Айыл чарба министрлиги коомдук муктаждыктар үчүн жер тилкелерин сатып алууну сунуштады

Айыл чарба министрлиги коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкелерин сатып алууга жол берген мыйзамдын долбоорун сунуштады.

Мыйзам долбоорунда жерди сатып алуу «ыйгарым укуктуу органдын катышуусу менен менчик ээсине акы төлөнүп, келишимдик негизде жерди ээликтен ажыратуу» жолу менен ишке ашырылат деп айтылат. Ага кайсы орган жооптуу болорун минкаб аныктайт.

Жерди мамлекеттин түрдүү муктаждыктары үчүн сатып алуу сунушталууда:

  • улуттук коопсуздукту камсыздоо;
  • айлана-чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо;
  • социалдык, өндүрүштүк жана транспорттук объектилерди куру жана тейлөө;
  • энергетикалык, инженердик жана архитектура-курулуштук инфраструктура;
  • пайдалуу кендерди иштетүү:

Жерди сатып алуунун тартибин дагы минкаб аныктайт. Жерди менчик ээсинин макулдугу, мамлекеттик орган менен келишим түзүүнүн негизинде сатып алуу пландалууда. Ошол эле учурда, эгер жердин ээси сатуудан баш тартса, мамлекет жерди сатып алуу арызы менен сотко кайрыла алат.

Документте айтылгандай, жер тилкесин алып коюу жердин наркы төлөнгөндө гана ишке ашырылат. Бул баага жердин, тилкеде жайгашкан имараттын юазар баасы, ошондой эле участок боюнча милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда токтотуудагы чыгымдар кирет.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде сатып алынган жерлер коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарга гана колдонулат деп айтылат. Эгер ал башка адамдардын менчигине өтүп кетсе, анда ал мыйзам бузуу болуп эсептелет.