Парламент Исфана шаарына Раззаковдун ысымын берүү сунушун жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары 16-марттагы жыйында Баткен облусунун Исфана шаарына Исхак Раззаковдун ысымын берүү тууралуу мыйзам долбоорун дароо үч окуудан кабыл алышты.

«Мен Лейлектин кулуну катары айтып коёюн, бул маселе абдан туура маселе. Ушуну менен эле чектелип калбастан, Исхак Раззаков ким болгон, кеминде, Баткен облусуна Исхак Раззаковдун атын бериш керек», — деп сунуштаган добуш берилгенге чейин депутат Чыңгыз Ажибаев.

Жыйынтыгында жыйынга катышкан 69 депутатын баары Исфанага Раззаковдун атын берүү сунушун колдошту.

Бир катар басылмалар депутаттар чечим кабыл алынганга чейин эле шаардын кире беришиндеги аталышты алмаштырып коюшканын жазышууда.

Сүрөт: Kaktus.media.

Исфана шаарына Исхак Раззаковдун ысымын ыйгаруу демилгесин президент Садыр Жапаров көтөргөн. Раззаковдун ысымы буга чейин шаардын аэропортуна жана Лейлек районундагы көмөк чордонго да ыйгарылган.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда азыркы Баткен облусундагы Хорасан айылында туулган. Ал советтик партиялык ишмер жана Кыргызстандын Компартиясынын биринчи катчысы болгон.

Раззаков 1979-жылы Москвада каза болгон. 2000-жылы сөөгү Кыргызстандагы Ала-Арча көрүстөнүнө алып келинип, кайрадан жерге берилген. 2010-жылы көзү өткөндөн кийин ага Кыргызстандын баатыры наамы ыйгарылган.