Кыргызстанда креативдүү экономика «мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири» деп аныкталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун «Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» кол койгон жарлыгында айтылат.
Өлкө башчынын басмы сөз кызматынан «соңку жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген жана калктын кирешесинин өсүүсүнө жана иш менен камсыз болуусуна, мүмкүндүк берүүчү экономиканын перспективдүү секторлорунун бири катары креативдүү экономика бүткүл дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда активдүү өнүгүүдө» деп белгилешти.
*«Креативдүү экономика» термини биринчи жолу илимий колдонууга 2000-жылы киргизилген. Адатта бул түшүнүк интелектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжасы катары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга негизделген экономиканын өзгөчө сектору болуп эсептелет.
Президент өз жарлыгынын алкагында өлкө экономикасынын инновациялык багытын өнүктүрүү үчүн негиз түзүүнү токтом кылды. Ал креативдүү индустриялар секторун экономиканын жаңы тармагы катары илгерилетүүгө мүмкүндүк бериши керек.
Ошондой эле мамлекет башчысы минкабга төмөнкү тапшырмаларды берди:
- өлкөнүн креативдүү экономикасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү;
- креативдүү индустриялар классификациясын аныктоо;
- креативдүү индустриялар паркын түзүү;
- 2022-жылдын 1-октябрына чейин креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө багытталган укуктук-ченемдик актылардын топтомун иштеп чыгуу;
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан глобалдык инновациялык индексте Global Innovation Index) 132 өлкөнүн ичинен 98-орунду элеген. Сabar.asia’нын маалыматына ылайык, баалоо үчүн өлкөнүн инновациялык өнүгүүсүн толук көрсөткөн 80 параметр колдонулат, анын ичинде саясий абалга, билим берүүнүн акыбалына, инфраструктуранын жана ишкерликтин өнүгүү деңгээлине сереп салынат.
Алсак, өткөн жылы Швейцариянын экономикасы эң эле инновациялык деп аныкталган.