Бул Мээргүл. Ал 32 жашта. 2021-жылы октябрда үчүнчү баласын — көп күттүргөн уулун төрөгөн. Төрөт оор өткөн, наристенин салмагы болгону 2,3 килограмм болчу.

«Кош бойлуу кезимде эч кандай маселе болгон эмес, бирок акыркы айда шишип баштадым, тез эле кан басымым көтөрүлүп кетти. Ооруканага бардым, эртеси күнү кесарево жолу менен көз жардым», — дейт Мээргүл.

Мээргүлдүн айтымында, төрөттөн кийин дароо эле уулун көкүрөгүнө жаткырышкан. Врачтар баланын салмагы азыраак болгону менен, ден соолугу жакшы экенин айтышкан.

«Баламды сегиз жылдык тыныгуудан кийин төрөдүм. Ошондо бактылуу болгонумдан ыйлап жаттым, анткени бул наристени көпкө күткөм. Врачтар абалымдын оордугуна карабай мага да, балама да өз учурунда жардам көрсөткөнүнө сүйүнөм», — дейт ал.

Уулуна Эрхан деген ысым беришкен. Азыр ал алты айлык болуп калды. Мээргүл көз жарган учурду жылуу эскерип, айтып бергенден тажабайт. Анын айтымында, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын шарттары сегиз жыл мурдагыга караганда кыйла жакшырыптыр.

«Төрөт үйү оңдоп-түзөөдөн өтүптүр. Төрөт залдары көбөйгөн. Имарат эски болгону менен палаталар жылуу. Врачтар менен медайымдар жаңы төрөлгөн ымыркайга кам көргөндү, туура эмизгенди үйрөтүп, көрсөтүп берип жатышты.

Сегиз жылда көп нерсе өзгөрүптүр. Бул жолу баланы мурдагыдай башка бөлмөгө алып кетишкен жок. Атайын орундукка жаткырып, менин көз алдымда биринчи жардам көрсөтүштү», — деп белгилейт ал.

Мээргүл менен уулунун окуясы — бала менен эненин өмүрүнө эч нерсе коркунуч туудурбаган бактылуу учурлардын бири.

Ошол эле учурда, Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү азайганына карабай — акыркы 15 жылда 40%дан ашык — азырынча өлкөдө жаңы туулган балдардын чарчап калышы жогору бойдон калууда.

Кыргызстандагы ымыркайлардын өлүмү Түркмөнстан менен Тажикстанга салыштырмалуу төмөн, бирок Казакстан менен Өзбекстанга салыштырганда жогору.

Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмүн азайтууга таасир эткен факторлор.

  • Дарыгерге көрүнүү. Аялдардын 100%ы төрөткө чейин жок дегенде бир жолу, 95%ы кош бойлуу кезинде төрттөн көп жолу дарыгерге көрүнүшкөн.
  • Кайра багыттоо системасы. Кыргызстанда кош бойлуулук оор өтүп жаткан аялдарды облустук же улуттук ооруканаларга жөнөтүшөт.
  • Эмчек эмизүү. Кыргызстанда ымыркай төрөлгөндөн кийин алгачкы сааттарда эмчек эмизген аялдардын саны артып барат.

Кошумчалап кетүүчү жагдай, саламаттык сактоо министрлиги ымыркай төрөлгөн үйлөрдү кыдыруунун механизмин бекиткен. Мында дарыгер менен медайым төрөт үйүнөн чыккандан кийин эне-баланын акыбалын сурап турат.

Аны менен катар, врачтар эне-балага аралыктан кеп-кеңеш берет — үй-бүлөлүк дарыгерлер жана фельдшердик-акушердик пункттардын деңгээлинде телемедицина ишке киргизиле баштады. Бул жагдай алыскы айылдарга жашап, врачка кела албаган аялдарга өз учурунда жардам алууга шарт түздү.

Ымыркайлар эмне себептен чарчап калышат?

Улуттук статкомдун маалыматына караганда, ымыркайлардын чарчап калуусунун негизги себеби — эненин кош бойлуу кезиндеги айрым бир абалдар. 2020-жылы бул категорияга бардык өлүм менен аяктаган окуялардын жарымынан көбү кирди.

Ымыркайлар курсакта жакшы өрчүбөй калгандыктан жана дем алуу органдарынын ооруларынан чарчап калышат. Айрым учурларда наристенин көз жумушуна сепсис же ара төрөлүү себеп болот.

Райондук ооруканаларда чарчап калган ымыркайлардын жарымынан көбү маалына жетпей төрөлгөн. Облустук жана улуттук деңгээлдеги мекемелерде ара төрөлгөн балдардын арасындагы өлүм учурлары 80%дан өйдө.

Айылдарда беш жашка чейинки балдар арасындагы өлүм шаарларга салыштырмалуу бир жарым эсе көп. Ошондой эле, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө балдар арасындагы өлүм турмуш-шарты жакшы үй-бүлөлөргө салыштырмалуу эки эсеге жогору.

2018-жылы жүргүзүлгөн кластердик изилдөөлөргө караганда, билим деңгээли төмөн аялдар арасында наристелердин чарчап калуусу көп катталат.

Кыргызстанда 2020-жылга чейин ымыркайлардын өлүмүнөн тышкары, төрөт учурунда көз жумган аялдардын саны да кыскарган. Бирок, энелердин өлүмү дагы жогору бойдон калууда — 2016-жылдан бери жыл сайын дээрлик 50 аял төрөт учурунда өмүрү менен кош айтышкан. Ал эми 2020-жылы төрөттөн көз жумган аялдардын саны 57ге жеткен.

Эне менен баланын өлүмүн алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда ымыркайлар менен энелердин ден соолугун жакшыртууга жана өмүрүн сактап калууга багытталган чаралардын планын иштеп чыккан. Ведомство төрөт үйлөрүн заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздап, аны менен катар медициналык кызматкерлердин компетенттүүлүгүн арттырууну пландап жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюумунан төрөттү жогорку квалификациядагы адис кабыл алса, көз жарган энелердин өлүмү менен аяктаган кейиштүү окуяларды болтурбай коюуга болорун белгилешет. Алар төрөттөн кийин кан кеткен учурда токтотот, инфекциялык оорунун биринчи белгилерин аныктай алышат жана кан басымы бийик болгон кезде алгачкы жардам көрсөтө алышат.

Эне менен баланын ден соолугу бири-бири менен тыгыз байланышкан. Ымыркайлардын арасындагы өлүмдү анализдөөнүн (ЮНИСЕФ) жыйынтыгына ылайык, эненин тамактануусу баланын ден соолугуна жана жашап кетишине чоң таасирин тийгизет. Кош бойлуулар жана энелер сөзсүз түрдө темир, фолий кислотасын жана йод ичүүгө тийиш. Мамлекет балдардын жана энелердин зарыл болгон азыктар менен камсыз болушуна көңүл бурушу керек.

Бул өнөктөш материал ЮНИСЕФ менен биргеликте, Жапон өкмөтүнүн колдоосу менен даярдалды. 

Текст: Айгерим Рыскулбекова

Редакторлор: Айдай Иргебаева жана Анна Капушенко

Кыргызчалаган: Бегайым Талантбекова

Иллюстрация: Алина Печёнкина

Сүрөт: Тойчубек Боронбаев; ЮНИСЕФ