Коллаж: Джеймс О’Брайен

Баасы кымбат болгону аз келгенсип, кызмат көрсөтүү сапаты дагы начар болгон үчүн дайыма элдин сынына кабылган өлкөдөгү жападан жалгыз «Алтын Асыр» уюлдук байланыш оператору түркмөн рыногундагы монополисттик абалын кыянат пайдаланат. Негиздөөчүлөрдүн ысымдары ачык айтылбайт, бирок журналисттер компанияны президенттин тууганы башкарарын аныкташты.

Иликтөөнүн урунттуу учурлары:

  • 2011 — 2012-жылдары Түркмөнстандын авторитардык лидери Гурбангулы Бердымухамедов мамлекеттик «Алтын Асыр» мобилдик операторуна бюджеттен 170 млн доллар бөлүп, андан соң бул компаниянын менчик формасын өзгөртүп, негиздөөчүлөрүнүн ысымдары ачыкталбай турган жабык акционердик коомго айланткан.
  • Кийин Түркмөнстандын бийлиги «Алтын Асырдын» жападан-жалгыз атаандашын өлкөдөн сүрүп чыгарып, компанияны уюлдук байланыштын ички рыногунда монополистке айланткан.
  • 2019-жылы Бердымухамедовдун жээнинин күйөөсү Шихмурат Шахарлиев жашыруун түрдө «Алтын Асырдын» башкы директору болуп дайындалган.
  • Шахарлиев «Алтын Асырдын» башчысы катары коомдук иш-чараларга катышпайт жана жеке жашоосун ачыкка чыгарбайт. Ошентсе да OCCRP’нин журналисттери Шахарлиев бери дегенде эки ресторан комплексин тескей турганын, ал эми үй-бүлөсү байманалуу турмушта жашаарын аныкташты.

Түркмөнстандын көпчүлүк жашоочулары Шихмурат Шахарлиевди билишпейт. Анын ысымы интернетте да дээрлик жок, соцтүйүндөрдү колдонбойт жана коомчулукка да чыкпайт.

Бирок бул адамдын карапайым түркмөндөрдүн күнүмдүк турмушундагы таасири биз ойлогондон алда канча чоң. Ал ачык айтылбаганы менен «Алтын Асыр» («Алтын Доор») жабык акционердик коомунун, — Түркмөнстандагы жалгыз байланыш операторунун башкы директорлук кызматын аркалап келет. Бул өлкөдө телекоммуникация тармагы катуу көзөмөлгө алынып, цензура күчтүү.

Шихмурат Шахарлиев 2022-жылы президенттик тактыны баласы Сердарга өткөрүп берген диктатор Гурбангулы Бердымухамедовдун жээнине үйлөнгөн.

Түркмөнстандын жашоочулары «Алтын Асырдын» (TMCell бренди менен таанымал) кызмат көрсөтүүсүнө ар дайым нааразы болуп келишет. Керек болсо Бердымухамедов өзү да буга чейин компаниянын ишин сындап, ошол кездеги жетекчилигин компетенттүү иш алып барбай жатат деп айыптаган.

OCCRP, Turkmen.News жана Gundogar.org’дун жаңы иликтөөсү «Алтын Асыр» компаниясынын сапатсыз кызмат көрсөтүүсүнө материалдык ресурстардын жетишсиздиги себепкер эмес экенин көрсөтүп турат. 2011-2012-жылдары Бердымухамедов инфраструктураны модернизация кылуу үчүн компанияга 170 млн доллардан ашык каражат бөлгөн. Көп өтпөй «Алтын Асырдын» менчик формасын өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол койгон: мамлекеттик уюлдук байланыш ишканасы негиздөөчүлөрү менен акционерлеринин ысымын ачыкка чыгарбай турган жабык акционердик коомго (ЖТАК) айланган.

2022-жылдын март айында президенттик тактысын уулуна өткөрүп берген Түркмөнстандын диктатору Гурбангулы Бердымухамедов. Сүрөт: ИТАР-ТАСС / Alamy Live News

Аз келгенсип, өкмөт 2017-жылы «Алтын Асырды» монополист кылып, анын жалгыз атаандашы — Орусиянын эң чоң оператору МТСти өлкөдөн сүрүп чыгарган.

