Путин кайсы дартка кабылган? Орус президентин коштогон дарыгерлер тууралуу иликтөө

«Проект» басылмасы Орусия президенти Владимир Путин тууралуу иликтөөсүн жарыялап, ал ден соолугуна кантип кам көрөрүн айтып берди.

Журналисттердин айтымында, Орусиянын президенти жыл өткөн сайын Москванын Борбордук клиникалык ооруканасына (БКО) тез-тезден келе баштаган. Ал жерден башка дагы чиновниктер дарыланат. «Проекттин» өздүк булактарынын маалыматына ылайык, БКОдо Путинге «жеке дарыгерлер бөлүмү» көз салып, аны иш сапарларда да, президенттик резиденцияда да коштоп жүрүшөт.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча келишимдерди жана БКО менен Сочидеги мейманканалардын ортосундагы тейлөөнү кабыл алуу актыларын салыштырып, журналисттер медиктердин ал жакка учкан күндөрү Путиндин расмий сапарлары менен же орус президенти эл алдында көрүнбөй калган мезгилдер менен дал келгенин аныкташкан. Алардын маалыматына ылайык, 2016-2017-жылдары Путинди кеминде беш, кээде андан да көп дарыгер коштоп жүргөн.

Алар орус лидери 2016-жылдын ноябрында беш күн бою коомчулукка чыкпай, ошол эле мезгилде Сочидеги «Русь» санаторийине 12 медик барып конгонун мисал кылышкан. «Проекттин» маалыматына ылайык, ал жакка Путиндин жеке дарыгерлери, ошондой эле БКОнун нейрохирургиялык операция жүргүзүүчү тобу жана реабилитолог барган.

«Дарылануу жакшы өткөн — 1-декабрда Путин федералдык жыйынга кайрылып чыккан. Бир жылдан кийин президент [нейрохирургдардын тобунун башчысы] Олег Мышкинге Орусиянын эмгек сиңирген дарыгери наамын ыйгарган», — деп айтылат иликтөөдө.

Ал эми 2019-жылы, «Проекттин» маалыматына ылайык, Путинди тогуздай дарыгер коштой баштаган — көбүнесе жанында эки отоларинголог жана бир хирург жүрчү. Журналисттер билдиришкендей, президентти коштоп жүргөн хирург калкан безин дарылоо боюнча адистешкен онколог. Ал эми отоларингологдор — дал ушул калкан безинин көйгөйлөрүн аныктай алган врачтар.

Журналисттер Путин элдик медицинага да кызыгарын айтышкан. «Проект» Путиндин таанышына таянып, Орусия президенти жаш бугунун мүйүзүнөн жасалган экстракт аралаш ваннага түшөөрүн айтат. Бул маалыматты басылманын таанышына Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу айтып берген.

«Бул мүйүздөрдүн экстракты айыктыруучу касиетке ээ деп эсептелинет — пантокрин менен ваннага түшүү адамга пайдалуу имиш — андыктан пантокринди өндүрүүнүн бүтүндөй бир индустриясы бар», — деп белгилешет журналисттер.

Буга кошумча жуналисттер Путиндин медицинанын аталган түрүнө кызыкканын «таң калычтуу» дешет. Себеп дегенде Путиндин кыздарынын бири Мария Воронцова Москва мамлекеттик университетинин медицина факультетин бүтүргөн, ал эми аталаш бир тууганы Евгений Путин балдар хирургу болуп иштеген.

Журналисттердин өздүк булактары медициналык чөйрөдө президенттин ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр тууралуу сөздөр айтылып, андай кептер 2021-жылдын күзүнөн баштап көбөйгөнүн дагы маалымдашкан. Ал учурда Путин коронавирус пандемиясынан улам узак убакыт обочодо болуп, коомдук иш-чараларга кайтып келген, бирок 13-сентябрда паралимпиадачылар менен жолуккандан кийин кайрадан обочого кеткен.

Ошону менен Путин сентябрь аяктаганча коомчулукка чыккан эмес, бирок журналисттерде президент ал убакта дарылынганбы-жокпу маалымат жок. Андан кийин, журналисттердин белгилешинче, Путин адамдар менен алыс туруп сүйлөшө баштаган — мисалы, узун столдун эки башында отуруп.

Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков «Проекттин» иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды четке каккан.

«Мунун баары туура эмес маалыматтар. Бул жерде айтылгандын баары чындыкка коошпойт», — деген ал.