Вера Андрианованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

«Сиз рак болуп калыпсыз» — жыл сайын 5000ден ашуун кыргызстандык дарыгерлерден ушундай жаман кабар угат. Бул диагноз көбүнчө аялдардага коюлат. Адистердин айтымында, диагноз коюлган бейтаптардын көпчүлүгү бир жыл аралыгында өмүрү менен кош айтышат. Бирок рак илдети эртерээк аныкталганда, өлкө ичинде адистешкен дарыгерлер жетиштүү болгондо, ал эми бейтаптарда зарыл дары-дармекке, аны сатып алууга каражаты кенен болгондо, баары башкача болмок.

Ракка каршы витаминдер

2015-жылдын жай айларында Мадинанын жүрөгү түпөйүл боло баштаган.

Депрессия жана алсыздануу менен катар эмчегинде майда бездер пайда болгон. Жергиликтүү онколог (Мадина Жалал-Абад облусунда жашайт) Бишкекке бар деп кеңеш берген.

«Борбор калаадагы дарыгер УЗИ жасап, мастопатия болуп калганымды айтты. Анчалык деле коркунучтуу эмес, айыктырса болот деди», — деп эскерет Мадина.

Мастопатия – эмчек безинин эң көп тараган оорусу. Анда эмчек бездеринин ткандары адаттан тыш өсүп, оору менен коштолот — кээде ириң сыяктуу суюктук бөлүнүп чыгат. Мастопатия гормоналдык баланстын бузулушунан пайда болгондуктан, Мадинага гормондорду нормалдаштыруучу дарыларды жазып беришкен.

«Мазь жана дары-дармектердин тизмесин алып кайрадан үйгө кайттым», — дейт ал.

Бирок, көп өтпөй Мадина жаңы кооптуу белгилерди байкаган: эмчегинен кочкул түстөгү суюктук чыгып, без сымал майда бүртүкчүлөр көбөйө баштаган — эми колтуктун алдында пайда болгон.

«Түрдүү врачтарга бардым. Көп эле эшиктерди каккылап, эмне болуп жатканымды билбейм, өзүмдү башкача сезип жатам деп айтып жаттым», — дейт ал. Бирок врачтар жаман ойлорго жетеленбе деген кеңеш берип, «ойлоруңду өзгөрт» деп жооп беришкен.

«Кайра-кайра эле каттай бересиңби? Акчаң көппү? Башыңды дарылат, бул жөнүндө ойлонбо, — деп эскерет врачтардын биринин айтканын.

Жарым жылча врачтан врачка чуркап журүп, 2016-жылдын башында Мадина тун уулуна учурашканы Москвага барат. Так диагноз коюш үчүн уулу апасын кайрадан онкологго барууга көндүрөт.

«[Москвада] куралданбаган көз менен, УЗИден көрүп эле үчүнчү стадиядагы ракка чалдыкканымды, лимфа түйүндөрүнө метастаздар өсүп кеткенин айтышты — дейт Мадина. — Укканда нес болуп калдым. Эгер Москвага барбасам, рак болуп калганымы билбей эле, эмнеден өлүп баратканымды билбей эле витаминдеримди ичип жүрө бермек экем».

Ракты изилдөө боюнча эл аралык агенттиктин маалыматына таянсак, 2020-жылы Кыргызстанда рак оорусуна кабылган жети миңден ашуун жаңы учур катталган — 100 миң кишинин ичинен 109 кишиге туура келет.

Кыргызстанда кеңири тараган рак ооруларынын тизмесинде эмчек рагы менен жатын рагы үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлейт. Эгер рактын бул эки түрү менен ооруган бейтаптардын санын бириктирсе, «аялдар рагы» сап башына чыгат. Ошондуктан 2020-жылы аныкталган онкологиялык оорулардын жаңы учурларынын жарымынан көбү аялдарга туура келгени таң калыштуу эмес.

