Санмин «матчествого» каршы. Баланын «отчествосун» 16 жашка толгуча өзгөртпөө сунушталды

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бала 16 жашка чыкканга чейин төрөлгөндө коюлган атасынын атын өзгөртпөөнү сунуштады.

Колдонуудагы мыйзамда 16 жашка толо элек адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын (отчество) ата-энесинин биринин пикирин эсепке албастан өзгөртүүгө жол берилүүчү ченем белгиленген.

Аны баланын ата-энесин бири дайынсыз, ошондой эле ата-энелик укуктан ажыратуу же эмгекке жарамсыз деп табылганы жөнүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими көрсөтүлгөндө өзгөртүүгө болот.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги атасынын атын өзгөртүү бөлүгүндө мыйзам туура эмес чечмеленип жатканын айтат. Министрлик негизи «отчество» бала же кыз башка ата-эненин асыроосуна алынганда, аталыкты аныктоого, атасынын аты өзгөргөнгө байланыштуу же соттун чечими боюнча гана өзгөртүлүшү мүмкүн деп билдирүүдө.

Кыргызстанда балдарга адатта атасынын ысымы менен фамилия берилет — Шайлообек кызы, Орозбек уулу, Нариман тегин ж. б. — андан кийин стандарттык аты-жөнгө өзгөртүп алууга болот. Сунушталган мыйзам долбоору мындай учурларда кандай иштей турганы азырынча түшүнүксүз.

Эмне үчүн Санарип министрлиги «отчествого» кийлигишип жатат?

Министрлик мыйзам долбоорун түрдүүчө колдонууларды болтурбоо максатында сунуштады. Мисал катары алар балдарынын күбөлүгүндөгү атасынын атын энесиникине (матчество) алмаштырган Алтын Капалова менен күрөшүүнү мисал кылды. Апасынын атын алуу көзгө урунгандыктан гана эмес — жазуучунун балдары Алтынович деген «матчествону» алып жүрүшмөк, аны жаза келгенде атасынын атынан эч кандай айырмасы болмок эмес.

Алтын Капалова үч баласына өзүнүн фамилиясын берип, «атасынын аты» деген графада өзүнүн атын жаздырганы үчүн 2021-жылдын 28-январында МККга караштуу Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаменти аялды сотко берген.

Фамилияны жана атасынын атын алмаштырууну жокко чыгаргандан тышкары, МКК Капаловадан сотко доо арыз берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөтүп алууну өтүнгөн.

МККнын департаменти Капалова балдарынын күбөлүктөгү атасынын атынын ордуна өз атын жаздыруу менен «Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү» мыйзамды бузду деп билдирген. Ал жерде, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, атасынын аты деген графага атасынын же багып алган адамдын, өгөй атасынын же чоң ата, таятасынын аты жазылууга тийиш деп көрсөтүлгөн.

Капалова болсо балдарынын биологиялык аталары документтерин бербей, ал тургай алимент төлөбөстөн эле «көз каранды кылып багындырууну» улантууну самап жатышкандыктан өзүнүн атын берүүнү чечкенин айткан.

«Мыйзам бузган жокмун, мен патриархалдык көндүмдөрдү буздум. Сен менден жана балдарымдын ысымга жана фамилияга болгон негизги укугун тартып ала албайсың. Мен патриархаттын көчүгү күйүп жатканын түшүнүп түрам. Бирок эми гендердик теңчиликке карай кадам шилтей баштасак кантет?» — деп сунуштаган Капалова.

Бирок Октябрь райондук соту баары бир деле «отчествону» «матчествого» алмаштыруу тууралуу чечимди жокко чыгарган.