Айдай музыкалык аспапты биринчи жолу мектепте музыка сабагын окуткан агайы Жусуп Айсаев алып келгенде көргөнүн айтат.

Кийин Айдай жетигенди чертип үйрөнүү үчүн консерваторияга биринчилерден болуп тапшырган. Андан бери Айдай устаты экөө жетигенге обон жана күлөөрдү салып, бүгүнкү күнгө чейин 50дөн ашык салтуу чыгарманы кайра иштеп чыгышкан.

Айсаев өзү музыкалык аспап менен 2013-жылы Хакасияга барганда таанышканын, ал жактан хакас кесиптештери менен бирге комуз, кыл-кыяк, ооз-комуз жана башка музыкалык аспаптарда ойноп, мастер класс өтүп келген.

Жетиген — кыргыз элинин байыркы музыкалык аспабы. Айдай, консерваториянын студенти, ал Кыргызстанда жетигенде ойной алган саналуу гана адамдардын бири.

Жетигенде көптөгөн түрк тилдүү эл, анын ичинде кыргыздар да черткен. Айсаевдин айтымында, жетиген — бул кыргыздардын унутта калган байыркы музыкалык аспабы, бирок ал Энесайдын жашоочуларында сакталып калган.

Устат-шакирттин аракети менен жетиген таанылып, ал түгүл Кыргызстанда да жасала баштаган. Учурда аспаптын болжолдуу баасы 500 доллар турат.

Видеону даярдагандар: Анастасия Лысогорова, Александра Титова.