Кыргызстан соңку бир жарым жылда дээрлик 467 млн доллар насыя алды

Кыргызстан 2020-жылдын октябрынан тартып өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрү менен 758,3 млн долларлык келишимге кол койду. Бул тууралуу 21-апрелде Финансы министрлигинен белдиришти.

Бул маалыматты министрлик өлкөнүн карызы 1 млрд долларга көбөйдү деп айтылган маалыматтарды четке кагуу үчүн таратты. Буга чейин мындай маалымат соцтүйүндөрдө пайда болгон.

Мекеменин билдиргени боюнча, бул сумманын ичинен 466,8 млн доллар — кредит, калган 291,5 млн доллары — грант. Министрликтен Кыргызстан кирешеси төмөн өнүгүп келе жаткан өлкө болгондуктан донорлор зайымдарды «кыйла эле жеңилдетилген шарттар менен» берип жатышканын белгилешти.

«Каражаттар көбүнесе өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, жолдорду оңдоого, энергетикалык тармакты реформалоого, социалдык уюмдарды курууга, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө, таза суу менен камсыздоого жана ирригациялык системаны жакшыртууга келип жатат», — деп түшүндүрүштү ведомстводон.

Ведомстводон каржылык жардам фискалдык жана акча-кредидиттик саясатты колдоо үчүн бюджеттик жардам катары берилип жатканын дагы кошумчалашты.

Кыргызстандын мамлекеттик — ички жана тышкы карызы — 2021-жылдын аягына карата 436 млрд 270,7 млн сомду ($5 млрд 147 млн) түзгөн. Бул сумманын 80%дан ашыгы тышкы карыз — 364 млрд сом.

Баарынан да өлкө Кытайдын Экспорттук-мпорттук банкына (Эксимбанкка) карыз — 152 млрд сомдон ашык.

Мурдараак минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров тышкы карыз боюнча акчалар эң эле көп төлөнгөн мезгил 2024-жылга такаларын белгилеген — өлкө тышкы насыя берүүчүлөргө 330 млн долларга чукул төлөп бериши керек болот.

Башкы беттеги сүрөт: Unsplash / Engin Akyurt.