«Азовсталдагы» эвакуация, Львовду кыдырган Анжелина Жоли жана 4,5 млн тонна буудай

Украинада орус аскерлеринин толук масштабдагы кол салуусу уланууда.

БУУнун маалыматына ылайык, 29-апрелде Мариуполдогу «Азовсталь» заводунун аймагындагы жай тургундар эвакуациялана баштады. Reuters басылмасынын маалыматы боюнча, эвакуацияга Украинанын, Орусиянын жана Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрү катышып жатат.

Орусиянын Коргоо министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, 80дей киши орус аскерлеринин көзөмөлүндөгү «ДЭР» деп аталган аймакка чыгарылган.

Орус аскерлери украиналыктардын бир бөлүгү коопсуз жайга чыгарылары менен дароо «Азовсталь» заводунун аймагын аткылоону кайра башташкан. Ал эми Мариуполдон жай тургундарды коопсуз жайга чыгаруу боюнча кезектеги иш-чара 2-майга жылдырылган.

Украин басылмалары билдиришкендей, 28-апрелге караган түнү орус аскерлери «Азовсталь» госпиталына авиациялык бомбаларды ташташкан. Ал жерде жай тургундар жана аскер кызматкерлери дарыланып жаткан.

БУУнун ыктыярдуу элчиси, актриса Анжелина Жоли 1-майда Львов облусундагы Борислав шаарына келди. Ал жерден актриса Луганск облусунан эвакуацияланган балдар жашап жаткан «Гармония» реабилитациялык борборуна барды.

Мындан тышкары, Жоли Львовдо ыктыярчы жана качкындар менен жолугушту. Ал Орусиянын чабуулунда жарадар болгон балдар дарыланып жаткан ооруканага да барган.

Орусия ИИМнин башчысы Сергей Лавров орус аскерлери Украинадагы согуштук аракеттерди кайсы бир күнгө, анын ичинде 9-майга карата «атайылап тууралабайт» деп билдирди. Ошол эле кезде Москва Украина өз ыктыяры менен каршылык көрсөтүүсүн токтотуусун каалайт.

Тышкы иштер министри Орусия Украинада режимди алмаштырууну көздөбөгөнүн дагы билдирип, мындай «ыкма Америкага таандык» деп кошумчалады.

«Украинанын чыгышында жашагандардын коопсуздугун камсыз кылгыбыз келет. Алар бул өлкөдө милитаризацияга да, нацификация дагы кабылбашы керек. Ал эми Украинанын аймагы тараптан Орусия Федерациясына эч кандай коркунуч туулбагыдай болушу абзел», — деди Лавров.

Мындан тышкары, Лавров орус тарап Зеленскийден жеңилип берүүнү талап кылбаганын, бирок өз армиясына жана украиналыктарга «каршылык көрсөтүүнү токтоктууга» буйрук берүүсүн талап кылып жатканын кошумчалады.

1-майда Орусиянын 18 шаарында Украинадагы согушка каршы чыккан 200дөн ашык адам кармалды. Акцияга чыккандардын эн эле көбү Москва жана Санкт-Петербург шаарларында кармалды. Мындай маалыматтарды 2-майга караган түнү «ОВД-Инфо» укук коргоочу долбоору жарыялады.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Мартин Фрик дээрлик 4,5 млн тонна буудай Украинанын портторунан чыга албай турганын билдирди. Буга деңиз порттору жабык болгондугу себеп.

Фрик согуш башталганга чейин Украина буудайдын жана жүгөрүнүн эң ири экспортёру болгонун, көчүлүк өлкөлөр аталган продукциялардан көз каранды экенин белгиледи.

«Ачкачылык куралга айланбашы керек», — деди Фрик глобалдык азык-түлүк кризисин жеңилдетүү үчүн украин азык-түлүгүн башка өлкөлөргө жеткирүү жолун ачууга чакырып.