Айсулуу Тыныбекованы бутунан жаракат алгандыктан казак спортчусу көтөрүп бараткан видео чыкты

Айсулуу Тыныбекова Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында 62 кг салмакка чейинки категорияда таймашка чыгып, күмүш медалды багындырды.

Финалдык беттешке Тыныбекова 22-апрелде жапониялык спортчу менен чыккан. Бирок акыркы таймаш Тыныбекова жаракат алганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бүткөн. Бутунан жаракат алгандыктан сыйлык алууга да катыша албай калган.

Кийин соцтүйүндө казакстандык спортчу Айсулуу Тыныбекованы мелдеште бутунан жаракат алгандыктан жонуна мингизип көтөрүп баратканы тартылган видео пайда болгон.

Видеодогу кыз Казакстандын эл аралык класстагы спорт чебери, Гүлмарал Еркебаева экени белгилүү болду. Ал Монголиядагы Азия чемпионатында 76 кг салмакка чейинки беттеште коло медалды жеңген.

Айсулуу Тыныбекова — дүйнөнүн эки жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону, Токиодогу Олимпиадалык оюндардын күмүш медалынын ээси жана башка көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү.