Өзбекстандын президенти май айынын аягында Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев майдын аягында Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын сайтында кабарланды.

Президент Садыр Жапаров 14-апрелде Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, тышкы соода жана инвестициялар министри Сардор Умурзаковду кабыл алган. Ал Кыргызстанга өзбек президенти Мирзиёевдин келишине даярдануу үчүн анын тапшырмасы менен келгенин айткан.

Жапаров өзбек президентинин пландалган иш сапары эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Ошондой эле президент Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун ачылышын кубаттап, эки өлкөнүн ишкерлеринин соода-инвестициялык байланыштарынын кеңейишин каалады.

Садыр Жапаров Өзбекстанга 11-12-мартта иш сапары менен барган. Эки өлкөнүн башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө өлкөлөр аралык соода алмашууну көбөйтүү, суу иштетүү жана энергетика жаатында кызматташуу, ошондой эле чек ара маселелери боюнча келишишкен.

Мындан тышкары, тараптар биргеликте инвестициялык долбоорлолрду каржылоо үчүн Кыргы-Өзбек инвестициялык фондун түзүүнү чечишкен.