Алмаз Сманбеков Азия чемпионатында коло байгени багындырды

Алмаз Сманбеков Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия Чемпионатында коло медалды багындарды.

Кыргызстандык балбан 57 кг салмакта үчүнчү орун үчүн кармашта өзбекстандык атаандашын 13:7 эсебинде жеңген.

Балбан буга чейин эки жолу беттешип, чейрек финалда Түштүк Кореянын спортчусун 4:1 эсебинде утуп, жарым финалда казакстандык атаандашынан 5:6 эсебинде жеңилген.

Бул чемпионатта кыргыз балбандары куржунга жалпы 10 медаль чогултканга жетишишти.

Аялдар күрөшүндө Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг салмакка чейин) жана Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) күмүш медалдарды утушкан.

Грек-рим стилинде күрөшкөн балбандар Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Тынар Шаршенбеков (63 кг чейин) жана Акжол Махмудов (77 кг чейин) алтын байгелерди багынтышкан. Ал эми Адилхан Нурланбеков (72 кг чейин), Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) жана Роман Ким (130 кг чейин) коло байгелерди алышкан.