Код:

Жашоо үчүн эки миллион

Ремиссияга жетиш үчүн Мадинага химиотерапия менен катар антитело жазып беришкен.

«“Перьета” аталышындагы антителонун бир ампуласы 100 миң сомдон жогору турат, [залалдуу шишикке каршы препарат] “Герцептин” — 600 миллиграммы 60 миң сом. Химиотерапия — өндүрүлгөн өлкөгө жараша — 10 миңден 30 миңге сомго чейин турат», — деп эсептеди Мадина. Анын айтымында, дарылануу учурунда Бишкекке барып келген, жашаган чыгымдардан тышкары, ар бир 20 күндө 190 миң сомго чейин сарптаган.

Мадинага «агрессивдүү эмчек рагы» диагнозу коюлганда туугандары дарыланууга жардам берүүдөн баш тарткан, ал эми күйөөсү эч нерсе түшүндүрбөстөн үй-бүлөсүн таштап кеткен. «Аялы оорукчан экенин кабыл алуу кыйын болгондур. Же, балким туугандары уяткарып койгондур», — деп божомолдойт Мадина.

Дарыланыш үчүн ал унаасын сатып, мурда-кийин чогулткан акчасын толук алып чыккан, баласы болсо үйүн саткан. Мадинанын айтымында, дарыланууга жалпы эки миллион сомго жакын каражат кеткен.

Бул аракеттер текке кеткен жок — акыр аягы залалдуу шишик артка чегинди. Ал эми үч жылдан кийин дарыгерлер Мадинанын өпкөсүнөн метастаздарды табышты.

«Аны уккандан кийин, өлүп калайын дедим, — деп эскерет ал. — Ал кезде сатарга деле эч нерсебиз калган эмес. Врачтар болсо: “Дарылгангың келеби — дары таап, дарылан” дешти. Тагыраак айтканда, мамлекет эч кандай жардам көрсөткөн жок. Айла жок 600 миң сом насыя алдык».

Мадина онкологиялык дартка кабылган аялдардын «Курдаш» коому жөнүндө уккан кезде үмүтү үзүлүп калганын айтат. Ал өзүнүн абалын айтып «Курдашка» кайрылган. Фонд Мадинага антитело сатып алууга жардам берип, химия терапиясын жарым-жартылай төлөп берген.

«Бул дарылануу жардам берди. Азыр мен ремиссиядамын», — дейт ал.

Мыйзам боюнча, Кыргызстанда 2016-жылга чейин рак менен ооругандарды акысыз дарылаш керек болчу. Бирок бул кагаз жүзүндө гана кала берген. Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева Кыргызстанда онкологиялык ооруларды акысыз дарылоо иш жүзүндө жок экенин мойнуна алат. Бейтаптар акысыз палатага жаткырылганы менен дарыланууну төлөөгө мамлекеттин чамасы жетпей келет дейт ал. Рак менен ооругандар дары-дармектердин негизги бөлүгүн жана керектүү препараттарды өздөрү сатып алууга аргасыз.

«Дарылануу акысыз деп аталганы менен, иш жүзүндө баарына акча төлөнөт [...] Ошондуктан арыздануулар көп», — деп түшүндүрдү Султангазиева.

Дал ушул себептен 2016-жылы мыйзамды кайра жазышкан — азыр мамлекет дарылануунун 50%ын төлөп бериши керек. Бирок Мадинанын айтымында, ушундай колдоо бар экенин биринчи жолу, журналисттерден угуп олтурат.

Кредит алынса деле дарыланууга жетпейт

Беловодское айылынын тургуну Марина дагы оор тагдырга кабылган: 2014-жылы төрөт учурунда наристеси чарчап калган. Күйөөсү болсо көзүнө чап салып жүргөн болот — башка аялдан кыздуу болгон. Экинчи жолу Маринанын боюна бүткөндө күйөөсү биротоло үйдөн чыгып кеткен — бала төрөп берген аялга кетип калган.

