Президент Садыр Жапаров 50% мамлекеттик үлүшү бар компанияларга мамлекеттик сатып алуулар сайтында тендер өткөрбөөгө уруксат берген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына эмне үчүн кол койгонун айтып берди.
Өлкө башчысынын айтымында, бул мыйзамдын жардамы менен коррупцияны жок кылса болот. Жапаров тендер принциби 10 жылдан бери колдонулуп келе жатканын жана бул жылдар аралыгында «миллиарддаган сомдор» уурдалганын айтат.
«Ошол тендер деген немеге жамынып алышып, буга чейинки салынган мектептердин бир квадратын 820 доллардан салып келишкен экен. Сапаты да начар болгон. Жалпы республика боюнча алганда миллиарддаган акчалар желип кеткен. Мен адистерди чогултуп алып, өзүм эсептеп чыктым. Бүгүнкү күндө бир квадрат метрин 650 доллардан салса деле курулушчу пайда табат экен», — деп жазды президент.
Жапаров кошумчалагандай, 15-сентябрга карата Бишкекте 15 мектеп жана 1 бала бакча ачылат. Президент мектептердин курулушу анын «жеке көзөмөлүндө» экенин баса белгиледи. Эгерде кча үнөмдөлүп сапатсыз салынса жоопкерчиликке тартабыз деп эскертти. Ошол эле учурда президент үнөмдөлгөн акча «100 эсе кайтарыларын» айтат.
«Бишкек шаарындагы жаңы конуштар мектеп менен толук камсыз болушат. Буга бир жарым миллиард сом акча бөлдүк. Баса, жалпысынан алганда 60 миң квадрат метр курулуп жатат. Ар бир квадратынан 170 доллар айырма болгондо 10 миллион 200 миң доллар үнөмдөлдү. Эгер тендер “тең бер” деген балээ менен кеткенибизде бул сумма бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетмек», — деп түшүндүрдү Жапаров.
Буга чейин Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан борбор калаадагы 15 мектеп жана 1 бала бакчанын курулушу 2022-жылы бүткөрүлөт деп билдиришкен. Мэриядан курулуш республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат деп айтышкан.
Мыйзамдын тобокелдиктери
Жапаров мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга жарандык коом каршы чыкканына карабай кол койду. Активисттер өз кайрылуусунда документти кабыл алынса коррупция көбөйүп, мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын үстүнөн мамкөзөмөлдү төмөндөтөрүн айтышкан.
Мындан тышкары, активисттер сатып алуулардын ачык-айкындыгы солгундап, жабык болуп каларын, ошондой эле бизнес тараптан ишеним төмөндөп кетерин белгилешкен.
Ошондой эле мыйзам долбоору сатып алуулардын маалыматтык ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздоо, сатып алуулар тармагында улуттук режимди камсыз кылуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коррупцияга каршы туруу жөнүндөгү ЕАЭБдин келишиминин ченемдерин бузат. Жарандык активисттер мыйзамды кабыл алуу «домино эффектисин ойготуп, мамлекеттик сатып алуулар системасынын талкаланышына дагы алып келиши мүмкүн» деп коңгуроо кагышкан.
Мамлекеттик сатып алуулар, бул мыйзам долбоору кабыл алына электе эле « коррупциянын бейиши» деп эсептелчү. 2021-жылы «Клооптун» журналисттери бардык мамлекеттик тендерлер мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу өткөрүлгөнү менен конкурстар тууралуу маалыматтардын көпчүлүгү кол жеткис бойдон калып жатканын аныкташкан.
Журналисттер мамлекеттик мекемелер бюджеттик каражаттарды ачык-айкын керектешпейт, көзөмөл органдары буга жыл сайын көз жумуп коёт деген бүтүмгө келишкен.