2019-жылы Шахарлиев компаниянын башкы директору болгон. «Алтын Асыр» формалдуу түрдө мамлекеттен көз карандысыз болгондуктан буга президенттин жарлыгы талап кылынган эмес. Шахарлиев компанияга директор болуп дайындалгандан кийин, Бердымухамедов компанияны коомчулук алдында сындаганын токтотуп, тейлөө сапаты тууралуу эч нерсе айтпай калган.

«Алтын Асырдын» менчик ээлеринин жашыруундугу, компаниянын жетекчилигине Шахарлиевдин тымызын дайындалышы жана МТСтин өлкөдөн сүрүп чыгарылышы — Түркмөнстандын уюлдук байланыш рыногун президенттин үй-бүлөсү толугу менен көзөмөлдөйт деп божомолдоого негиз болот. Ошондой болсо да, өкмөт «Алтын Асырга» бюджеттен ири өлчөмдөгү каражат жумшаганын токтоткон жок.

«Алтын Асырдын» башкы директору коомчулукка чыкпагандыктан, анын кирешеси, жашоо образы жана адаттары тууралуу маалыматтар өтө аз. Ага карабастан, Шахарлиев Бердымухамедов кланынын башка өкүлдөрү сыяктуу эле бай жашайт деп айтууга негиз бар. Үй-бүлө бир катар ресторандарга, түнкү клубдарга ээлик кылат, ал эми Шахарлиевдин уулу соцтүйүндөрдө кымбат кол сааттары менен мактанып калат.

Журналисттердин Шихмурат Шахарлиевден комментарий алууга жасаган аракетинен майнап чыккан жок.

«Алтын Асырдын» Ашхабад шаарындагы башкы кеңсеси. Сүтөр: «Алтын Асыр»

Жөнөкөйлүктөн модернизацияга

«Алтын Асыр» компаниясы Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун жарлыгы менен 2004-жылы негизделген.

Ниязов 15 жылдык башкаруусунда өзүн өлкөдө культка айлантып, эл аралык коомчулукка керт башына сыйындырган ашынган маниялуу фантазиясы менен таанылган. Ал январь жана апрель айларынын аталышын өзүнүн жана апасынын атына өзгөрткөн, окуу жайларда милдеттүү окутулууга тийиш болгон философиялык китеп жазып, ошондой эле күндү кубалап бурулуп турган өзүнүн алтын айкелин тургузган.

Бул авантюралык долбоорлорлорго салыштырмалуу «Алтын Асыр» башында кыйла жупуну көрүнчү: бул 4,7 миллион калкы бар, максималдуу сыйымдуулугу 50 миң номерге ээ болгон чакан мамлекеттик уюлдук байланыш оператору болчу.

«Алтын Асыр» түзүлгөндөн баштап эле көйгөйлөр менен бет келе баштаган. Бюрократиялык башкаруу түзүмү жана Ашхабаддын сыртында анча чоң эмес аймакты гана камтыган компания рыноктун талабына төп келген эмес. Мындан тышкары, «Алтын Асырдын» алдында оңой эмес милдет турган — бул негизги атаандаш — Barash Communications Technologies Incorporated (BCTI) жеке компаниясынан артта калбаш керек эле.

2005-жылы BCTI компаниясын постсоветтик аймакта иш жүргүзгөн Орусиянын МТС ири мобилдик байланыш ишканасы сатып алган. Жаңы бренддин алдында компания түркмөн рыногунун лидери бойдон кала берген.

Америкалыктар Түркмөнстанда

«Алтын Асыр» Түркмөнстанда монополист болгон биринчи эле мобилдик байланыш оператору эмес. Компания негизделгенге чейин 10 жыл бою бул милдетти BCTI аткарган, бирок кийин ал жергиликтүү бийликтин ырайымынан кол жууган.

