«Дүйнөлүк стандартка ылайык». Кыргызстанда окуучулар мектепке 6 жашынан барып, 12 жыл окуйт

Алмазбек Бейшеналиев

Кыргызстанда 6 жаштагы балдар милдеттүү түрдө мектепке кабыл алынып, 1-класска барат. Ал эми өлкөдө 12 жылдык окуу системасы киргизилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн Фейсбук барагында 6-апрелде билдирди.

Министрдин айтымында, бул өзгөртүүлөр Кыргызстандын билим берүү системасын «дүйнөлүк стандартка ылайыкташтырат».

«0-класс деген жоюлат. Ошондо бала жылдан утулбайт», — деп түшүндүрдү Бейшеналиев.

Билим берүү министри 4-апрелде социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйынында мектеп окуучулары жылдык окуу жүктөмү 1 020 саат деп түзүлгөнүн билдирген. Министр бул окуучулар үчүн «физикалык жана психологиялык жүк» экенин белгилеп, ал 820 саатка чейин кыскартыларын айткан.

Ошондой эле министр мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине эмгек акысын сааттык негизде төлөө шарттарынан баш тартып, ставка боюнча төлөөгө өткөнүн айткан.