Коомдук жана саясий ишмерлер президенттен Бейшеналиевге чара көрүүнү өтүнүштү

14-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук ооруканасындагы Эрнстр Акрамовдун институту жабылганын билдирген. Ошондой эле министр Акрамовдун дарегине кемсинткен сөздөрдү айткан.

Ошол эле учурда кыргызстандыктар социалдык тармактарда Акрамов алардын жана жакындарынын өмүрүн сактап калганын жазып, саламаттык сактоо министрине нааразылыктарын билдире башташкан.

Натыйжада мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, саясатчылар Ирина Карамушкина, Исхак Масалиев, Адахан Мадумаров, Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова жана башка таанымал коомдук жана саясий ишмерлер президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Ишмерлер парламенттин спикери Талант Мамытовго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Акыйкатчы институтунун төрайымы Атыр Абдрахматовага да кат жөнөтүштү.

Алар «акыркы бир нече күндөн бери саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев конституциялык принциптерди одоно бузуп жатканына күбө болушканын» билдиришти.

«Министр жогорку кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бүткүл өмүрүн бейтаптарды тейлөөгө арнаган, элдин урмат-сыйына ээ болгон, эмгек сиңирген дарыгер Эрнст Акрамовду коомчулуктун алдында кемсинтти», — деп жазышты ишмерлер.

Алар кайрылууда «демократиялуу Кыргызстанда адам укуктары жогорку баалуулукка кирерин жана эч ким улутуна, этникалык же жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу басмырлоого кабылбашы керектигин» деп кошумчалашты.

Кайрылуунун авторлору министрдин мындай сөздөрүнө президент жана өкмөт тарабынан тийиштүү баа берилип, реакция кылынбай жатканына нааразы болушту.

«Министрдин Эрнст Акрамовго оройлук менен терс баа бергени чектен чыкккандык. Бул кылмыш иши болуп саналат. Бейшеналиев мыйзамда белгиленген кызматтык этиканы тааныбайт. Тилекке каршы, министрдин сүйлөгөн сөздөрү өкмөт менен президенттин тийиштүү реакциясына алынбай жатат», — деп жазышкан ишкерлер.

Алар «өз жүрүм-туруму менен мамлекеттик органдарды уят кылып жаткан» «менменсинген» министрге адекваттуу чаралар көрүлөт деп үмүттөнүшөт.

Ал арада депутат Дастан Бекешев дагы парламенттин 17-марттагы жыйынында президент Садыр Жапаровдон саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жүрүм-турумуна көңүл бурууну суранды. Бекешевдин айтымында, Бейшеналиев саламаттык сактоо системасында реформасын утурлай өлкөнүн белгилүү врачтарын коомлуктун алдында кемсинтип жана жумуштан бошотуп жатат.

«Жарандарыбыз бийлик эмне кылып жатканын карап турат. Эгер бийликте кимдир бирөөгө кадыр-барктуу дарыгерди кемсинтүүгө, жолдун каршы тилкесинен айдоого жол берилсе, анда жарандарыбыз деле өздөрүн ошондой алып жүрө башташат да. Менимче, саламаттык сактоо министринин эл алдындагы акыркы кылык-жоругуна президент өзү реакция кылышы керек», — деди Бекешев.

Эл өкүлүнүн пикиринде, учурда коомчулук «Бейшеналиевди кызматка президент өзү дайындагандыктан чиновниктин ушундай жүрүм-турумуна жол берүүдө» деп ойлоп жатат.

Окумуштуу-хирургду Чүй облустук бириктирилген ооруканасындагы кесиптештери да колдоого алышты.

Врачтар жана хирургиялык бөлүмдүн эмгек жамааты Акрамовду коргоо штабын түзүштү. Алар «эгер президент менменсинген аткаминерди кызматтан албаса жана Бейшеналиев эл алдында кечирим сурабаса штаб активдүү аракеттерге барарын» билдиришти.

Профессордун кесиптештери Бейшеналиевди улуттар аралык кастыкты козутуп, сый-урматка татыган адамдын кадыр-баркына шек келтиргени үчүн жоопко тартуу максатында адвокат жалдап УКМКга жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылууну көздөшөт.

Акрамовдун жумуштан бошотулушу

14-мартта Бейшеналиев Чүй облустук ооруканасындагы Калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын белгилеп, аны жетектеген хирург Эрнст Акрамов кызматтан алынганын, облустук ооруканага жаңы башкы дарыгер дайындаганын кабарлаган.

Эрнст Акрамов — окумуштуу – хирург, медицина илимдеринин доктору. 1992-жылдан бери Чүй облустук оорканасынын жалпы хирургия бөлүмүн жетектеп келген.

«Акрамовдун институтун жаптым. Болду иштебейт. Ал жерге жаңы башкы дарыгерди дайындадым. Акрамов кайда барат билбейм, өзү иштебесе. Ошол жерде жашайт экен, жашай берсин. “Кууп чыгуунун кереги жок, жашай берсин” дедим. Үйү, тууган-туушкандары жок экен, жашай берсин», — деген Бейшеналиев.

Кыргызстандыктар Чүй облустук ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымын ыйгаруу, ошондой эле ага батир берүү боюнча петиция түзүшкөн.

Анда Бейшеналиев Акрамов ысымын бүтүндөй бир оорукана бермек түгүл бир бөлүмгө да ыйгарууга татыксыз деп айткан.

«Ал далдыр. Мен аны менен чогу иштегем. Кыргыздарды жек көрөт! Кыргыздарга ушундай мамиле кылган», — деп айткан Бейшеналиев.

Бирок 2021-жылы министр Чүй облустук бириктирилген ооруканасына Эрнст Акрамовдун атын ыйгаруу жөнүндөгү өтүнүчкө кол койгон.