Бир кадр менен: Көчмөн менен ковбой бирге жарышта

Сүрөт: Акипресс

18-19-март күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча жолдоштук беттештер өтүп, ага америкалык ковбойлор менен Кыргызстандын курама командасы катышты. Мелдеш «Көчмөн менен ковбой бирге жарышта» долбоорунун алкагында ишке ашкан.

Американын командасында 2016 жана 2018-жылдардагы Көчмөндөр оюндарында Кыргызстанга келип оюн көрсөткөн ковбойлор да болду. Алар: жиу-житсу боючна спорт чебери Ник Уиллерт, журналист Уил Грант, родео турнилеринин катышуучусу Лэдд Хауэлл, ошондой эле АКШнын Көчмөндөр спорт федерациясынын директору Скотт Циммерман.

Мелдештин биринчи оюну кыргыз курамасынын 6:5 эсебиндеги жеңиши менен аяктап, экинчи оюнда ковбойлор 8:6 эсебинде алдыга чыккан.«Көчмөн менен ковбой бирге жарышта» долбоору АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамиленин 30 жылдыгына арналган.

Американын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, ковбойлор жарым ай, 15-марттан 30-мартка чейин Ысык-Көл облусунда болушат. Алар көк бөрүдөн тышкары эр-эңиш оюнуна катышып, мастер-класттарды өткөрүшөт.

«20 жана 21-мартта ковбойлор Бишкекте Нооруз майрамына катышышат, улуттук телеканалдардын таӊкы шоуларына, ошондой эле Сокулук районундагы балдардын реабилитациялык борборуна барышат», — деп билдиришти элчиликтен.