«Утулуш». Оппозиция бийликти Кумтөр боюнча тынчтык келишимден баш тартууга чакырды

Кыргызстан Кумтөр боюнча Centerra Gold Inc. менен тынчтык келишимин түзүүдөн баш тартышы керек. Мындай билдирүүнү «Бириккен демократиялык кыймыл» «Кумтөр: коррупциялык жана экологиялык тобокелчиликтер» деген темада 13-апрель күнү Бишкекте өткөн жыйында жасады.

Саясатчылар Кумтөрдү улутташтыруунун зарылдыгы тууралуу кайрылуу даярдашканын билдиришти. Алардын пикиринде, канадалык компания менен келишим түзүү — Кыргызстан үчүн утулуш болот, анткени өлкө «Центеррадагы» акцияларынан баш тартып, экологиялык чыгымдарды өз мойнуна алып жатат.

«Бириккен демократиялык кыймыл» — бул кыргыз оппозициясынын жаңы түзүмү, кыймылдын түзүлгөнү 31-мартта белгилүү болгон. Анын курамында Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев өңдүү саясатчылар, ошондой эле укук коргоочулар жана активисттер бар. Кыймылдын координатору — Мамбетжунус Абылов.

Кумтөрдүн Кыргызстанга өтүшү

Президент Садыр Жапаров 4-апрелдеги кайрылуусунда «Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын» жарыялаган. Бул Кыргызстан Канаданын «Центерра Голд Инк» компаниясы менен расмий «ажырашканын» айгинелейт.

Президенттин айтымында, мындан ары «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын 100%ы — «Центерранын» туундуу ишканалары Кыргызстанга таандык.

Канадалык компания өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди дагы төлөп берет — болжол менен 11 млн доллар. Мындан тышкары, «Центерра» Кыргызстанга 50 млн доллар өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет. Ошондой эле кыргыз тарап буга чейин Лондондун банктарынын биринин эсебинде сакталып келген «Кумтөрдүн» рекультивациялык фондунан 53 млн доллар алат.

Мындан тышкары, канадалык компания Кыргызстанга каршы демилгеленген бардык соттук процесстерди токтотот: АКШда, Швецияда жана Канадада.

Президенттин айтымында, эгерде мурда Кыргызстан «Центеррандан» символикалуу көлөмдө гана дивиденддерди алып келген болсо, кен Кыргызстандын тышкы башкаруусуна өткөндөн бери 323 млн доллар алды.

Centerra эмнеге ээ болот?

Жапаровдун айтымында, «Центерранын» 26,1% акциясына ээлик кылган «Кыргызалтын» мамлекеттик компаниясы алардан баш тартат. 4-апрелге карата бул акциялар пакетинин баасы 778 млн доллардан ашуун турат.

Кыргыз тарап дагы Центеррага каршы козголгон бардык соттук жана башка иштерди, дооматтарды токтотот.

Канадалык компаниядан Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө жана ал айткан келишимдин чоо-жайын тастыкташкан. Компаниянын 4-апрелдеги билдирүүсүндө тараптардын ортосундагы тынчтык келишиминин башка да чоо-жайы камтылган.

Алсак, Кыргызстан Кумтөр кени жана анын рекультивациясы үчүн «толук жоопкерчиликти» өзүнө алган. «Кумтөр» долбоору менен «Центерранын» ортосунда түзүлгөн бардык макулдашуулар күчүн жоготот.

Канадалык компаниянын директорлор кеңешинен «Кыргызалтындын» эки өкүлү чыгат. Кыргызстан мамлекеттик компания аркылуу «Центерранын» 26,1% акциясына ээлик кылып келген жана канадалык компаниянын директорлор кеңешинде «Кыргызалтындын» үч өкүлү бар болчу.