«Клооп» басылмасынын Ош шаарындагы бюросунун кызматкерлери 29-апрель күнү кыргыз-тажик чек арасында башталган эң ири куралдуу жаңжалды жеринен чагылдырган.
Алар Баткен шаарына саат 10:00 чамасында жетип, жагдайды билүү үчүн облустук администрацияга келишкен. Ошол учурда эл чогулуп Көк-Таш айылына жөнөп жатканына күбө болушкан. Андан кийин журналисттер да Көк-Ташка барып, элдин үнүн түз эфирде беришкен.
Кыргыз-тажик чек арасында ок атуулар таңкы 04:00 чамасында эле башталган. Ошол учурдан тартып чек арага чектеш жашаган Баткен районунун тургундары эвакуацияланган.
Саат түшкү 14:00 чамасында «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына миномёт ыргытылып, жеринде 20дан ашуун киши каза болгон. Ошол учурда Ош — Баткен — Исфана жолу жабылып, Көк-Таш айылынын тегерек чети изоляцияда калган. Баткен шаарына бир гана атайын аскердик унаалар гана өтүп турган.
Ал эми негизги трассадан «Головнойго» кеткен тилкеге 5-6 сааттай ок атылган. Ошол учурда ондогон жай тургун менен журналисттердин башынан октор учуп, абал курч болгон. Шаарга кеткен жолду тажик аскерлери аткылап, эч ким эч жакка кете алган эмес. Алты сааттан кийин ӨКМдин кызматкерлери атайын унаасы менен изоляцияда калгандарды, анын ичинде журналисттерди коопсуз жайга эвакуациялаган.
Чек ара жаңжалын жеринен чагылдырган «Клооптун» казматкерлери ошол учурдагы сезимдери менен бөлүшүштү.
Элвира Султанмурат кызы, «Клооптун» кыргыз редакциясынын башкы редактору
29-апрель саат түшкү 3 болсо керек эле. Баткендин Көк-Таш айылы. Күн ысык, көлөкө дээрлик эч жерде жок. Бетондун асты гана салкын. Башыңды көтөрсөң ок тийиши мүмкүн. Даараткана жок. Мен орозо эмес болчум, суу аз эле алган элек, ал да түгөнгөн. Мен жеке өзүм ок атышуудан канча киши жаракат алды экен деп кыжаалат болуп турдум. Анан баламдын гана элеси көз алдыма келип атты. Анын күлкүсүн эстеп коём. Анан кайра чек арадагы кырдаалга сарсанаа болуп оюм ошол жакка бөлүнөт. Ок атуулар эч эле токтобой жатты. Кесиптештеримди да ойлоп коём. Анткени баары бир алардын өмүрү үчүн жоопкерчилик менде да бар. Жакындарыбызга акыркы видео кайрылуу жаздырып койсокпу деп Нуризатка (кесиптешиме) айттым. Кийин Мегаком тартпай, байланыш жок ал оюм унутта калды. ӨКМ бизди эвакуация кылып жатканда үмүттүн шооласы жанып кетти. Андан ары шаарга чейин дагы 4-5 саат жол жүрдүк. Чаң жуттук, адам көптүгүнөн бири-бирибизге жабышып калганбыз, аба араң жетип атты. Коопсуз жайга жеткенде, көңүлүбүз бир аз жай алды.
Бирок ошол учурда кырдаал дале курч эле. Элдин коопсуздугун ойлоп, кыйналдык. Кийин Баткен облустук ооруканасына бардык. Ал жакка Тез жардамда жана башка унааларда жаракат алгандар тынымсыз жеткирилип жатты. Адам өмүрү кыйылбаса экен деп биз да тиледик. Өкүнүчтүүсү, кийин 36 мекендешибиз окко учканын билдик.
Хамидулло Узаков, «Клооптун» ошол учурдагы оператор-монтажёру
Биринчи эле абалды көрүп эки мамлекеттин ортосунда олуттуу жаңжал башталып кеткенин түшүнгөм. Биринчи жолу көз алдымда адамдар кыйналып каза болгонун көрүп, өлүм жаныбызда жүргөнүн сезгендей болгом. Кандын жыты оозума келди... Башка өлкө бастырып кирип атканын, адамдар каза болуп атканын көрүп турган убакта журналистикадагы бейтараптуулукту кармоо аябай кыйын экенин сезгем. Бирок кандай учур болбосун журналист экениңди унутпай, өз милдетти так аткаруу керектигин түшүндүм.
Нуризат Мирланбек кызы, «Клооптун» СММ-адиси
Ошол убакта Баткенде болуп калбаганда элдин кайгысын жон терим менен эч качан сезбесем керек эле… Башыбыздан учкан октор, миномёттун үнү, көп кан жоготуп жаткан адамдар… Баткендин тургундарынын эрдигине бир чети суктансам, бир чети боорум ооруган. Беш сааттан ашуун ок атуулардан кийин жашоомдун эң бактылуу ирмемдери көз алдыма келип, өмүрүм ушул жерден бүтөт окшойт деп ойлоп калгам. Жакындарыма чалып, банктык эсебимдин кодун айтып, карызымды төлөп коюсун айттым. Байланыш жоголгондо жакындарыма жакшы көрөөрүмдү айта албай кете беремби деген ой каптады. Болгондо да башкы редакторубуз «жакындарыбызга акыркы кайрылуубузду жиберет окшойбуз» деп көзүнө жаш келгенде ичимден аябай жаман болгом…
Баткен ооруканасына барганда, «Менин балам кана?! Эртең менен чыккан боюнча жок! Эмнеге келбей жатат?! Таап бергиле менин баламды!» деп ыйлаган энелердин көз жашы, аталардын көз жашы менин жүрөгүмдү канаткан…
Тойчубек Боронбаев, «Клооптун» оператор-монтажёру
Жол боюнда өткөн 6 саат. Мен ошол учурда биздин команда менен барган кесиптешибиз Элвира, Нуризат жана Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупованын эрдигине баа бердим. Анткени ок атышуу болгон жерде алардан башка аял заты жок болчу. Бирде алардын коопсуздугун ойлосом, бирде алардын баатырдыгына суктандым.
Бекболсун Кайыпов, «Клооптун» ошол учурдагы айдоочусу
Саат түшкү экиде «Головнойдо» ок атышуу башталып, биз турган жерге аскерлер жарадар болуп келип жатышты. Көк-Таш тарапта дагы атышуу болуп жатты.
Биз ошол жердеги тосмого жашынып отуруп калдык. Октор учуп, миномёттор атылып жатты. Ордуңдан турсаң ок тиет болчу. Ошол маалда Мегаком дагы иштебей калды. Апам жаңылыктарды угуп кыжаалат болбосун деп, Тойчунун Билайн номери аркылуу жубайыма чалып, «Байланыш тартпай калды, өчүк болсом кыжаалат болбогула, апама айтып кой, бизде баары жакшы» дедим. Себеби, апам кырдаалды билсе, үйдө тынч отура албай калат эле. Баткен эли чыныгы баатырлар, чыныгы чек арачылар экенин билдим. Жерин таштап башка жакка көчүп кетпеген, чыныгы мекенчилдер ошолор десем болот.