Ош шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөн көчө жана сейил бак пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы Уркуя Салиева көчөсү жана андагы сейил бак оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

30-апрелде көчөнүн жана сейил бактын ачылышы болуп, ага мэр Алмаз Мамбетов баштаган мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мэриянын маалыматына караганда, Салиева көчөсүндөгү жолдун 2 километрине жаңы асфальт төшөлгөн. Аллеяда балдар үчүн шарттар түзүлүп, фонтан, инсталляциялар, балдар аянтчасы жана жарыктандыруу орнотулган.

Ошондой эле кошумча эки аялдама жана ажаткана курулду.

Мэриядан тургундарды сейил бакка аяр мамиле кылууга чакырышты. Ошондой эле аймакка байкоочу камералар орнотулганын эскертишти.