«Кош бойлуу кезимде апам менен жашадым. Мунун баары организмиме таасир берди деп ойлойм», — дейт Марина. Уулу төрөлгөндөн кийин ага «эмчек рагы» диагнозун коюшкан. 34 жашында ал эки жолу операция болду — эки эмчегин тең алып салышты.

Жалгыз бой эне болгондуктан операцияга жеңилдик беришти — ал дарыгерлерге уулун жалгыз тарбиялап жатканы тууралуу маалымкат көрсөттү.

«Операцияга төрт миң сомдон ашыгыраак акча төлөдүм. [Мамлекеттен] кандайдыр бир демөөрчүлүк болду окшойт. Анткени шприцтер жана жандандыруу бөлүмү [ошол жакта жатканым] бекер болду. Андан ары дарылоо жана текшерүүлөргө өзүм төлөдүм. [Химиятерапиянын] төрт курсту кредит алып төлөдүк», — дейт ал.

Маринага агасы жардам берген — 70 миң сом насыя алган (албетте, бул каражат дарыланууга жетмек эмес), ошондой эле классташы көмөктөшкөн — ал кыз соцтүйүндөр аркылуу курбусунун дарылануусуна каражат топтогон.

Акырында Марина дагы «Курдаш» фонду тууралуу угуп, кийин фонд үч курс химиятерапияны төлөп берген.

«Негизи бир топ каражат кетти. Ооба, заара менен кандын анализине, кандайдыр биохимиялык анализдерге арзандатуулар бар. Дарылоонун башка түрлөрүнө келсек, ал жерде жок», — дейт ал.

Вера Андрианованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

«Мындайга байлардын да чамасы жетпейт»

«Курдаш» фондунун башчысы Гүлмира Абдыразакова онкологиялык ооруга чалдыккан аялдар ай сайын кымбат баалуу препараттарды сатып алууга аргасыз экенин айтат.

«Бир препарат 180 миң сом турат. Мындан тышкары, баасы 20 миңдин тегерегинде турган химиятерапия керек. Мындай дарылоо курсу сегиз айга созулат. Тагырак айтканда, аялдар ай сайын 200 миң сом сарпташат. Орто эсеп менен жылына 2 млн сом чыгат. Мындайга байлардын да чамасы жетпейт», — дейт ал.

Абдразакова мамлекет залалдуу шишик дартына кабылган аялдарды калктын аялуу катмарына кошконун белгилейт, бирок бул [мамлекеттен] бир-эки миң сом* майыптык пенсия алууга гана жарайт. Бул каражат дарыланууга кеткен жол кирени араң жабат.

*Социалдык фонддон Кыргызстанда майыптыгы бар жарандарга төлөнүүчү минималдуу пенсия жашоо минимумуна (6813 сом) туура келет деп билдиришти.

«Албетте, онкологиялык дартка кабылгандарга бөлүнгөн акча көбөйүп жатат. Бирок бул онкологиянын [муктаждыгынын 1%дан азын] жабат. Керек болсо 10%га да жетпейт», — эсептейт фонддун жетекчиси.

Улуттук онкология жана гемотология борборунун жетекчиси Бактыгүл Султангазиева мамлекет бөлгөн акча ракка кабылган бейтаптардын дарылануусуна жетпей турганын тастыктайт. «Биздин эсептөө боюнча, бир бейтаптын [бир жылдык] дарылануусуна 1 млрд 2 млн сом керек. Бизге [2020-жылы] 160 млн, [2021-жылы] 60 млн сом бөлүнгөн», — деп айтып берди ал.

2022-жылы онкологиялык илдеттен жабыркаган бейтаптар үчүн бөлүнгөн акча көбөйгөн, бирок ал деле жетишсиз. Керектүү миллиардга жете элек. 2021-жылдын декабрында бюджетти бөлүштүрүү боюнча коомдук угууда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) жана Жогорку технологиялар фонду онкологиялык клиникалардын керектөөлөрү үчүн 132 млн сом бөлүүнү убадалашкан.

