Бир каттын тарыхы. Дакен Акматов сүргүндөгү атасын кантип издеген?

Дакен Акматов 90 жашта. Ал Ысык-Көл облусунун Темир айылында жашайт.

Метериалдын түп-нускасы Esimde долбоорунун сайтында жарык көргөн.

Акматов Дакен ата 90 жашта. Эсимде Украинадан алып келген архивдик документтерге байланыштуу Ысык-Көл облусунун Темир айылынын тургуну Акматов Дакен атадан интервью алганы бардык. Анын ата-энеси 1930-жылдары кулакка тартылып, Украинанын түштүк аймагына сүргүнгө айдалган.

Молтоев Акмат Дакен атанын атасы, 1938-жылы Украинанын Скадов районунда сүргүндө жүрүп, «эл душманы», «убагында басмачыларга жардам көрсөткөн», «контрреволюциялык идеячыл» деп айыпталып, 1938-жылы атууга кеткен.

Молтоев Акматтын өздүк иши. Архивдик документ «Эсимде» тарабынан алынып келинди.

Молтоев Акматтын атууга кеткени үй-бүлөсүнөн жашырылып, балдары атасынын кийинки тагдырын билишкен эмес. Молтоев Акматтын жубайы жана уулу Дакен 1944-жылы Кыргызстанга кайтып келишкен. Дакен ата 1960-жылы К. Ворошиловго атасын издеп, атасынын тагдырын билүү максатында мындай кат жазган:

«Атам Акмат Молтоев, “Жаңы Жол” колхозунун колхозчусу, азыркы Украина ССРинин Херсон облусунун Чалбасы айылында, 1937-жылы айылдын башка эркектер менен бирге түн ичинде камакка алынган. Эмне үчүн, кайсы кылмышы үчүн алардын камалганы белгисиз бойдон калууда. Ал кезде мен болгону 5 жашта элем, атамды эстей дагы албайм.Атам жөнүндө карыган энемдин айтуусунан, эскерүүсүнөн гана билем. Атамдын башына түшкөн тагдырды мага кабарлап коюңузду өтүнөм.

Сураныч, баш тартпаңыз 01/20/1960»

Дакен атанын атасын издеген каты

Бул катты биз Херсон облустук архивинен таптык. Эң эле өкүнүчтүүсү каттын жообу төмөндөгүдөй калп болгон:

«Акматов Дакен чакырылып, 1938 -жылы атасы Молтоев Акмат 10 жылга эмгек лагерине кесилгенин жана жазасын өтөп жүргөндө 1944 -жылдын 30-сентябрында жүрөк оорусунан каза болгонун тапшырылган арыз боюнча оозеки түрдө билдирүүнү суранам».

1938-жылы атууга кеткен адамдардын тагдыры үй-бүлөөлөрүнөн жашырылган.

Дакен атанын катына жооп

Esimde
Тарыхтагы жана элдин эсинде көмүскөдө калган окуяларды, фактыларды, процесстерди изилдөө жана аңдап түшүнүү боюнча талкуу аянтчасы. Бул аянтчага XX-XXI кылымдардагы Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхына көз чаптырып, салым кошууга ынтызар, ар түрдүү кесип ээлеринин өкүлдөрү чогулган. Миссиябыз – коомчулуктун Кыргызстандын XX-XXI кылымдардагы тарыхы менен элдин эсинде калган окуяларды аңдап түшүнүүсүнө түрткү берүү.