Алина Печёнкинанын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Ала-Бука районундагы Жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун бейтаптары акча жыйноолорго даттанышууда: бейтаптардан маалымкат жана рецепттер жазылган кагаз үчүн да акча алынат. 2020-жылы беткап жана вирустан коргоочу костюмдардын жетишсиздигинен ооруканада иштеген беш медик бир убакта короновирус жуктурган. Ал арада, мамлекеттик сатып алуулар порталына ишенсек, оорукана 2021-жылдын декабрында кир самын алуу үчүн гана 2,5 млн сом короткон. Мекеменин эсепчиси ал жерде «техникалык ката» кеткен деп ишендирүүдө.

Маалымкат үчүн 200 сом

2021-жылдын октябрында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургундары жергиликтүү ооруканадагы акча жыйноолорго нааразы болуп адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө даттанышкан. Алардын айтымында, райондук ооруканада 20 сомдон 200 сомго чейин акча алышат: маалымкат бергенге, рецепт жазганга, дарыгер текшергенине, багыттама бергенине.

Мындан тышкары, ооруканадан айыгып чыгып кетип бараткан бейтаптар дагы 50-100 сом төлөшү керек. Бул акчалар атайын «фондго» төгүлөт, персоналдын айтымында каражат имараттын майда оңдоп-түзөө иштерине, канцтовар сатып алууга жумшалат.

Текшерүү учурунда айтылган фактылар тастыкталды.

Мындан бир жарым жыл мурда, 2020-жылдын апрель айында коргонуучу каражаттардын жетишсиздигинен Ала-Бука райондук ооруканасынын беш кызматкери коронавирус жуктуруп алган.

«Бизге бир жолу колдонулуучу беткаптарды таратып: “Жууп, дезинфекциялап бир ай колдоносуңар деп айтышты”, — деп айтып берген “Азаттык” радиосуна жабыркаган медиктердин бири. — Боосу артка байланган халаттарды колдонуп жүрдүк, далыбыз ачык, корголгон эмес. Кечинде жууп койсок, таң атканча кургабай калат, андайда ным халатты кийип алып жумушка жөнөйбүз. Коргоочу кийим сурасак “бул бир жолу колдонуучу кийим, силерге болбойт” деп коюшкан».

Кызыл зонанын дарыгерлери суткалап иштеп, бирок 2020-жылдын март айы үчүн болгону 8 миң сом акы алган.

Бул фактылар да тастыкталды, саламаттык сактоо министрлиги Ала-Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгери Бактыгүл Алибаеваны жумуштан алган. Бирок убактылуу эле окшойт — эки жылдан кийин ал кайра эле ошол кызматты аркалап жатканы аныкталды.

Ала-Бука райондук ооруканасы өтө жарды экени көрүнүп турат. Дарыгерлер бюджетин үнөмдөп, кагаз менен клейге бейтаптардан акча чогултуп, эптеп күн көрүп жаткандай. Бирок чынында абал таптакыр андай эмес экен.

Самындын стратегиялык кору

2021-жылга карата Ала-Бука Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору 42 млн сомго товар жана кызматтарды сатып алган, муну мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматтар тастыктайт. Ошол эле учурда, бул сатып алуулардын 75%ы сынаксыз, түз келишим аркылуу алынган.

Эмне үчүн бул маанилүү?

Адатта мамлекеттик мекемелер товар жана кызматтарды тендердин негизинде — эң мыкты бааны тандоого мүмкүнчүлүк берген сынак менен сатып алышы керек. Жылдык бюджеттин аз гана бөлүгүн сынаксыз сатып алууларга жумшоого уруксат берилген.

Бирок 2020-жылдын март айында коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген. Өзгөчө кырдаал учурунда мамлекеттик мекемелер товарларды түз келишим аркылуу сатып алса болот — саны жана суммасына чектөө коюлбайт.

Айрым уюмдар бул мыйзамды кыянаттык менен пайдаланышат. «Клооп» буга чейин коронавирус менен күрөшүүгө деген ат менен өсүмдүктөрдүн уруктары, спорттук костюмдар, ал тургай балаты кооздой турган оюнчуктар сатып алынганын жазган.

