саны эркектерге караганда аз.

Алсак, 2020-жылы жумушчу күчтүн курамындагы эркектердин катышы 75%ды түзсө, ал эми аялдардыкы 46%ды түзгөн.

«Коомдо гендерди кабыл алуу боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, эркектер менен аялдардын 80%га жакыны аял үй бүлөнү жана балдарды карашы керек, ал эми эркектер акча табышы керек деп эсептешет», — деп белгиленген билдирүүдө.

Бул аялдардын иштебегенинин бир себеби. Экинчи себеби — балдардын төрөлүшү.

25тен 34 жашка чейинки эркектердин 80%дан ашыгы иштейт — бирок ушул эле куракта аялдардын болгону 40%ы иштейт.

«Бул куракта аялдардын көбү балалуу болгонуна байланыштуу жумуштан кетет (никеге туруу жана биринчи наристесин төрөөнүн орточо жаш курагы 23-24 жаш). Аялдар менен эркектердин жумуш менен камсыз болуусундагы айырмачылык болжол менен 50 жашка барып кыскарат. Ал кезде балдары чоңоюп, аялдар жумушуна кайтып келе баштайт», — деп айтылат отчётто.

Ошол эле учурда, аялдардын арасындагы жумушсуздук, эркектерге караганда көбүрөөк.

Аялдар эркектерге караганда аз акча табышат

2021-жылы аялдар эркектерге караганда 5 475 сомго аз киреше табышкан. Ошондо аялдар айына орточо 16 525 сом тапса, эркектердики — 21 999 сом.

Мунун себеби, аялдар көбүнесе башка тармактарга караганда азыраак акы төлөнгөн социалдык чөйрөдө иштешет.

Аялдар көбүнчө кыймылсыз мүлк менен (96%), билим берүү тармагында (79%), саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө тармагында (78%) иштешет. Ушул эле тармактарда жетекчи аялдар дагы көбүрөөк.

Эркектер курулуш, кен казып алуу, транспорттук ишмердик жана жүктөрдү сактоо сыяктуу тармактарда эмгектенишет.

«Билим берүү жана саламаттык сактоо — экономикалык ишмердүүлүктүн эң аз акы төлөнгөн тармагы. Ал эми курулуш жана кендерди казуу — эң көп акы төлөнгөн тармактардын бири», — деп кошумчалашты Улуттук статкомдон.

Мамлекеттик жана жетекчилик кызматтарда аялдарга карганада эркектер көп

Өлкөдө жетекчилик кызматта иштеген аялдар 47%. 2021-жылдын башында чакан бизнести жетектеген аялдардын көрсөткүчү 30,5% түзгөн.

Мамлекеттик башкаруу тармагында да аялдар аз — жалпы мамлекеттик кызматкерлердин 39%ы гана аялдар. Муниципалдык кызматтарда 37%ы — аялдар, ал эми саясий жана атайын кызматтарда алардын саны болгону 24%.

Аялдар бош убактысын үй иштерине коротушат

Аялдар акы төлөнбөгөн үй иштерине көбүрөөк убакыт кетиришет: шаарларда үй иштери эркектердин бир саат убактысын алат, ал эми аялдар — 4 саат коротушат. Айыл жергесинде болсо, эркектер үй иштерине бир күндө бир саат бөлсө, аялдар — 5 саат алек болушат.

Пенсионер аялдар көп, бирок пенсияны аз алышат

2020-жылы 450 миңден ашык аял пенсияда болгон, ошол эле кезде эркек пенсионерлердин саны мунун жарымынан да аз болчу — 230 миңден ашуун. Пенсионер аялдар айына 5 410 сом, ал эми эркектер — 6 162 сом алышат.

Улуттук статистика комитетинин публикациясы Кыргызстандагы БУУнун аялдар түзүмү менен биргеликте даярдалды.

Материалдын авторлошу: Анна Капушенко.