Бишкекте сүннөткө отургузуу учурунда каза тапкан жети жашар бала катуу стресс алып, андан соң жүрөгү токтоп калган. Бул тууралуу баланын өлүмүн иликтеген комиссиянын төрагасы, хирург Талант Өмүрбеков Kaktus Мedia басылмасына билдирди.
Хирург окуяны көз карандысыз адистер териштирип, комиссия башка дагы адистерден консультация алганын маалымдады. Өмүрбековдун айтымында, каза болгон наристеге балдар үчүн ылайыкталбаган ооруканада, балдар адистери жана анестезиологдор жок шартта операция жасалган.
«Атайын аспаптар, жабдуулар, наркоздук аппарат, ИВЛ аппараттары болуш керек. Майда-чүйдөсү көп», — деп белгиледи ал.
Хирургдун айтымында, дарыгерлер баланы алдын ала медициналык даярдыктан өткөрүшкөн эмес, ошондуктан ал катуу стресс алган.
«Операциянын алдында балдарга атайын каражаттар берилет. Топтомдо бронхторду кеңейтүүчү, аллергияга каршы, баланы тынчтандыруучу дары-дармектер болот», — деди Өмүрбеков.
Хирург дарыгерлер баланын психологиялык абалын да эске алышпаганын, процедура учурунда бала катуу стресс алганын белгиледи.
«Элестетип көрсөңүз, жети жаштагы баланы операция бөлмөсүндө алты-жети киши курчап турса, орган өзү сезимтал болсо, анан ага ийне сайылса. Бала оорудан тыбырчылаган эмес: ага ооруксуздандыруучу ийне сайылган да, коркконунан тепкиленген. Балага 3-балдар ооруканасында операция жасаган хирургдардын айтымында, ага ооруну сездирбей турган дары аябай көп сайышкан, бала коркуп эмес, ооруганынан ыйлап атат деп ойлошсо керек. Чоң кишилер менен иштешкен дарыгерлер мындай жагдайларды эске алышпайт», — деди профессор.
Хирург баланын өлүмүнө коркуу гормонунун, адреналиндин бөлүнүп чыгышы, көп өлчөмдө сайылган оорууну басаңдатуучу каражаттар жана наркоз алып келди деп жыйынтыктады. Анын айтымында, ушунун баары бири-бирине кошумча болгон.
«Бала каршылык көрсөткөндүктөн хирургдар операцияны аягына чыгарган эмес. Андан кийин №3 балдар ооруканасына алып келишкен. Кан токтобой, парафимоз пайда болгон — жыныс мүчөсүнүн башын сүннөт териси жаап калган. Мындай учурда тез арада операция жасалышы керек. Балага наркоз берилип, сүннөткө отургуза баштаганда алгач дем алуусу, андан кийин жүрөгү токтоп калган. Жандандыруу чаралары көрүлгөн, бирок баланы сактап кала алышкан эмес», — деп түшүндүрдү Өмүрбеков.
Сүннөткө отургузуу учурунда баланын каза болушу
2-апрелде Бишкектеги № 3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында (3-балдар ооруканасы) сүннөткө отургузуу учурунда жети жашар бала каза тапкан.
Балага Улуттук госпиталда анестезия жасалып сүннөткө отургузулган. Андан кийин бала «Платтер синдрому диагнозу менен жарааттан кан токтобой» №3 балдар ооруканасына түшкөн. Ал жерден жети жашар бала эсине келбей көз жумган.
Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Саламаттык сактоо министрлигинен «Клоопко» №3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жетекчилиги ички иликтөө жүрүп жатканын билдиришкен.
Учурда №3 балдар ооруканасында ички иликтөө жүрүп жатат. Улуттук госпиталдын бөлүм башчысына сөгүш берилип, операция жасаган врач өз каалоосу менен жумуштан кеткен, ал эми урология бөлүмүнүн жетекчисине тарбиялык иштерди жүргүзүү жана ординаторлордун ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү сунушталган.
Бул сүннөткө отургузуу учурунда балдар каза болуп же жабыркаган жалгыз окуя эмес. 2019-жылы Ысык-Көл облусунда үч жаштагы бала сүннөткө отургузуудан кийин наркоздон улам өзүнө келбей чарчап калган. Ошол эле жылы ушул эле облуста он жаштагы бала мечитте сүннөткө отургузулгандан кийин кан көп кетип, гематома менен ооруканага түшкөн.