1994-жылы АКШдан келген советтик иммигранттар Михаил жана Алла Бараш Техас штатында Түркмөнстанда иштей турган Barash Communications Technologies Incorporated (BCTI) аталышындагы компанияны негиздешкен. BCTI компаниясынын түркмөн өкмөтү менен түзгөн келишимге ылайык компания өлкөдө 10 жыл бою байланыш кызматын көрсөтүүгө өзгөчө укук алган.

Журналисттерге Михаил Бараш өзү айткандай, 2002-жылы, компаниянын 10 жылдык келишими аяктап калган кезде бийлик менен келишпестиктер пайда болгон. Анын айтымында, өкмөт компанияны ишмердүүлүгүн токтотууга же келишимдин шарттарын мамлекетке ыңгайлуу кылып өзгөртүүгө мажбурлоо үчүн BCTI компаниясына басым кыла баштаган.

2005-жылы Михаил Бараш BCTI компаниясын орусиялык байланыш оператору МТСге 46,7 миллион долларга сатып, Түркмөнстандан биротоло чыгып кеткен.

Мобилдик телесистемалар (МТС) келишимден соң Түркмөнстанда ишин баштагандан кийин, жергиликтүү өкмөт «Алтын Асырдын» өнүгүшүнө акча бөлө баштаган. 2007-2012-жылдар аралыгында Бердымухамедовдун уруксаты менен сим-карталарды сатып алуу, жабдууларды модернизациялоо, атүгүл жаңы кеңсе имаратын куруу үчүн 11 келишим түзүлгөн. Алардын жалпы суммасы — 188 миллион доллар.

Каражаттын негизиги бөлүгү — 170 миллион доллардан ашык — 2011-жылдын октябрынан 2012-жылдын октябрына чейин, бир жылдын ичинде эле коротулган. Ал эми бир айдан кийин Бердымухамедов «Алтын Асырды» мамлекеттик ишканадан жабык акционердик коомго айлантып, бул кадамын компанияны эркин рынокко интеграциялоо деп атаган.

Бирок бизнес-изилдөөлөр менен алектенген BMI Research уюмунун анализи көрсөткөндөй, «Алтын Асыр» дале болсо мамлекеттин көзөмөлүндө кала берген,. Себеби, компаниянын акционерлеринин курамы жашыруун, мамлекеттик жана башка менчик ээлеринин үлүшү тууралуу дагы айтылбайт.

Келишимдер

Бердымухамедовдун жарлыгынын баары эле «Алтын Асырды» модернизациялоо тууралуу келишимдин музмунун ачыкка чыгара бербейт. Керек болсо алардын биринде келишимдин суммасы көрсөтүлгөн эмес. Ага карабастан бары ачык эле көрүнүп калган: өкмөт кыска аралыкта эле мамлекеттик уюлдук байланыш компаниясына ондогон миллион доллар салган.

  • 2007-жыл 1-июнь — Axalto (Франция) менен 200 миң сим-карта сатып алуу тууралуу келишим. Келишимдин суммасы белгисиз.
  • 2007-жыл 13-июль — Huawei Tech. Investment Co. (Кытай) менен 100 миң сим-карта сатып алуу боюнча келишим. Келишимдин суммасы: 7 720 000 доллар.
  • 2008-жыл 14-февраль — Nokia Siemens Networks (Финляндия) 100 миң сим-карта сатып алуу боюнча түзүлгөн келишим. Келишимдин суммасы: 9 233 000 доллар.
  • 2011-жыл 21-октябб — Şahin Inşaat Gida Tekstil ve Otomotiv Sanayi ve Ticaret (Түркия) менен «Алтын Асыр» үчүн жаңы кеңсе куруу боюнча келишим. Келишимдин суммасы: 18 394 000 доллар.
  • 2011-жыл 18-ноябрь — Nokia Siemens Networks (Финляндия) менен түзүлгөн келишим. Келишимдин суммасы: 2 029 000 доллар.
  • 2012-жыл 26-январь — Huawei Technologies (Кытай) менен келишим. Суммасы: 24 071 000 доллар.
  • 2012-жыл 26-январь — Nokia Siemens Networks (Финляндия) менен келишим. Суммасы: 24 353 000 доллар.
  • 2012-жыл 26-январь — Орусиянын программалык камсыздоону өндүргөн EastWind компаниясы менен түзүлгөн келишим. Программалык камсыздоону «Алтын Асыр» да, «Ашхабаддын шаардык телефондук тармагы» (АШТТ) да колдонгон — бул «Алтын Асырга» таандык чакан туундуу компания. Келишимдин суммасы: 20 129 000 доллар.
  • 2021-жыл 19-октябрь — Huawei Technologies (Кытай) менен түзүлгөн келишим. Суммасы: 44 460 000 доллар.
  • 2012-жыл 19-октябрь — Nokia Siemens Networks (Финляндия) менен болгон келишим. Суммасы: 22 540 000 доллар.
  • 2012-жыл 19-октябрь — EastWind (Орусия) менен жабдууларды сатып алууга жана техникалык колдоо көрсөтүүгө түзүлгөн келишим. Сумма: 15 796 000 доллар.

