Президенттин администрациясы футзал боюнча «Мурас» турнирин жеңди

Садыр Жапаров баштаган «Президенттин администрациясы» командасы футзал боюнча «Мурас» достук турнирин жеңди.

Финалда президенттин командасы Жогорку Кеңештин депутаттарын 7:3 эсебинде жеңди. Президенттин администрациясынан Садыр Жапаров 3 гол, Азамат Жаманкулов жана Муса Жаманбаев бирден гол киргизишти. Ал эми Жогорку Кеңештин командасынан Дастан Жумабеков менен Эмил Жамгырчиев автоголдору менен белгиленишти.

Садыр Жапаров «Алгага» каршы жарым финалдык матчта.Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Мелдеште үчүнчү орун атамекендик футболдун ардагерлеринин «Алга» командасына тийди.

Турнир 4-майда башталган. Ага мамлекеттик кызматкерлерден, депутат, министр, маданият ишмерлери жана чет элдик дипломаттардан турган 12 команда катышты.