Түз сатып алуулардын эң чоң бөлүгү декабрдын акыркы күндөрүнө туура келет, анткени мекемелер жылдык бюджетти толук сраптоого ашыгышат. Ала-Бука райондук ооруканасы да 2021-жылдын декабрында конкурсу жок эле түз сатып алууларга дээрлик 15 млн сом короткон — бул бардык жылдык сатып алуулардын суммасынын жарымын түзөт.

Оорукананын айрым келишимдери өтө таң калыштуу. Мисалы, 2021-жылдын 31-декабрында Ала-Букадагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору 2,5 млн сомго кир самын сатып алган. Келишим тууралуу маалыматта товардын саны да көрсөтүлгөн — «миң даана». Демек, бир даана кир самын 2500 сомдон болгонбу?

Келишимде көрсөтүлгөн жеткирүүчү — жеке ишкер Рысманбетова Луиза Турдалыевна. Рысманбетова Ала-Бука ооруканасы менен буга чейин да эки жолу келишим түзгөн: 2021-жылдын декабрь айында медициналык шаймандарды сатып алуу жана жана көмүр жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн. Үч сатып алуунун жалпы суммасы — 3,8 млн сомду түзгөн.

Кызыгы, буга чейин мамлекеттик сатып алууларда Рысманбетова менен түзүлгөн келишимдин суммасы 100 миң сомдон ашкан эмес. Ал негизинен күйүүчү май, эмерек, курулуш материалдарын, автоунаа тетиктерин жана компьютер менен камсыздап келген.

Андан бир аз мурдараак, декабрь айынын ортосунда, оорукана 630 миң сомго дагы бир ирет кир самын, 790 миң сомго суюк самын жана 753 миң сомго канцелярдык кыпчыткычтарды сатып алган.

Келишим боюнча жеткирүүчү катары жеке ишкер Садыкова Малика Абдырахманова көрсөтүлгөн. Ал мамлекеттик сатып алууларга көптөн бери катышып келет, бирок мындай ири келишимдерди эч качан түзүп көргөн эмес.

Мамлекеттик сатып алуунун кара кутусу

Оорукананын башка түз келишимдеринде сатып алынган товарлардын саны такыр көрсөтүлгөн эмес — болгону так чоо-жайы айтылбаган келишимдин жалпы суммасы гана көрсөтүлгөн. Анткен менен борбордун айрым жеткирүүчүлөрү буга чейин медициналык буюмдардын баасын жогорулатып жүргөнү байкалган.

Мисалы, 2021-жылдын декабрында Ала-Бука райондук ооруканасы «Камелин Азия ЖЧК» компаниясынан кайсыл бир «медициналык буюмду» сатып алган. Келишимдин суммасы — 689 миң сом. Мамлекеттик сатып алуулар кеңири маалымат жок, андыктан эмне сатып алынганын так айтуу мүмкүн эмес.

2017-жылы «Камелин Азия» Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна медициналык жабдыктарды алып келген. Оорукана жеткирип берүүчү компанияга 14,5 млн сом төлөгөн, бирок Эсептөө палатасы аталган жабдыкты заводдон үч эсе арзан алса болмоктугун аныктаган — болгону 5 млн сомго.

«Камелин Азия» компаниясы жакында эле аталышын «Камеко» ЖЧКсына өзгөркөн.

Товарлардын саны жана аталышы көрсөтүлбөгөн «медициналык шаймандарды» сатып алуу боюнча дагы бир келишим «Фарватер» компаниясы менен түзүлгөн. Келишимдин суммасы — 270 миң сом. 2020-жылы «ПолитКлиника» сайты «Фарватер» компаниясы тууралуу иликтөө чыгарган. Анда компания Саламаттык сактоо министрлигине коргонуучу костюмдарды 6 миң сомдон, ал эми бир жолу колдонулуучу беткаптардын бир даанасын 500 сомдон алып бергени айтылган.

