Үндөн ылдам «Кинжал» ракетасын колдонуу, бутага алынган Мариуполь. Украинадагы согуштун 24-күнү

Орусия Украинага кол салгандан бери 24 күн өттү. Орусия каза тапкан же туткунга түшкөн аскерлери тууралуу дагы деле маалымат бере элек. Бул тууралуу украин тарап гана кабарлап жатат. Украинанын шаарлары менен айылдары дагы деле аткыланып жатат.

Украина эмне дейт?

Орусия туткундагы жана каза тапкан аскерлеринин санын ачыктабай жаткан чакта Украина 562 орус аскери туткунда экенин билдирди.

Орусия Николаев шаарындагы казармага сокку урду — урандылардын алдынан 50 адамдын сөөгү алынып чыкты, дагы 57 адам жарадар болду.

Херсон облустук администрациясынын башчысы Геннадий Лагута орус аскерлери аймакка гуманитардык жүктү өткөрбөй койгонун айтты.

Чернигов аткылоого кабылды.

Украинанын куралдуу күчтөрү орус аскерлери Киевди бутага ала албай, Украинанын сол тарабында көзөмөл да орното албай койгонун билдирди.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук өлкөнүн батыш чек арасынан 3,3 млндон ашык качкын чыгып кеткенин маалымдады.

Президент Владимир Зеленский Швейцарияга орус олигархтарын бул өлкөдө жашоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну сунуштады. (Буга чейин соцтармактарда мурунку олимпиада чемпиону, экс-депутат Алина Кабаеваны жогоруда айтылган мамлекеттин жарандыгынан ажыратууну сунуштаган петиция пайда болгон).

Орусия эмне дейт?

Орусиянын Коргоо министрлиги биринчи жолу Украинада үндөн ылдам «Кинжал» ракеталарын колдонгонун билдирди.

ЛЭРдин аскерлери Лисичанск шаарынын түндүк чегине чыгышты.

ДЭРдин аскерлери Тарамчук калктуу конушун көзөмөлгө алышты.

Орусия украин аскерлеринин ракета жана авиациялык ок-дарылары сакталган жертөлөдөгү кампасын атууну көздөгөн, бирок «Кинжал» ракетасы Ивано-Франковск облусунун Делятин аймагына барып түшкөн.

Эл аралык уюмдар эмне дейт?

ЮНИСЕФ согуштун айынан 24 күндүн ичинде украиналыктардын 1,5 млндон ашуун баласы качкынга айланганын маалымдады.

БУУнун Жогорку комиссар башкармалыгынын маалыматы боюнча, Орусия Украинага кол салгандан бери 847 жай тургун, анын ичинде 64 жаш бала каза тапкан. Мурдараак Украина 109 бала курман болгонун айткан.

БУУ алдын ала гана маалымат бергенин, чындыгында каза тапкандардын саны көп экендигин түшүндүрдү.

Украина чет элдик басылмалардын көзү менен

The Guardian басылмасы орус аскерлери бутага алган Мариуполь учурда кандай экенин көрсөттү.

Жөн эле түс

Орусиялык космонавттар Олег Артемьев, Денис Матвеев жана Сергей Корсаков Эл аралык космос станциясына көк чаптамалары бар сары скафандр кийип келишти. Роскосмос сары түстөгү скафандрлардын Украинаны колдоо менен эч байланышы жоктун, алардын түсү коңшу өлкөгө кол салууга чейин эле кабыл алынганын билдирди.

«Жаңы экипаждын учак костюмдары Бауман атындагы мамлекеттик техникалык университеттин эн белгисинин түсүндө жасалган, үч космонавт тең аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү», — деп түшүндүрдү Роскосмос.

Бирок басылмалар негизи космонавттардын башка түстөгү деле скафандрлары бар экенин, сары-көк түстү тандоо жөн эле кокустук болбошу мүмкүн деп жазышкан.