11-апрелде парламентте Кыргызстандын пенсиялык системасын реформалоо талкууланды. Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева жаңы өзгөртүүлөрдү кабыл алууну сунуштады.
Мисалы, ал аялдардын пенсия курагын жогорулатуу зарылдыгын билдирди.
Жыйында Жуматаева пенсионерлердин дээрлик 70%ын аялдар түзөөрүн, ошондой эле аялдар орточо алып караганда эркектерге караганда узак жашаарын айтты.
«Башка өлкөлөрдө эркектер менен аялдар бир куракта пенсияга чыгат. Мисалга, Европада бардыгы пенсияга 65 жаштан чыгат. Казакстан буга этап-этабы менен өтүүдө. Орусия муну мамлекеттик кызматкерлердин арасында киргизе баштады», — деди Жуматаева.
Анын айтымында, Соцфонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 58ден 60 жашка чейин жогорулатууну сунуштап жатат.Пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да оюн айтты. Ал пенсиялык куракты жашоонун узактыгы менен деңгээли жыл сайын өсүп жаткандыктан көбөйтүү сунушталып жатканын айтты.
«Мурункудай, 30-40 жыл мурун Нарын шаары же Ат-Башы өрөөнү менен Бишкек шаарынын аралыгы 8-10 сааттык жол эмес. Азыр сапаттуу жолдор менен таксистер 2-3 сатта жетип жатат. Баалар керек болсо Бишкектин базарларына караганда арзан. Ошону менен катар климат да мурункудан өзгөрдү», — деп билдирди ал.
Пенсиядагы аскер кызматкерлерине иштөөгө тыюу салуу
Соцфонд аскер кызматкерлери үчүн бир эле учурда пенсия да, айлык да алууга тыюу салууну сунуштап жатат. Жуматаева бул пенсияга чыккандан кийин иштегенди улантып жаткан аскер кызматкерлерине тиешелүү экенин түшүндүрдү.
Ал аскер кызматкерлери катардагы жарандарга караганда пенсияга кыйла эрте, болжолдуу 40-42 жашында чыгып, ошол эле убакта иштегенди улантышарын белгиледи.
Соцфонддун башчысынын орун басары Орусия жана Казакстанды мисал келтирди, анын айтымында бул өлкөлөрдө аскер кызматкерлерине пенсия кызматынан кеткенден кийин гана төлөнөт.
Мамлекетке акча төлөгөндөр аз, пенсионерлер көп
Социалдык фонддун 2021-жылдын декабрындагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 687 миң пенсионер бар. 2021-жылы орточо пенсия 6 миң сомду түзгөн. Ошол эле кезде, учурда Кыргызстанда эң аз пенсия 1500 сомду түзөт.
Эдил Байсалов Кыргызстанда негизги бир көйгөй бар деп эсептейт — бул Социалдык фондго жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна каражат которгон адамдардын аздыгы.
«[Учурдагы] негизги көйгөйүбүз — элдин көпчүлүгү ФОМСко дагы, соцфондго дагы эч кандай төлөмдөрдү төлөбөйт экен. Биздин формалдуу экономикабызда, мамлекеттик бюджеттен айлык алган адамдар, чоң банк, завод же “Кумтөр” сыяктуу бир канча ишканаларыбыз эле төлөйт экен — ФОМСту дагы, соцфондду дагы. Базарда отургандар болобу, дыйкандар же мигранттар болобу ФОМСко дагы, соцфондго дагы эч кандай төлөмдөрдү төлөбөйт экен», — деп билдирди Минкабдын төрагасынын орун басары Байсалов.
Ошондой эле ал пенсия жана медициналык камсыздандыруу системаларында жыйымдар жетпей жатканын, ошондуктан мамлекет республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүп жатканын кошумчалады.
«Буйруса, мыйзам долбоорлорлорубузду, жаңы токтомдорубузду бекитип алсак, жыл аягына чейин пенсиондук же медициналык полистерди алууну жеңилдетип алабыз. [...] Оңой жолун түшүндүрүп, көрсөтүп берсек, анан ар бир жаранга, жаштарга сен ушул пенсияңды эртерээк топтоп баштасаң, кийин картайганда, пенсияң жогору болот деп. Эгерде төлөбөсөң пенсия деген кепилдик эмес. Жакыр болуп жашасаң пособие төлөнөт, ал эми мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес деп түшүндүрүшүбүз керек», — деп белгиледи Байсалов.
Ошол эле кезде Кыргызстандын Социалдык фонду 2022-жылдын октябрь айында пенсияны 50%га көтөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу ведомствонун башчысы Бактияр Алиев парламенттин 2022-жылдын 9-мартындагы жыйынында айткан.
Алиевдин айтымында, быйыл пенсияны көтөрүүгө 700 млн сом бөлүнгөн, бирок өкмөт баалардын жана доллардын курсунун өскөндүгүнө байланыштуу бюджеттен дагы кошумча каражат бөлүү маселесин карап жатат.