Украина НАТОго кошулбайт, Киевдин коргонууга даярдыгы жана Байденге каршы санкция

Украинада Орусиянын кол салуусунан улам башталган согуш уланып жатканына 20 күн болду. Ал 24-февралда башталган.

БУУ 24-февралдан 15-мартка чейин согушта эң аз дегенде 691 жай тургун, алардын ичинде 48 бала каза тапканын жана 1143 киши жарадар болгонун билдирди. Бирок ал жактан курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүкүндүгүн айтышты.

«Жай тургундар каза таап же жарадар болгон учурлардын көбүнө кеңири аймактарды кыйратуучу жарылуучу заттарды, анын ичинен оор артиллерияларды жана бир эле учурда бир нече багытта ок чыгаруучу реактивдүү системаларды колдонуу, ошондой эле ракеталык жана авиа чабуулдар себеп», — деп айтылат уюмдун маалыматында.

«Медуза» басылмасы 15-мартта эртең менен орус аскерлери Киевди аткылаганын — снаряддар Подольск жана Святошинск райондорундагы турак үйлөргө тийгенин жазды.

Президент Владимир Зеленский украин шаарларына абадан сокку уруунун шартында Украинанын үстүнөн учууга тыюу салган зонаны камсыздап берүүдөн баш тартканы үчүн НАТОну сынга алып, Украина альянстын курамына алынбасын түшүнгөнүн билдирди.

«Украина НАТОго мүчө эмес экени анык. Муну түшүнөбүз. Биз адекваттуу адамдарбыз. Көптөгөн жылдар бою биз эшиктер ачык деген сөздөрдү угуп келдик, бирок ал жакка кире албасыбызды да уктук. Бул чындык, аны моюнга алышыбыз керек. Муну элибиз түшүнүп, өзүнө жана бизге жардам берген өнөктөштөрүбүзгө таяна баштаганы мени кубандырат», — деп келтирди «Интерфакс» Зеленскийдин айткандарын.

15-мартта бутага алынган Мариуполь шаарынан 20 миңдей киши гуманитардык коридор аркылуу чыгып кетти. Шаар бир жарым аптадан бери орус аскерлеринин бутасында турат, ал жерде согуштук аракеттер активдүү жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик расмий 2000дей жай тургун өлтүрүлгөнүн айтты, бирок Мариуполдун мэринин кеңешчиси реалдуу сандар алда канча көп болушу мүмкүн деп эсептейт — 20 миңге чукул.

Киевдин мэри Виталий Кличко шаарга эки күндүк үзгүлтүксүз коменданттык саат киргизди — ал 17-марттын таңына чейин созулат.

«Мен киевдиктерди эки күн үйдө калууга же жашынууга айгай алганча даяр болууга чакырам. Борбор калаа, Украинанын жүрөгү коргонууда болот», — деди ал шаар коргонууга даярдык көрөрүн белгилеп.

Өрт өчүрүүчүлөр Киевдин Подольск районундагы турак үйдөгү өрттү өчүрүп жатышат. Ага снаряд тийген. Сүрөт: Украианын ИИМи.

15-мартта орус аскерлери бутага алган Киевге поезд менен Польша, Чехия жана Словениянын өкмөт башчылары келди. Алар Зеленский менен жолугушуу өткөрүштү. Украин лидери премьер-министрлерге өлкөдөгү абал тууралуу айтып берди.

Украинанын премьер-министри Сергей Марченко өлкөнүн согуштан жоготуулары 500 млрд долларга жетиши мүмкүндүгүн билдирди.

«Көптөгөн логистикалык чынжырлар үзүлдү, көптөгөн ишканалар кыйрады, айрымдары согуштук режимде иштей албай жатат, көптөгөн жумушчулар кетип калды [...] [Зыянды] согуштан кийин гана так эсептеп чыгууга мүмкүн», — деди ал.

АКШ Орусиянын кол салуусунун шартында Украинага 13,6 млрд доллар өлчөмүндө жардам берүүнү чечти. Ал каражат украиналыктарга аскердик жактан колдоого жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү камтыйт. Бул каражаттар федералдык бюджет боюнча мыйзам долбооруна киргизилип, аны АКШ парламентинин төмөнкү палатасы жактырган, эми ал сенаттын (жогорку палата) кароосунан өтүшү керек.

Орусиядагы бийликчил «Биринчи канал» телеканалынын редактору Марина Овсянникова «Коомдук иш чараларды эскертүүсүз уюштуруу же өткөрүү» беренеси менен айыптуу деп табылып, ага 30 миң рубль айып салынды. Кеп Овсянникованын эфир учурунда студияга кирип барып, «Согушту токтоткула», «Согушка жол жок» деп айтканы тууралуу эмес, соцтүйүндөр аркылуу кайрылуу жасап, согушка каршы нааразычылык билдирүүгө чакырганы тууралуу болуп жатат.

Овсянниковага карата «атайылап коомчулукка жалган маалымат таратуу» жөнүндөгү жаңы кылмыш беренеси боюнча да текшерүү жүрүп жатат, анда 15 жылга кесүү жазасы каралган.

Марина Овсянникова «Биринчи каналдын» түз эфиринде «Согушту токтоткула» деп жазылган плакат менен.

Ал арада «Медуза» Орусиянын бийликчил телеканалдары «Биринчи канал», ВГТРК жана НТВдан журналисттер бошоп кете баштаганын жазууда. НТВнын алып баруучусу Лилия Гильдеева бошоп кеткен, ал каналда 2006-жылдан тартып иштеп жүргөн. Ушул эле каналдан 1993-жылдан бери кабарчы болуп эмгектенип келген Вадим Глускер да бошоп кеткен.

«Биринчи каналга» 1999-жылы келген кабарчы Жанна Агалакова да жумуштан кеткен.

Журналист Роман Супер ВГТРКдагы өздүк булактарына таянып, ал жактан да кызматкерлер кетип жатканын билдирди. «Баарынан да, “Россия-1” телеканалында жаңылыктарды алып барган диктор Сергей Брилёв жумуштан кеткени жатат» дейт ал. Улуу Британиянын жараны деп эсептелген Брилёвдун жумуштан кетүүсү боюнча азырынча расмий айтыла элек.

Орусия батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына жооп берүүнү улантууда. Ал 15-мартта АКШ президенти Жо Байден баштаган бир катар жогорку даражадагы америкалык чиновниктерге жеке санкцияларды киргизди. Ошондой эле бул санкция Канаданын премьер-министри Жастин Трюдого карата да киргизилди.

Ал эми АКШ Байденге карата салынган санкцияга күлүп гана жооп берди. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки АКШ Орусиянын санкцияларына «эптеп айласын табар» деп билдирди. Ошондой эле ал АКШ президентинин аты Жо Байден (кенжеси) экенин, ал эми Орусия Байдендин маркум атасына санкция киргизди окшойт деп билдирди.