Ошондой эле кыргыз бийлиги ушул жылы онкологиялык дарттан жабыркагандар үчүн дары-дармек сатып алууга бюджеттен 270 млн сом бөлүүнү чечкен. Султангазиеванын айтымында, бул каражат химиятерапия үчүн препараттарды сатып алууга жумшалат.

Пандемия — бул бир гана коронавирус эмес

Рак менен ооругандардын абалына коронавирус пандемиясы дагы зор таасирин тийгизген. Ракты изилдөө боюнча эл аралык агенттиктин маалыматына ылайык, өткөн жылдары 100 миң кишиге онкологиялык дарттан көз жумган 63-65 адам туура келчү, ал эми 2020-жылы алардын саны 72ге жеткен.

«Курдаштын» жетекчиси Гүлмира Абдыразакованын айтымында, 2020-жыл залалдуу шишик ооруларына чылдыккандар үчүн абдан оор болгон — пандемия учурунда көптөгөн кыргызстандыктар бир күндүк киреше менен жашоого аргасыз болушкан.

«Албетте, дары-дармек табуу, сатып алуу, турак жай жана тамак-аш үчүн төлөө абдан оор болду», — деп түшүндүрдү ал. Фонддун кол өнөрчүлөрү 200 миң сом таап, залалдуу шишик менен ооругандарга маска, тамак-аш жана турак-жайын төлөш үчүн сарпталган. Ошондой эле аз-маз дары-дармек алынган.

Врачтарга көрүнүү дагы кыйындады дейт Марина. Анын айтымында врачтар бейтаптар менен «терезе» аркылуу гана сүйлөшүп турган. «COVID-19дан башка оору жок калгандай сезилген. Терезе аркылуу сүйлөшүүнү кантип врачтын кароосунда болду деп айтууга болот? Дарыгер карточканы алып, кеңештерин жазып, терезеден берчү. [...] Поликлиникалар иштебей калды, ал эми жеке клиникалар иштеп жатышты. Бейтапка түшкөн финансылык оорчулукту элестетип жатасызбы?» — деп эскерди ал.

Маринага эки эсе оор болгон — 2020-жылы врачтар анын апасынын энелик безинде операция жасалбай турган залалдуу шишик бар экенин аныкташкан.

«Апам терминалдык стадияда болчу, ошондуктан ал паллиативдик жардамга муктаж эле. Пандемия учурунда, дарыланыш үчүн COVID-19 жок деген тест алыш керек болчу. Жыйынтыгы даяр болгуча апам каза болуп калды», — деп айтып берди Марина.

Улуттук онкология жана гематология борборунун башчысы Султангазиева Улуттук статкомдун маалыматына таянып, 2020-жылы рактан каза тапкандардын саны көбөйгөн эмес, 2019-жылдын деңгээлинде калган — 4 196 адам деп билдирди.

«Операциялар жана химиятерапия менен дарылоо токтотулган эмес. Бейтаптын жашаган жерине барып дарылоо болгон эмес, пандемиядан улам мындай мүмкүнчүлүк жок болгон», — дейт ал, аны менен катар бейтаптар жакын жердеги ооруканада же Улуттук онкология жана гематология борборунун амбулатордук стационарында дарыланып жатканын кошумчалады.

Бир адамдын жылдык дарылануусу — 2 млн сом

Гүлмира Абдыразакова көпчүлүк аялдар оору өтүшүп кеткенде врачка кайрылышат дейт. Аялдардын 70%дан көбү диагнозу тууралуу илдет үчүнчү же төртүнчү стадияга жеткенде гана билишет. Аны дарыгердин кабылдамасында заманбап текшерүүдөн өтмөйүн аныктоого болбойт — баштапкы стадиясында рак билинбейт.

