Президенттин басма сөз катчысы Кыргызстан НАТОго кошулат делген маалыматты четке какты

Президенттин басма-сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстан НАТОгө кирүү маселесин карап жатат делген маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал Фейсбук барагында билдирди.

Анын айтымында, соцтармактарда Кыргызстан ЖККУдан чыгып, НАТОнун курамына кошулат деген маалымат тараган. Султанбаев бул маалыматтардын чындыгы жоктугун айтты.

«Жалган жана чагымчыл маалыматтарды таркатуудан карманууну өтүнөм, ошондой эле анык жана расмий булактарга ишенүүгө чакырам», — деп жазды ал.

НАТО — бул Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму. Ал аскердик блок болуп саналат. Уюмга АКШ, Франция, Түркия жана Европанын башка өлкөлөрү кирет.