Бишкектин 144 жылдыгы менен тургундарды космостон куттукташты

«Роскосмостун» космонавты Сергей Корсаков Бишкек шаарынын 144 жылдыгына карата борбор калаанын тургундарына космостон видео куттуктоо жолдоду. Видеону мэриянын басма сөз кызматы жарыялады.

Корсаков Кыргызстандын борбору, Бишкекте туулуп, билим алганын белгилеп, учурда космосто Эл аралык станциянын бортунда иштеп жатканын айткан.

«Шаардын өзгөрүп жатканы космостон даана көрүнүп турат: жаңы турак-жайлар, мектептер, бала бакчалар курулуп, жолдор оңдолуп, скверлер, парктар көрктөндүрүлүп жатат. Мунун баары долбоорлорду жаратмандык менен ишке ашырып жаткан бардык тургундардын эмгеги», — деди ал.

29-апрелде Бишекте шаардын 144 жылдыгы белгиленди. Борбор калаада майрамдык салтанаттар өткөрулдү. Ал эми Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду.