Кыргыз эл артисти Марат Алышпаев акыркы сапарга узатылды

5-апрелде Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык драма театрында кыргыз эл артисти, актёр Марат Алышпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Коштошуу зыйнатына маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана башка бийлик өкүлдөрү, анын сахналаш достору жана жакындары катышты.

Алар Марат Алышпаевди «кесипкөй жана адамгерчиликтүү инсан» катары эскеришти.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өзүнүн атынан жана өкүлчүлүктүн атынан жакындарына көңүл айтып, Кыргызстанда орду толгус жоготуу болгонун белгиледи.

«Бүгүн кыргыз маданиятында эң чоң жоготуулар болду. Бүгүн эле залкар акын Омор Султановду узатып, артынан эле Марат агабызды узатып атабыз. Агабыздын элеси түбөлүк эсибизде калат [...]», — деди ал.

Ал эми маркумдун сахналаш досу Табылды Актанов Алышпаев эч качан унутулбасын айтып, анын жолун артында калган шакирттери улантарын белгиледи.

«Марат артына көптөгөн шакирттерин калтырып кетти. Ал театрды ушунчалык сүйгөн киши болчу. Бул адам театр үчүн гана жаралып калган кишидей эле. Арга жок коштошуп отурабыз», — деп эскерди Актанов.

Марат Алышпаевдин сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Ал 4-апрелде 75 жаш курагында каза болгон.

Марат Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. Ал 1972-жылы Анатолий Луначарский атындагы Москва театр искусство институтун аяктаган. Алышпаев алгачкы эмгек жолун ошол эле жылы Ош шаардык драма театрында баштаган.

Ал 1991-1997-жылдары Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрын, 2003-жылы Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрын, 2010-2014-жылдары Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында жетекчилик кызматты аркалаган.

Алышпаев өмүрүнүн соңку жылдарын Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында актёр катары эмгектенип келген.

Марат Алышпаев классикалык чыгармалардан сахнада Шекспирдин «Гамлетин», «Король Лирди», «Ричард III» пьесаларында, ошондой эле Гогольдун «Текшерүүчү» драмасында Хлестаковдун ролун жараткан. Ошондой эле ал 2021-жылы режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан «Акыркы көч» тасмасында башкы ролду ойногон.