Кыргыз-казак чек арасында жүк унаалардын топтолушуна байланыштуу маселе жөнгө салынды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 24-апрелде Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары, соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө посттунда жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, Кожошев менен Султанов өткөрүү пунктунун иши менен жеринде таанышып, кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги жүк ташуучу унаалардын топтолушуна байланыштуу кырдаал жөнгө салынгандыгына «күбө болушкан».

Ошондой эле алар мындан ары, жетишилген келишимге ылайык, Кыргызстандан чыгып жаткан жүк ташуучу унааларды ташып бараткан товарлары үчүн электрондук эсеп-фактурасы жок киргизүүгө тыюу салынганын белгилешти. Мындан тышкары, келишимге ылайык, казак тарап эми Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө транзит менен бара жаткан жүк ташуучу уналарды ташып бараткан жүгү үчүн тийиштүү коштомо документтери бар болсо текшербейт.

Минкабдан жолугушууда «Ак-Тилек» — «Карасу» өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси дагы талкууланганын белгилешти.

Ошондой эле Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов 29-апрелде Кыргызстанга жумушчу сапар менен келери белгилүү болду. Ал кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынына катышат.

Мындан тышкары, жолугушууда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасалуучу расмий сапарына карата даярдык көрүү маселелери да талкууланган.