Түркмөнстандын бийлиги «Алтын Асырга» инвестиция салып, ошол эле кезде алда канча ийгиликтүү иштеп жаткан МТС компаниясын куугунтуктай баштаган.

2010-жылы МТСтин абоненттик базасы 2,4 миллион номерге жеткен — бул өлкөнүн калкынын жарымынан көбү. Бирок, ошол эле жылы Түрмөнстандын Байланыш министрлиги компания менен түзүлгөн 5 жылдык келишимдин мөөнөтү аягына чыкканын айтып, МТСти коммуникациялардан үзүп салган.

Компания Түркмөнстандын бийлигин сотко берген. Жыйынтыгында Бердымухамедов менен келишим түзүлүп, 2012-жылы МТС өлкөгө кайтып келген — лицензия 2018-жылга чейин узартылган.

Бирок, оператор көп деле иштей алган эмес. 2017-жылдын сентябрында, келишимдин аякташына бир жыл калганда Түркмөнстандын бийлиги эч бир түшүндүрүүсүз эле келишимди бир тараптуу үзүп, МТС компаниясын ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз кылган. Ошондон кийин «Алтын Асыр» Түркмөнстандагы жалгыз байланыш оператору болуп калган.

Ал арада бийлик «Алтын Асырга» бюджеттик каражаттан акча жумшоону уланткан. 2021-жылдын ноябрында расмий маалымат каражаттары президент «Алтын Асырга» жабдууларды сатып алууга, Huawei Technologies жана Nokia Solutions and Networks компанияларынан программалык камсыздоо, лицензия жана техникалык колдоо сатып алууга уруксат бергенин жазып чыгышкан. Бирок ЖМКлар буга канча каражат бөлүнгөнүн айтышкан эмес.

Жашыруун директор

Бердымухамедовдун тапшырмасы менен «Алтын Асыр» акционердик коом болуп кайра уюшулгандыктан компанияны тууганы жетектегенин ачыкка чыгарбай коюга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Акционердик коомду директорлор кеңеши башкарат, демек анын жетекчисин дайындоо жана ал жетекчинин ким экени да жашыруун бойдон калган.

Шахарлиев «Алтын Асырга» жетекчи болгонго чейин, анын аты басма сөз каражаттарында бир эле жолу аталган. 2016-жылдын октябрында, Түркмөнстан эгемендигинин 25-жылдыгы белгиленгенде, мамлекеттик басылмалар өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкондорго медаль тапшыруу жөнүндө президенттин буйругун жарыялашкан. Тизмедеги жүздөгөн адамдардын арасында Түркмөнстандын Байланыш министрлигине караштуу мамлекеттик «Түркмөнтелеком» ишканасынын материалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шихмурат Алламурадович Шахарлиев дагы болгон.

Үй-бүлөнүн жүздөрү жашырылган жалгыз сүрөтүн Инстаграмга Шахарлиевдин уулу чыгарган

Ушул окуядан кийин, болжолу 2019-жылдын аягында Шахарлиев «Алтын Асырды» жетектей баштаган. Компаниядагы маалымат булагы OCCRP’нин журналисттерине Шахарлиев 2019-жылы жетекчи болуп дайындалганын айтып берген.

