Бир кадр менен: Шаардагы көлчүктөн Бишкек мэриясына дубай салам

Активист Алтын Капалова Фере жана Дачный көчөлөрүнүн кесилишинде жамгырдан кийин калган көлчүктүн ортосунда туруп Бишкек мэриясына кайрылуу жолдоду.

Сүрөт: Алтын Капалова

Капалова калаа мэриясына салам айтып, «жаандан кийин калган көлчүктөргө түшүү мүмкүнчүлүгү» үчүн ыраазычылык билдирди. Ал муниципалитеттин кызматкерлерин көчөгө чыгууга үндөп, аларга «көлчүк, суу болгон бут, кир кийим жана баткак» даяр турганын кошумчалады.

«Биздин салыктарды кылдаттык менен сарптап, инфраструктураны жакшы башкарып жатканыңыздар үчүн рахмат. [...] Балдарыбыз менен кеңсеге, мектепке, бала бакчага ылай болгон, суу бут кийим менен барганыбыз үчүн [рахмат]. Айрыкча ооруп калуу коркунучу кубантат. Резина өтүк сатып алууга шыктандырып жатканыңыздар үчүн [рахмат], себеби биздин башка чыгымдарыбыз аз эле да», — деп кайрылды ал мэрияга.

Муниципалитеттен «Клоопко» райондук кызматтарга жагдайды көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди деп жооп беришти.