Ленинград блокадачылары кыргыз коомунун төрайымы Анна Кутанова дүйнө салды

Ленинград блокадачысы жана Ленинград блокадачылары кыргыз коомунун төрайымы Анна Кутанова 8-майда дүйнө салды. Ал 92 жашта болчу. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анна Кутанова. Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Мэриянын маалыматына ылайык, Анна Кутанованын балалыгы согуш башталган мезгилге туура келген. 11-жашында, Ленинград бутага алынганда, өзү курдуулардын отрядын жетектеп, байланыш кызматчысы болуп, аскер штабга баалуу маалымттарды жеткирип, үйлөрдүн чатырында кезметке туруп, кары-картаң жана кичинекей балдарды карап, ошондой эле коргонуу үчүн аңдарды казууга катышкан.

«13 жашында “Лениградды коргогону үчүн” медаль менен сыйланган. Жашоодогу жигердиги үчүн бир нече жолу ар кандай медаль жана ордендер менен сыйланган. Алардын арасында “Даңк” ордени, “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” жана башка Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу юбилейлик медалдары бар», — деп белгилешти муниципалитеттен.

2016-жылы Кутанова «Stylish» басылмасына маек куруп, согуш мезгилиндеги балалыгын айтып берген. Ленинград блокадачысы менен «Клооптун» учурдагы кабарчысы маектешкен. Ал маекте төмөнкүлөрдү баяндап берген.

Анна блокада башталып аяктаганга чейин үй-бүлөсү менен Лениграддан чыккан эмес. Атасы саламаттыгына байланыштуу аскерге алынбай калгандыктан шаарда калып, душмандардын учактарын аткылап жардам берген.

Блокадада атасы каза тапкан. Көзү барда паёкту өзү жебестен Кутановага жана кичүү кызына катып алып келип берчү.

«Атам абдан жакшы адам эле, өтө жакшы көрчүбүз. Каза болгондо ыйлагыдай да болбодук. Блокада бүтмөйүн эч ким ыйлаган жок», — деген ал Ленинградда туугандарынын дээрлик бардыгы каза тапканын, анын баарына өзү күбө болгонун кошумчалап.

Өзү, апасы жана сиңдиси күнүнө 500 граммдан нан алышчу, аны үч жолку тамакка жеткирүү керек эле. Нан көбүрөөк көрүнсүн деп өз кесимин майдалап туурап берүүнү суранчу.

«Эркектердин курунан шорпо кайнатчубуз. Жыгач клейинен холодец жасачубуз. Апам мүшөктөп кара топурак алып келгени эсимде, андан пирожки жасап жечүбүз. Пирожки дегенде тоголоктоп, буржуйга кактап бышырып, анан жечүбүз. Итти да, мышыкты да жедик. Шаардагы Петроград көпүрөсүнөн чычкандар качканы эсимде. Алар ушунча көп болгондуктан машиналар өтө албай туруп калган. Жада калса чычкандар жегидей эч нерсе калбай калган», — деп эскерген Кутанова.

Тамак-аш жок болчу, себеби азык-түлүк сакталган кампаларды жардырып кетишкен.

«Блокада башталганда душмандардын талоончулары азык-түлүк сакталган Бадаев кампаларын жардырып кетишкен. Кампанын ордунда таттуу топурак гана калган. Биз аны чогултуп, сууга аралаштырып, чай катары ичет элек. Шаар адамдардын өлүгүнө толуп кеткен. Аларды чогултаарга киши жок эле. Эркектин баары фронтко кеткен, аялдар өндүрүштө, шаарда болсо балдар менен эле карылар калган», — деген Кутанова.

Алгач ооруканаларда балдарга бир аздан айран, сүт жана быштак берилчү. Ал эми жазга карай шаардыктар дүкөндөрдө сатылган чөп-чарларды жешчү.

Кутанова Ленинградды коргогону үчүн биринчи медалын 13 жашында алган. Айтымында, ошол кезде шаарга жардам бериш үчүн достору менен тимурчулардын отрядын түзүшкөн.

Ар бир үйдө өлгөн кишинин сөөгү бар эле. Адамдар басып баратып же станокто иштеп отуруп каза табышчу. Мүнөт сайын бештен киши көз жумчу.

Блокада ачкачылык, кыштын кыраан чилдеси менен коштолгон. Жарык да, электр энергиясы да, канализация да жок болчу. Айнек терезе деген да жок болчу, айтор, терезени колго эмне тийсе ошону менен бүтөп жабышчу.

«Блокада аяктаганча күлбөй да, ыйлабай да, “эмоциябыз жок” күн көрдүк. Блокада алынганда эл көчөгө чыгып, бугун чыгарып өкүрүп ыйлады. Ошондо гана тирүү экенибизди сезгенбиз», — деп баяндаган Кутанова.