Балбан Эрназар Акматалиев Азия чемпионатында күмүш байгени жеңди

Эрназар Акматалиев Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия Чемпионатында күмүш медалды багындарды. Кыргызстандык 70 кг салмакка чейинки категорияда таймашты.

Финалдык кармашта Акматалиевге жапониялык атаандашын утуу үчүн болгону бир упай жетпей калды. Таймаш 3:4 эсебин де жыйынтыкталды.

Кыргызстандык балбан таймашты чейрек финалдан баштап, индиялык спортчуну 6:3 эсебинде жеңген. Андан кийинки беттеште монголиялык спортчуну 12:6 эсебинде уткан.

Кыргызстандын куржунуна жалпы 11 медаль түштү.

Аялдар күрөшүндө Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг салмакка чейин) жана Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) күмүш медалдарды утушкан.

Эркектердин арасында алтын медалдарды Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Тынар Шаршенбеков (63 кг чейин) жана Акжол Махмудов (77 кг чейин) багынтышты. Ал эми Алмазбек Сманбеков (57 кг чейин), Адилхан Нурланбеков (72 кг чейин), Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) жана Роман Ким (130 кг чейин) коло медалдарга ээ болушту.