Кыргыз-өзбек чек арасында окко учкан үч кыргызстандык жерге берилди

Кыргыз-өзбек чек арасында окко учкан кыргызстандык үч киши 6-майда жерге берилди. Каза болгондор бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү — 48 жаштагы киши жана анын 22-24 жаштагы уулдары болгон. Бул тууралуу Ак-Там айыл аймагынын башчысы Мирлан Камчыбеков «Азаттыкка» билдирди.

Өзбек чек арачыларынан огунан көз жумгандарды жерге берүү учурунда. Коргон-Дөбө айылы, 2022-жыл, 6-май. Сүрөт: "Азаттык". 

Камчыбеков акыркы беш жылда ушундай окуя биринчи жолу катталганын белгилеп, так себебин ачыктаган жок.

«Азыр Чек ара кызматы сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Аскерлер окуя болгон жерди курчап койгон. Жер Кыргызстанга карайт. Мен беш жылдан бери айыл өкмөт болуп иштейм. Мындай окуя биринчи жолу болуп жатат», — дейт ал.

Чек ара кызматы эмне дейт?

УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрү жолугуп, үч кыргыз жараны көз жумган инцидент боюнча өз версияларын айтканын маалымдады.

Мекеменин маалыматына ылайык, кыргыз тарап чек ара тилкесинен 50-55 метр аралыкта, Кыргызстандын аймагында гильзалар жана кандын издери табылганын белгилеп, Өзбекстандын чек ара отряды кыргызстандыктарга ок чыгарганы боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

Андан тышкары, кыргыз жарандары каза болгон жерден 80 метр аралыкта 2000 кг селитра табылган.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Өзбекстандын өкүлү чек ара отряды мамлекеттик чек арадан минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган адамдар кармалганын билдирген. Ал мыйзам бузгандар чек арачыларга таш ыргытып, алар курал колдонууга аргасыз болгонун кошумчалаган.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптын чек ара кызматкерлери төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

  • чек арачылардын көзүнчө мамлекеттик чек араны кокустан бузган учурда чек ара кызматына курал колдонууга кескин түрдө тыюу салынат;
  • кыргыз-өзбек чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турумун сактоо боюнча эки тараптын өздүк курамы менен кошумча биргелешкен сабактарды өткөрүлөт;

Андын тышкары, Кыргызстандын Ала-Бука жана Өзбекстандын Янги-Курган багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү бардык көйгөйлүү аймактарда мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштуруунун тартибин аныктоого тийиш. Ошондой эле, чыр-чатактарды болтурбоо боюнча эки өлкөнүн чектеш жайгашкан аймактарынын жергиликтүү жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.

Басма сөз кызматтан чек арадагы окуяны укук коргоо органдары иликтеп жатканын баса белгилешти. Соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды. Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргызстандын үч жаранын өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Үч кыргызстандыктын өлүмү

5-май күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Актам айыл аймагына караштуу Дөбө-Коргон айылында өзбек чек арачылары аткан октон 48, 24, 22 жаштагы кыргыз жарандары жарадар болгон. Алар Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилип, бирок эсине келбей каза болушкан.

Бул боюнча 5-майда Чек ара кызматынын Ала-Бука багыты боюнча өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек арага жооптуу өкүлү менен жолуккан. Натыйжада эки тарап ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 6-майда кайрадан жолугууну макулдашкан.

Башкы беттеги сүрөт: «Азаттык» .