«Клооп» Ала-Бука райондук ооруканасынын 19 келишиминен медициналык шаймандар менен дарылардын баалары дарыкана жана интернет-дүкөндөрдүкүнө салыштырмалуу жогору экенин байкады. Алсак, бир жолу колдонулуучу коргонуу костюмдардын ар бирин оорукана 385 сомдон сатып алган — буга жалпы 1 млн сом кеткен. Ал арада интернетте мындай костюмдар 210 сомдон сатылып жаткан.

«Самын эмес, чарба буюмдары»

Кир самындын бир даанасы 2500 сом деп көрсөтүлгөн сатып алуу келишиминин артында жашыруун эмне бар экенин аныктоо үчүн «Клооп» Ала-Бука райондук ооруканасы менен байланышты.

Оорукананын башкы дарыгери Бактыгүл Алибаева мамлекеттик сатып алуулар тууралуу айтуудан баш тартып, бизди эсепчи Анара Максатовага* жөнөттү .

*кыз өзүн ушинтип тааныштырды.

Эсепчи декабрдагы түз сатып алуулардын көп болгонун каржылоонун өзгөчөлүгү менен байланыштырды. «Каржылоо декабрда болду. Бизде [тендер өткөрүүгө] убактыбыз болгон жок, ошондуктан [сатып алууларды] түз [келишимдер] аркылуу кылдык», — деди ал.

Максатованын айтымында, кир самындын аты менен чарба буюмдары, ал эми кеңсе кыпчыткычтардын аты менен канцелярдык товарлар алынган. «Классификатордо* канцтоварлар деген бөлүм чыкпай койду», — деп кошумчалады эсепчи.

*Мамлекеттик сатып алуулардын документтерин толтурууда сатып алуучу уюм атайын классификатор боюнча товардын кодун көрсөтүшү керек.

Максатова конкурстун алдында оорукана керектүү товарлардын бааларын өз алдынча да карап чыгарын айтты. Оорукана жеткирип берүүчүлөргө кат жолдоп, алар жооп менен өз сунуштарын жиберишет. Адатта бааларды тактоого үчтөн ашык фирма катышат.

Эсепчи менен сүйлөшкөн соң «Клооп» ооруканага өзүн кызыктырган тендерлердин толук тизмеси менен ооруканага сурам кат жиберди. Ушундай эле сурам каттар Саламаттык сактоо министрлигине жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна да жиберилди.

«Этият болгула»

Сурам кат жөнөтүлгөн бир нече күн өткөн соң жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун эсепчиси «Клооптун» кабарчысын жеке жолугушууга чакырды. Кабарчыбыз жоопту кат түрүндө жиберүүнү суранып, жолугушуудан баш тартты.

Андан соң оорукананын дагы бир башка эсепчиси кабарчыбыз менен социалдык тармактагы барагы аркылуу дос болууга аракет кылды.

Ал эми ишемби күнү, 19-мартта «Клооптун» кабарчысына шек жараткан телефон чалуу түшкөн. Анда ИИМдин мурдагы жетекчиси, Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Сүйүн Өмүрзаковдун тууганы катары Ошто таанымал киши Ала-Букадагы ооруканада иштеген алыскы тууганы бар экенин билдирген. Ал журналистти оорукананын мамлекеттик сатып алууларын иликтебөөнү суранып, туугандары «Клооптун» акча опузалоого айыптап жатышканын кыйыткан — басылма ооруканадан үндөбөшү үчүн акча талап кылган имиш.

Иликтөөнүн үстүндө бир эле кыз эмес, бүтүндөй бир бөлүм иштеп жатканын билген соң ал киши сөзүнүн аягында кызды «этият болууга» чакырып артка чегинген.

Бул сүйлөшүү жаздырылып, телефон чалган кишинин өздүгү да аныкталган. Коркутуулар кайталана турган болсо «Клооп» укук коргоо органдарына кайрылат.

«Сандар бир нече жолу басылган»

Ошентип, оорукана 2500 сомдук кир самын — «техникалык ката» деп ишендиргенин койгон жок.

