MediaHub энергетика тармагындагы ири коррупция тууралуу иликтөө жарыялады

MediaHub басылмасынын журналисттери жаңы иликтөөсүндө энергетиктер жетекчилери менен сүйлөшүп алып, коррупциялык схемалар аркылуу мамбюджеттен миллиондорду кантин чыгарып кетип жатканы тууралуу айтып беришти.

«Өлүү жандар»

Журналисттер энергетиктер карыздарды эки схема менен кечип жатканын аныкташкан. Алардын бири Гоголь жазгандай «өлүү жандар» деп аталат. Бул схема боюнча, электр энергиясы үчүн эсеп дүмүрчөк электр энергиясын колдонбогон жок абоненттерге келет — эч ким жашабаган үйгө же так эмес дарекке жазылат.

Журналисттер ири суммадагы эсеп дүмүрчөктөрү жазылган абоненттерди таап, ондогон коррупциялык фактыларды аныкташты.

Айбек Малиев аттуу абонент журналисттерге Ысык-Атада 25 жылдан бери колдонулбай турган өзүнө тиешелүү жер тилкеси тууралуу айтып берди. Анын айтымында, өзү айыл өкмөттөн үйдө 1995-жылдан бери киши жашабайт деген маалымкат алган, ага карабай 2018-жылдан тарта жарык үчүн дүмүрчөк келе баштаган.

«Эбактан бери үй да, электр карагайлары да, эсептегич да, өткөргүч зымдар да жок, бирок эсеп дүмүрчөгү келе берет. Өткөн жылы ноябрда президент Садыр Жапаров башкы прокурорго энергетика системасында текшерүү жүргүзүүнү тапшырган эле. Абдан сүйүнгөм. Буга тиешелүү адамдар жоопкерчиликке тартылат деп ойлогом, бирок эч нерсе болгон жок», — деп нааразы болду Малиев.

Энергетика тармагындагы эксперт Расул Үмбөталиев «өлүү жандар» схемасында пайдаланылган электр энергиянын эсеп дүмүрчөктөрү жок эле абонеттин мойнуна илинип каларын айтып берди.

«Дебитордук карызды көбөйтүү максатында, энергетиктер киши жашабаган үйлөрдү, курулбаган үйлөрдү таап, аларга 100-200 миң кВт.саат электр энергиясын колдонду деп жазып коюшат. Ошентип арам акчаны адалдаштырышат. Коррупция ошол жерде», — дейт Үмбөталиев.

Энергетика тармагында иштеген кызматкерлердин бири журналисттерге «Түндүк электрдин» ички базасынан абоненттердин тизмесин алып берген. Тизмеде Чүй облусу боюнча карызы жана даректери жазылган 827 абонент болгон.

Журналисттер тизмеде көрсөтүлгөн даректерге барып, алардын көпчүлүгүндө киши жашабай турганын аныкташкан.

«Үйлөрдүн биринин карызы 2 миллионго [сом] жакындап калган [...] эмнеге эч ким жашабаган үйгө 2 млн карыз жазылып кеткенин биз азыр түшүнбөй турабыз. Башка үйдүн болсо 300 миң сомдон ашык карызы бар, бирок ал үй кыйраган абалда, ал эми өткөргүч зымдар үзүлгөн. Дагы эки үйдө 74 жана 27 миң сом карызы бар, аларда да эч ким жашабайт», — деп айтып беришти журналисттер, 52 даректен 27си күмөн жаратарын кошумчалап.

«Сол чөнтөккө кеткен акча»

Журналисттер «өлүү жандар» схемасынан башка да акчаны чыгарып кетүүнүн жолдорун аныкташты.

MediaHub басылмасына Башкы прокуратуранын жана УКМКнын жетекчилери чара көрбөй жатканына даттануулар келип түшкөн. Энергетика тармагында иштеген малымат булагы «Түндүк электрдин» Таластагы филиалындагы күмөндүү процесстер тууралуу айтып берген.

Журналисттер анын айтканын текшерип, 2019-жылдын февралында Талас облусунун Покровка айыл өкмөтү электр энергиясы үчүн 115 миң сом төлөгүнүн аныкташкан. Анткен менен айыл аймактын балансына каражаттын теңи гана түшкөн, калган акчаны райондук электр тармактары (РЭТ) кызматкерлери менен абоненттери өз ара бөлүшүп алышкан.

Ошондой эле өздүк булак 2020-жылы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге арыз жазганын билдирген. Ал эми прокуратурадан сотко чейинки өндүрүш башталды деген жооп келген.

«Түндүк электрден» бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жаткандыгына байланыштуу маалымат бере албайбыз деп жооп беришкен. Таластын прокуратурасы тергөө жүрүп жатканын тастыкташкан.

«2020-жылы түзүлгөн актыны укук коргоо органдары эки жылдан бери тергеп бүтө алай келет», — дейт журналисттер.