19-апрель күнү эртең менен Чүй облусундагы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургундары Ленин айылына баруучу Алма-Ата көчөсүн тосуп алышты. Алар «Алтын-Казык» конушун өз айыл айыл өкмөтүнүн курамына кошууга каршы чыгышты.

Аталган конушта үйлөр мыйзамсыз курулган, ал эми таштанды полигонунан улам мыйзамдаштырууга болбой келет. Ак-Дөбө айылынын тургундарынын нааразычылыгы Чүй облусунда 2000-жылдардын ортосунда башталып, ушул убакка чейин чечилбей келаткан жерлерди өзбилемдик менен басып алуу көйгөйүн кайрадан эске салды.

«Клооп» айыл тургундарын кепке тартып, жер басып алуу көйгөйү жолдорду тосуп алууга чейин жеткиргенин аныктады.

Кайырма айылынын тургуну Гарип Мустаков

Ак-Дөбө элинин талабы

Ак-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кайырма жана Молдовановка айылдарынын тургундары Алма-Ата көчөсүн тосуп алышты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, шаардык таштанды полигонунун айланасындагы болжолу 100 гектар жер алардын айыл өкмөтүнө караштуу. Мурда бул айдоо аянттарына буудай жана арпа эгилчү.

«[Биз баарыбыз] ар башка комбинаттарга сатканбыз. Кийин [100 гектарга жакын] жер шаардык башкармалыкка ижарага кеткен. Биз бергенбиз. Бирок 2004-2006-жылдары шаарда жер басып алуу башталды […] Бийликке кайрылганбыз, бирок алар да алмашып отуруп ошол боюнча иш токтоп калган. Жер басып алгандар үй салып, 15 жылдан бери жашап жатышат. Азыр болсо айылга келип: “Бизди каттоого тургузгула, кызыл китеп бергиле” деп жатышат. Жерди басып алгандарга кантип кызыл китеп беребиз?» — дейт наарзы болгон Кайырма айылынын тургуну Гарип Мустаков.

Ал Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн жеке бюджети жок, дотацияда турган айыл өкмөт экенин айтып, «Алтын-Казык» конушун керектүү инфраструктура менен камсыз кыла албайт деп кошумчалады.

«Мейли, үй курдуңар, бирок Бишкекке барып мыйзамдаштыргыла, биздин мамкаттоого келбегиле деп айтып жатабыз. Биринчи май району суу, электр энергиясы, милиция менен камсыз кылсын, тейлесин. Биз каякта жашайбыз, алар каякта», — дейт Мустаков.

Кайырма айылынын тургуну Султан Борчубаев

Анын айылдашы Султан Борчубаев эгер «Алтын-Казыктын» тургундары алардын айыл өкмөтүндө катталса, Ак-Дөбөнүн өзүнүн тургундары жерсиз калышы мүмкүн деп чочулайт.

«Маселен, эгер алар бул жерге катталышса, ал эми учурдагы мыйзамсыз жашап жаткан үйлөрү, санитардык талап боюнча жашаганга жарабайт, аларды эртеби-кечпи сүрдүрүп, ал жерден көчүрүшөт. Андан кийин алар жерди жана үйдү кайдан талап кылышат? Биздин айыл өкмөттөн талап кылышат. Биздикилер биздин жерлерди, жер тилкелерибизди бергенге аргасыз болушат», —деп түшүндүрдү ал.

Анын айтымында, Ак-Дөбө айылынын тургундары өздөрү айылдан качан жер тилкеси тиет деп күтүп жүрүшөт.

«Көп адам кезекте турат, мен дагы кезекте турам. Бир тууганым, кошунам, кезекте турат. Жаштардын бары эле кезекте турат, айтып кереги жок», — деп кошумчалады ал.

«Алтын-Казыктын» тургундары эмне дейт?

«Алтын-Казык» шаардын таштанды талаасынын аймагында жайгашкан. Мындан улам, мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу ишке ашпай келет. Жергиликтүү тургундар негизинен таштанды талаасында иштешет — таштанды иргешет.

«Алтын-Казык» шаардын таштанды талаасынын аймагында жайгашкан. Мындан улам, мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу ишке ашпай келет. Жергиликтүү тургундар негизинен таштанды талаасында иштешет — таштанды иргешет.

Шаардык таштанды полигону. Сүрөт: Анастасия Лысогорова / Клооп

Жергиликтүү тургундун айтымында, азыркы тапта «Алтын-Казык» жаңы конушунда 1,5 миң киши туруктуу жашайт. Айрым маалыматтарга ылайык, конушта 5-7 миңге жакын адам жашайт.

«“Алтын-Казык” конушунда бала бакча, мектеп жок [...] Азыр техпаспорт жок, мындан улам балдарыбызды бала бакча, мектеп, медпункттарга өз алдынча каттоого аракет кылабыз. Документтер жок болгондуктан бул өтө кыйын», — дейт ал.

«Алтын-Казыктын» тургунун айтымында, алар конуш Бишкектин Биринчи май районуна кошулат деген план бар экенин билишет.

«Бул бизге[ыңгайлуу болмок]. Айрымдар “Алтын-Казык” жаңы конушун экиге бөлүп, Ленин менен Биринчи май райондоруна кошот деп айтып жатышат», — деп кошумчалады ал.

Бийликтин позициясы

Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Белек Сакиев «Алтын-Казыктагы» бул 100 гектар жер документ боюнча аларга караштуу экенин белгилейт.

«Азыр мыйзам боюнча аларды легалдаштыруу керек. Алар [“Алтын-Казыктын” тургундары] болгону техпаспорт алышат. Ошол техпаспорттун негизинде каттоого турса болот. Алар өз ордунда жашай беришет, бирок ал жерде [Алтын-Казыкта] жашаса болобу-жокпу — муну өкмөт аныктайт», — деген ал НТС телеканалына берген интервьюсунда.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев «Алтын-Казыкты» Бишкек мэриясына өткөрүп берүүнү убадалады.

«Кайырма» айылынын тургундары, “Алтын-Казык” конушу Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн карамагына өтүшүнө каршы. Алар конушту Бишкек шаарына өткөрүп берүүнү талап кылууда. Учурда Аламедин районунун мамлекетик администрациясы [Алтын-Казыкты] Бишкекке өткөрүп берүү үчүн баштапкы документтерди даярдап жатышат. Бугүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүккө келип түшөт, биз корутунду чыгарып, шаардык кеңештин кароосуна, Бишкек мэриясына өткөрүп беребиз», — деди Алымбаев НТСке курган маегинде.

Айыл тургуну Гарип Мустаковдун айтымында, президенттин өкүлү «кагаз иштерин бүтүрүү үчүн» митингге чыккандардан бир ай убакыт сураган.

«Биз Кайырма айылына бир дагы адам катталбасын жана айылга келбесин деген талап койгонбуз. Биздин бюджетибиз жок, дотациядагы айыл өкмөтпүз. Суу, свет жок отурабыз. Ошондуктан жолду тосуп чыктык. Биздин башка максатыбыз жок болчу. Мыйзамдын иштешин талап кылабыз», — деп белгиледи ал.