«Эйр Манас» Орусияга каттамдарын марттын аягына чейин токтотту

«Эйр Манас» авиакомпаниясы Орусияга учууларын марттын аягына чейин токтотту. Бул тууралуу «Клоопко» компаниянын өкүлү кабарлады. Муну ал Орусиянын аймагындагы каттамдардын камсыздандыруусу жокко чыгарылганы менен түшүндүрдү.

«Биз камсыздандыруу маселесин жакын арада чечкенге аракет кылабыз», — деп билдиришти Эйр Манастан.

Буга чейин ушундай эле себеп менен казакстандык эки авиакомпания Орусияга учууларын токтоткон — Air Astana жана Qazak Air, бирок кийин экинчи компания бул оюнан кайткан.

Ал арада Орусиялык аэрофлоту 14-мартта Кыргызстанга учууларын жандантты — компаниянын тыныгуудан кийинки биринчи рейси Бишкекке саат 18:10до конгон.

Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдары

Орусиялык авиакомпаниялар санкциялардан улам эл аралык каттамдарын токтотту, анын ичинде Кыргызстанга да учактар учпай калды.

Биринчилерден болуп S7 Airlines менен «Азур эйр» компаниялары каттамдарды токтотуу чечимин кабыл алышкан, бирок кийин ишин кайра жанданткан.

«Аэрофлоттон» тышкары, Кыргызстанга Орусиянын «Уральские авиалинии» авиакомпаниясы учууларын улантууда.

Кыргызстандын «Авиатрафик» компаниясы Бишкек жана Ош шаарларынан Орусияга каттамдарын жүргүзүп жатат. Учуулардын графигин «Манас» аэропортунун сайтынан көрүүгө болот.

Украинага бастырып киргенден кийин Орусиянын авиакомпаниялары дагы бүткүл өлкө сыяктуу эле эл аралык санкцияларга туш болду. Орусиялык жарандык учактардын дээрлик жарымы лизинге(батыш компанияларынан ижарага алынган) алынган.

Санкциялардан улам ижарага берүүчүлөр учактарын Орусиядан чакыртып алууга милдеттендирилген. Эми орусиялык авиакомпаниялар ижарага алган учактар чет өлкөгө учса ошол жерде камакка алынышы ыктымал.

Орусиянын президенти Владимир Путин 14-мартта буйрук чыгарып, орус авикомпанияларына ижарадагы учактарга укуктарды каттоого уруксат берген.