Абдил Сегизбаевдин бөгөт чарасы 20 майга чейин узартылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитенин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 20-майга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды. Маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма-сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, УКМКнын тергөө кызматы 18-мартта сотко Сегизбаевди мекеменин тергөө абагында кармоо мөөнөтүн 2022-жылдын 20-майына чейин узартууну суранып кайрылган.

Сегизбаевдин онкологиялык дарты

Абдил Сегизбаевдин жактоочусу Кайсын Абакиров 24-мартта «Клоопко» УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев онкологиялык дартка чалдыкканын билдирген.

Адвокат Сегизбаевде туруксуз стенокардия жана калкан безинин рагы бар экенин айтып берген. Анын айтымында, УКМКнын экс-төрагасынын дарты өкмөттүн токтому менен бекитилген оор илдеттердин тизмесине кирет жана аны УКМКнын тергөө изоляторунда кармоого болбойт.

«Сегизбаевдин абалы оорлоп баратат. Ага операция жасалганы турат, ал эми ТИЗОдо калуусунун кесепети начар болушу ыктымал. Сот жыйынында баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин биз чогу чечебиз», — деген Абакиров.

Сегизбаев эмне себептен ТИЗОдо?

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев 25-январда «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча, Алмамбет Шыкмаматов жана «башка адамдардын» кайрылуусунун негизинде кармалган.

Кармоо 2016-жылы чуу жараткан «Белизгейт» деп аталган ишке байланыштуу болгон. Бирок бул саясатчыга каршы козголгон алты иштин бирөөсү гана.

2016-жылы Сегизбаев УКМКнын башчысы болуп турган кезинде «Ата Мекен» партиясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов «Мегаком» байланыш операторунун акцияларына ээлик кылышкан деп билдирген. Сегизбаев далил катары Белиз өлкөсүнөн алынган делген документтерди көрсөткөн. Депутаттар документтерди «өтө орой жасалмалоо» деп аташып, Сегизбаевди сотко да беришкен, бирок утулуп калышкан. Ошол эле убакта үч депутатка карата башка иштер боюнча айыптоо өкүмдөрү чыккан.

Сегизбаевдин ордуна УКМКнын башчысы болуп Идрис Кадыркулов келгенден кийин Белиздеги документтер атайын кызматка келбегени белгилүү болгон.

Сегизбаевге каршы иштердин калгандары УКМКнын кызматкерлерине батир, энчилүү курал, жер участокторун, ал тургай атайын кызматтын айрым өкүлдөрүнө бюджеттин эсебинен командировка берүүгө байланыштуу.

Ал эми Сегизбаев жана анын жакындары бардык айыптарды четке кагып, аны «саясий өч алуу» деп айтышууда. Сегизбаев 10-январда мөөнөтүнөн мурун өткөрүлгөн президенттик шайлоого катышып, 17 талапкердин ичинен бешинчи орунду ээлеген жана шайлоочулардын 1,46% добушуна ээ болгон.

Ал президенттик шайлоо учурунда атаандашы, учурдагы президент Садыр Жапаровду кескин сынга алып, аны бозгун президент Курманбек Бакиев менен «тыгыз байланышта» деп билдирген.