Шектүүнүн ооруканадан качып кетишине жол бергендерге карата иликтөө башталды

Бишкекте 26-апрелде Улуттук хирургия борборунан тиш доктур качып кеткен. Ал буга чейин алдамчылыкка шектелип кармалган. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, шектүү «Аламүдүн-1» кичи районунда жашынып жүргөн жеринен кармалган.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, качып кетүүгө жол берген милиционерлерге карата иликтөө башталды.

Милициядан шектүү буга чейин бейтаптын тишине брекеттерди орнотуп берүүнү убада кылып, алдап 34 миң сом алганын дагы кошумчалады.

Факт «Алдамчылык» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Октябрь райондук сотунун чечими менен шектүү Бишкектин №1 тергөө абагына киргизилген.