Өзүнө чейинки жетекчилерден айырмаланып, Шахарлиев «Алтын Асырдын» атынан коомдук иш-чараларга катышпайт. Компаниянын атынан анын орун басары Виталий Пастушенко катышып, журналисттердин суроолоруна жооп берип жүрөт.

«Алтын Асыр» да, мамлекеттик басылмалар да эч качан башкы директор Шахарлиевдин сүрөтүн чыгарышкан эмес. Журналисттер ушул Шахарлиев болушу мүмкүн делген бир сүрөттү табышты. Алгач үй-бүлөнүн Жаңы жылда тартылган сүрөтү Шахарлиевдин кызынын жабык аккаунтуна чыккан, кийин кыздын агасы ата-энесинин жүзүн жүрөкчөлөр менен жашырып репост кылган.

Журналисттер Шахарлиевди (ортодо) өкмөттүн транспорт жана байланыш маселелери боюнча 2021-жылдын ноябрында өткөн жолугушуусунда байкап калышкан. Шахарлиев менен жеке тааныштыгы бар үч киши сүрөттөгү адам ошол экенин ырасташты.
Скриншот / Watan Habarlary

Мындай жашырууну өлкөнүн көпчүлүк жарандары колдонгон уюлдук байланыш операторунун башкы директору үчүн ашыкча, керек болсо зыян. Бирок Шахарлиев катардагы жөнөкөй жетекчилерден эмес.

Анын аялы Язгүл Шахарлиева — Гурбангулы Бердымухамедовдун эжеси Дурдынабат жана күйөөсү Аннаназар Режеповдун кызы.

Шахарлиевди издеп

Шахарлиевдин элден оолак жүрүшү Бердымухамедовдордун үй-бүлө мүчөсүнө айланганына карабай, көпчүлүктүн көңүл сыртында калууга жардам берген. Бирок журналисттер акыры анын изине түштү.

Биринчи жолу OCCRP, Turkmen.News жана Gundogar.org Шахарлиев «Алтын Асырдын» башчысы экенин жана президенттин жээнине үйлөнгөнүн Түркмөнстандагы булактарынан угушкан. Алар анын аты-жөнүн «Алтын Асырдын» абонеттеринин 2020-жылдагы маалыматтык базасынан табышкан. Ал жерде Шахарлиев компаниянын башкы директору катары көрсөтүлгөн. Ал дал ушул кызматты ээлерин Dun & Bradstreet коммерциялык компаниясынын ачык реестринде да көрсөтүлгөн.

Кийин журналисттер анын президенттин үй-бүлөсү менен байланышын аныкташкан. «Алтын Асырдын» абоненттеринин маалыматтар базасынан алар Шахарлиевдин жубайы, Язгүлдү да табышкан. Базада анын атасынын аты да көрсөтүлгөн — Аннаназаровна. Кийинчерээк журналисттер анын уулунун сүрөтүн таап, андан соң Аннаназар Режеповдун юбилейлик кечесинде тартылган тасмадан дагы таанып калышкан. Видеодо бала Режеповго «баба» деп кайрылган — Түркмөнстанда таятасын ушундай аташат. Мындан кийин журналисттер Язгүлдүн номерин GetContact тиркемеси аркылуу текшерип көрүшкөн. Бул тиркеме адам башка кишилердин телефонунда кандай ат менен сакталганын көрсөтөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы да анын президенттин үй-бүлөсү менен байланышы бардыгын тастыктаган.

Режеповтордун үй-бүлөсү Түркмөнстандын ичинде жана чет өлкөлөрдөгү чоң бизнес кызыкчылыктары менен да белгилүү. Аннаназар Режепов дагы Шихмурат Шахарлиев менен бир күндө президенттен эстелик медалын алган. Президенттин дал ошол жарлыгында ал Ашхабад менен өлкөнүн чыгышындагы Түкмөнабад шаарын кошкон автожолду куруп жаткан бир катар жергиликтүү фирмалардын координатору Nusay Yollary компаниясынын директору катары көрсөтүлгөн. Долбоордун жалпы наркы 2,3 млрд долларды түзөт.

