Ошто S-LINE кооперативинин жетекчиси Бактыбек Аалиев кармалды

Шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБ

Ошто тургундарга үй алып берүүнү убадалаган S-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу ОШ ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, S-LINE кооперативинин жетекчисинин үстүнөн убадаланган үйдү ала албай жүргөн 24 кишиден арыз түшкөн. Арыздангандар адегенде кооперативге кирүү үчүн 218 миӊ сом акча төлөп, андан соӊ ай сайын үйдүн баасынын 25%, 35% жана 50% чейинки төлөмдөрүн төгүп турганын айтышкан.

Милициядан аталган кооператив «алдамчылык менен алектенген финансылык пирамида катары» иш жүргүзүүгө шектелип жатканын билдиришти.

«Алгачкы тергөө иштери көрсөткөндөй, кооператив айрым гана жарандарга үй алып берип, акчасын төккөн калган көпчүлүккө үй тийген эмес [...] Бүгүнкү күндө зыяндын өлчөмү 40 млн сомдон ашат», — деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык милициясынан тергөөнүн жүрүшүндө, S-LINE кооперативинин түштүк филиалы 2020-жылдын 23-сентябрында ачылып, 2022-жылдын 1-февралына чейин иштегенин белгилешти. Бул аралыкта кооперативге үй алуу үчүн жалпы 102 адам кайрылган.

Факты боюнча «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. ШИИБден шектүү катары кооперативдин төрагасы, Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну «А.Б» кармалып, 48 саатка камакка алынганын билдиришти. Бул инициалдар кооперативдин төрагасы Бактыбек Аалиевге туура келет.

S-LINE кооперативи

Буга чейин журналист Улукбек Карыбек уулу Ош шаарындагы турак жай кооперативдери тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда кооперативдерге акча салып, бирок үйгө жетпей калган жүздөгөн тургундар окуяларын айтып беришкен.

Иликтөөдө жабырлануучулардын бири акчасын да кайтара албагандыктан кооперативдин директору Бактыбек Аалиевдин үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазганын билдирген. Аалиевдин үстүнөн жалпы алты арыз түшкөн. Бирок жабырлануучулар милиция ишти жакшы тергебей жатканына нааразы болушкан.

Ал эми Бактыбек Аалиев журналистке курган маегинде, учурда S-Line’дын ишмердүүлүгү убактылуу токтогонун билдирген. Анын айтымында, кооперативге карата 2021-жылдын октябрь айынан тарта тергөө жүрүп, уюмдун негиздөөчүлөрүнүн ортосунда «түшүнбөстүктөр болуп жатат».

«Ар ким өз убактысында, үй ала тургандар үй, акчасын ала тургандар акчасын алат. Эч ким эч жака качкан жок, эч кимдикин бербей койгон жок, анан “үй алат, унаа алат, чет жака чыгып кетет” дегени…бул менин жеке өзүмдүн акчам, мен аларды элден сурап туруп кылбайм да. Мен ага чейин деле [чет өлкөлөргө] чыгып жүргөн адаммын [...] Биздин кооперативге эми бир жыл болуп жатат*. Келишим боюнча салымчылар бир жылда [турак жайды] алышат, эми убактылары келди», — деген ал.

Юстиция министрлигинин базасына ылайык, S-Line кооперативи 2020-жылдын сентябрь айында каттоодон өткөн.