Түркмөнстандын президенти болуп Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу шайланды

Түркмөнстанда өлкө президентин шайлоо аяктады. Бул тууралуу түркмөн БШКсынын сайтында айтылат.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Түркмөнстандын президенти болуп добуштардын 72,97%ын алган Сердар Бердымухамедов шайланды. Сердар Бердымухамедов учурдагы өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу. Буга чейин Сердар минкабдын төрагасынын орун басары болгон.

Түрмөнстандын Боршайкому «демократиялык принциптер менен өткөрүлгөн шайлоода жалпы тогуз талапкер ат салышып», ал эми добуш берүүгө 97,17% шайлоочу келгенин маалымдады.

Экинчи орунга шайлоочулардын 11,09% добушун алган талапкер чыкты. Калган талапкерлер болгону 1-2%дан добуш алган.

Сердар Бердымухамедов — президенттин жалгыз уулу. 2016-жылдан тартып парламент депутаты болгон. Түркмөнстан ТИМнин чет элдик басылмалар менен байланышуу боюнча департаментин жетектеген.

Гурбангулы Бердымухамедов — Түркмөнстандын кетип жаткан президенти, ал өлкөнү 2007-жылы биринчи өлкө башчысы Сапармурат Ниязов дүйнө салгандан кийин башкара баштаган. Гурбангулы Бердымухамедов отставкага кетүү ниетин 2022-жылы февралда билдирген.

«Өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабында мамлекеттик башкарууну заманбап талаптарга жооп берген, рухий чөйрөдө өскөн жаш жетекчилерге өткөрүп берүү тууралуу ойлорду колдойм», — деген Бердымухамедов.