OCCRP, Turkmen.News жана Gundogar.org басылмалары Бердымухамедов Түркмөнстандагы азык-түлүк каатчылыгы шартында Аннаназардын уулу Хажимурат Режеповго өлкөгө азык-түлүктү импорттоону тапшырганын жазышкан. Кийинки иликтөө Хажимурат жана анын иниси Шамурат өлкөнүн минералдык ресурстарына кол жеткен артыкчылыгын пайдаланып, мунай жана химиялык заттарды экспорттоп, ири киреше тапканын көрсөткөн.

OCCRP жана анын өнөктөштөрү Хажимурат Режепов өзүнө Гажада — Ашхабаддын борборундагы жаңы элиталык район — укмуштуудай хансарай салганын аныкташкан. Мындан тышкары, ага-ининин Дубайда да бир топ кыймылсыз мүлкү бар экенин таап чыгышкан.

Жашыруун байлык

Соцтүйүндөрдө өздөрүнүн укмуштуудай жашоосунун эпизоддорун байма-бай жарыялап турган Хажимурат жана Шамурат Режеповдор калк арасында «егендер» деген ат менен белгилүү — түркмөнстандыктар Гурбангулы Бердымухамедовдун жээндерин ушундай аташат.

Шахарлиев менен жагдай башкача: аны «Алтын Асырдын» директору катары да, президенттин тууганы катары да таанышпайт. Бирок ал байманалуу турмушунан Режеповтордон кем эмес ырахат алып жашай турганын ачыктаган бир катар көрүнүштөр бар.

Шахарлиевдин уулу Инстаграм барагына кымбат баалуу сааттарды тагынган, кымбат унааларды башкарган жана күлүк ат минген сүрөттөрүн жарыялайт. OCCRP менен өнөктөштөрү анын колунан Rolex, Hublot жана Franck Muller сааттарын байкашкан — алардын болжолдуу баасы 125 миң долларды чапчыйт. Ал ошондой эле ал өзү башкарган эки унаанын сүрөтүн жарыялаган — BMW жана Toyota Land Сruiser.

Түркмөнстандагы булактар журналисттерге Шахарлиевге бир катар популярдуу ресторандар, кафелер жана түнкү клубдар таандык экенин айтышкан. Түркмөнстанда ачык коммерциялык реестр жок, бирок журналисттер «Алтын Асырдын» абоненттеринин ачыкка чыгып кеткен маалыматтык базасынан Шахарлиев бери дегенде эки ресторанга ээлик кыларын аныкташкан.

Kopetdag ресторанынын сайтынан скриншот

Ошентип, Шихмурат Шахарлиевге таандык номер Kopetdag Project комплексинин Инстаграм барагында анын негизги байланыш номери катары көрсөтүлгөн. Ушул эле бренд менен ресторан, пиццерия, пиво бары жана түнкү клуб иштейт. Ал тургай, базага ылайык, бул номер бери эле дегенде 2015-жылдан бери Шахарлиевдин наамына катталган.

Журналисттер көрсөтүлгөн номерлерге телефон чалып, ресторан Шихмурат Шахарлиевге таандыкпы деп түз эле сурашты. Телефонго жооп берген аял муну ырастады.

Мындан тышкары, «Кёши шашлык» аталышындагы белгилүү ресторанда «Алтын Асырдын» башкы директорунун үлүшү бар экенин болжоого негиз бар. Анын [ресторандын] номерлеринин бири да Шахарлиевге катталган. Ресторандын калган эки номери анын иниси Шихберды Шахарлиевге таандык.

Авторлору: Руслан Мятиев, Байрам Шихмурадов, Мэттью Купфер
Кыргызчалагандар: Чолпон Бейшелен кызы, Айпери Хожаева, Бегайым Талантбекова, Алмир Алмамбетов