«Портал иштебей жаткан, сандар бир нече жолу басылган, натыйжада 2,500 миң сом болуп калган. Ал эми порталда ОКГЗ* чыкпай жаткандыктан, “кир самын” деп киргизилген», — деп айтылат оорукананын расмий жообунда (орфографиясы өзгөртүлгөн жок).

*товарлардын классификатору, андагы код сатып алуунун документациясында көрсөтүлүшү керек.

Жеткирүүчү жеке ишкер Рысманбектова менен келишим, мамлекеттик сатып алуулар порталында көрсөтүлгөндөй, 31-декабрда эмес, андан бир жума мурда түзүлгөн деп айтылат Ала-Бука райондук ооруканасынын «Клооптун» сурам катына берген жообунда. Анын суммасы — беш эсе аз: болгону 500 миң сом. Сатып алынгандардын тизмесинде 16 түрдүү аталыштагы чарбалык товарлар бар.

Ошол эле кезде оорукана товарлар толугу менен алып келине электигин билдирет. Жыйынтыгында оорукана Рысманбетовго 367 миң сом төлөп берген.

Ал эми жеке ишкер Садыкова менен түзүлгөн келишим боюнча жалпы суммасы 2 млн сомдон ашуун жүздөгөн түрдүү товар алып келингенин билдирди оорукана «Клооптун» сурам катына берген жообунда.

Ала-Бука райондук ооруканасы декабрда

25 үтүк, 40 жылыткыч, кар күрөө үчүн 100 даана күрөк, алкакка салынган үч даана герб, он чоң байрак жана жүздөгөн башка товарларды

сатып алган.

Товарлардын саны жана баасы көрсөтүлбөгөн башка келишимдер боюнча, оорукана төмөнкүчө түшүндүрмө берди: келишимдер кредитордук карыздарды ликвидациялоо үчүн түзүлгөн. 2020-жылы оорукана бир катар фирмалар менен кызматташкан, бирок алар менен 2021-жылы гана эсептешип бүткөн.

Ала-Бука райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун «Клооптун» сурам катына берген жообун толугу менен бул жерден окусаңыз болот.

Белгилей кетүүчү жагдай, Ала-Бука райондук ооруканасы «Клооптун» кайрылуусуна берген жообунда келишимдердин аткарылганы тууралуу эч кандай документалдык далилдерди — аткарылган иштердин актысын да, эсеп-фактураларды да — берген жок.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан «Клоопко» саламаттык сактоо уюмдары бюджеттик каражаттарды сарптоо маселесинде «финансылык-экономикалык автономияга ээ» экенин, алар сатып алууларды өздөрү пландайт деп түшүндүрүштү. Фонд ооруканалардын чыгымдарын көзөмөлдөбөйт. Саламаттык сактоо министрлиги сатып алууларды дагы көзөмөлдөбөсүн, ал эми ведомствого караштуу ооруканаларда бюджеттик каражаттар ыксыз коротулуп жатат делген маалымат ачыкка чыгарылбайт деп билдиришти.

Жооптон да суроолор көп

Өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар порталына маалымат берүүнүн эл аралык жаңы OCDS-форматы киргизилген. Анда порталдын өзүнүн аналитика жүргүзүүчү модулу да, аны менен катар медициналык сатып алуулар бөлүмүн камтыган Open Contracting Partnership уюмунун тарапкы инструменти да иштейт.

Бирок системанын мурдагыдай эле толгон-токой кемчиликтери бар. Атап айтканда, бүгүнкү күнгө чейин келишимдер жана алардын аткарылышы тууралуу документтерди жарыялоо талабы аткарылбай келет. Сатып алуучу уюмдар аталган документтерди жарыялоону кааласа дагы алардын аны кылууга жөн гана техникалык мүмкүнчүлүгү жок.

Демек, мамлекеттик сатып алуулар порталында биз көрүп тургандардын ичинен көбүнчөсү, эгер жумшак айтсак, чындыкка дал келбейт. Мына ушундай шартта Каржы министрлиги бюджеттик чыгымдар тууралуу маалыматтарды мындан да жабык кылууну, 5 млн сомго чейинки мамлекеттик сатып алууларды тендерсиз өткөрүүнү сунуштап жатат.