«Диагнозду эрте аныктоо — өмүрдү сактап калат! Бардык илдеттерди баштапкы стадиясында айыктырса болот, ошондуктан жыл сайын текшерүүдөн өтүп туруу керек», — деп эскерет ал.

Абдыразакова көз жумгандардын саны өсүп жатканына дарылануунун сапатынын жетишсиздиги деп кошумчалады — бейтаптар дары-дармек, жабдуулар толук камсыздалбайт. «Өлүм учурларынын көптүгүнө кыйыр түрдө акчанын жетишсиздиги дагы таасир этиши мүмкүн. Анткени бардык эле бейтаптардын өз учурунда даарыланууга каражаты жетпейт. Башкача айтканда, операцияны, химиятерапияны убагында ала албайт. . . », — деп белгиледи ал.

«Клооп» Кыргызстан боюнча 120 оорукана жана Үй-бүлөлүк медицина борборлорун сурамжылап, алардын 10%да гинеколог такыр жок экенин аныктады. Негизинен мындай абал айылдагы ооруканаларга таандык. Ал эми маммологдор дээрлик жок — сурамжылоодон өткөн 121 мекеменин ичинен 31де гана маммолог бар болуп чыкты. Алардын көбү борбор калаадагы же жеке ооруканалар.

Код:

Кыргызстанда онкологдор дагы жетишпейт — Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, учурда өлкөдөгү 49 Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда болгону 56 адис эмгектенет.

«Жыл сайын өлкөдө 30-40 онколог-адис окуу жайды аяктайт, көпчүлүгү шаарда калгысы келет. Бирок ставканын жетишсиздигинен көпчүлүгү жеке клиникаларга же башка мамлекеттерге кетишет. Бул айлык маянанын аздыгына байланыштуу», — деп билдирди «Клоопко» Бактыгүл Султангазиева.

Анын айтымында, Кыргызстандын онкологдорунун көпчүлүгү Ош менен Бишкектин онкоборборлорунда иштешет. Бул аймактардын жашоочулары чоң шаарларга барып дарыланыш керек дегенди түшүндүрөт — бул узак жол жүрүүгө жана жатаканага кеткен кошумча каражат.

«Рак — бул жашоо»

Залалдуу шишик менен ооруган аялдарга врачтардын гана эмес, психологдордун дагы жардамы керек дейт Гүлмира Абдыразакова. Ракка чалдыккан аялдар көпчүлүк учурда колунда балдары менен, үстүндө үйү жок, тууган-уруктан оолак, жалгыз калышат.

Мындайда аялдарга «Курдаш» фонду жардамга келет. Мадина менен Марина дагы фондго мүчө болушкан — алар башка аялдарга колдоо көрсөтүп, кеп-кеңеш беришет.

«[Диагнозду укканда] бут алдыңдан жер аңтарылып кеткендей болот. Бирок мени менен фонддун мыкты психологдору иштешти. [Оору] баштапкы стадияда аныкталса жеңсе болот дешти. Баарыбызда шанс бар», — деп жылмайды Мадина.

Абдыразакова болсо рактын үчүнчү же төртүнчү стадиясы дагы өкүм эмес экенин эскертет: «Мен рак менен жашаганыма 15 жылдан ашты. Ошондой эле фондубуздун мүчөсү Таалайгүл дагы бар — ал рактын төртүнчү стадиясына карабай, беш жылдан бери жашап келет. Бул эмнени билдирет? Рак — бул өлүм эмес. Мунун баары стигма. Рак — бул жашоо деп айтыш керек», — дейт ал.

Редакторлор: Дмитрий Мотинов, Екатерина Резникова

Кыргызчалаган: Айпери Хожаева, Алина Касмалиева, Чолпон Бейшелең кызы

Кыргызчанын редактору: Бегайым Талантбекова