Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаарынын борбордук аянтында 21-мартта Нооруз майрамы белгиленди. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, калаа башчысы Алмаз Мамбетов, депутаттар Сүйүн Өмүрзаков жана Фархат Исмаилов катышты.

Ошондой эле аянтка шаардын тургундары жана коноктору келип майрамдык салтанатка күбө болушту. Ош шаарында Нооруз майрамы кандай белгиленгенин «Клооп» даярдаган сүрөт баяндан көрүңүз.

Сүрөт: Ош мэриясы

Иш-чара таңкы саат тогузда Мээрим паркында даярдалган сүмөлөк ачуу аземи менен башталды. Андан соң борбордук аянтта майрамдык концерт өттү.

Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Ош мэриясы
Сүрөт: Ош мэриясы
Сүрөт: Ош мэриясы
Сүрөт: Ош мэриясы
Сүрөт: Ош мэриясы
Сүрөт: Ош мэриясы
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Ош мэриясы
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop

Мындан сырткары майрамда улуттук оюндар жана мелдештер өткөрүлдү. Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов калаа башчысы Алмаз Мамбетов менен теннис ойноду.

Ошондой эле «Ордо» улуттук оюну, аркан тартышмай, тогуз коргоол боюнча мелдештер уюштурулду. Ал тургай түштүк аймактын белгилүү даамдарынын бири мантыны «ким тез жейт» деген сынак өттү.

Сүрөт: Ош мэриясы
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Ош мэриясы
Сүрөт: Ош мэриясы

Майрамга карата салтка айланган жарманке да өттү. Ага улуттук тамактардан тартып ат жабдыктарына чейин коюлду.

Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop
Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop

Ош мэриясы аталган майрамды өткөрүү үчүн жалпысынан 1 млн 544 миң сом акча коротту — бул былтыркыдан дээрлик үч эсеге көп. Бул суммага «сахна жасалгаланып, чыгармачыл топтун акысы төлөндү».