Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылына алып барган эки жол бар. Кааласаң асфальт басылбаган таш жол менен, көз жоосун алган өрөөндү аралап барсаң болот. Алдыңдан сөзсүз кырга жайылып оттогон кой-эчки, чабандар жолугат.

Экинчиси, жолду катар бак-дарак кыркы тигилип, альфальтталган зымыраган жаңы жол. Айылдын кире беришинде «Кош келиңиздер» тактасы илинген.

Талды-Суу табияты көз тандырган тоо койнундагы айыл. Мында беш миңден ашык тургун же сегиз жүздөн ашык үй-бүлө жашайт.

Жергиликтүү бийлик жана тургундар айылда көп көйгөйлөр бар экенин, алардын бири бала бакчанын жетишсиздиги экенин айтышат.

Негизги көйгөй

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылы республика боюнча балдарга мектепке чейинки билим берүүнүн деңгээли 25,4%ды түзгөн. Ошол эле учурда, шаар менен айыл жерлеринин ортосунда чоң айырмачылык бар: шаарларда балдардын 34,5%ы бала бакчага барса, айылдарда бул көрсөткүч болгону 20,6%ды түзөт.

Талды-Суу айыл өкмөтүна төрт айыл караштуу, административдик борбору — Талды-Суу. Калктын жалпы саны 10 миңден ашат. Азыр төрт айылда болгону эки гана бала бакча бар. Талды-Сууда бир, Көөчү айылында бир бакча. Экөө тең 90 балага гана ылайыкталган.

«Бул кезек маселеси жылдан-жылга боло берет», — дейт Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Нуржан Жасылбекова.

Бул маселени чечиш үчүн айыл тургундары жүз орундуу жаңы бала бакча куруу боюнча долбоор даярдап, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) өткөрүшкөн. Эки коркустан турган имарат курулушу керек болчу.

«Бала бакча көйгөйү көтөрүлгөнүнө көп болду. Жергиликтүү тургундар ушул маселени артыкчылыктуу деп табышты. Башкача айтканда, фокус-группалардагы талкууларда, чогулуштарда ушул көйгөй дайыма талкууланат», — дейт АРИСтин айыл инвестияларынын социалдык мобилизатору Данияр Айткожоев.

Бирок орто жолдо тендер үзгүлтүккө учурап, пандемия учурунда баалар өсүп, доллардын курсу көтөрүлүп кетти. Каражаттын тартыштыгынан Талды-Суу айыл өкмөтүнө жүз орунду бала бакча курулбай калды.

«Талды-Суу айыл өкмөтүнөн башынан эле 100 орундук бала бакча куруп берүү өтүнүчү менен кат келген. Ага жараша, АРИС долбоордун сметасын 100 орунга иштеп чыккан. АРИС аныкталган бир сумманы бөлүп берет, башкача айтканда, ушул сыяктуу объектке 300 миң доллардан ашпаган (мурдагы курс менен 23 млн сом — ред.) каражат бөлүнөт [...] Тендердин жыйынтыгында жүз орундуу бала бакчага [сарптала турган каражат] 47 млн сомдун тегерегинде болду. Калган сумманы айыл өкмөтү бермек, бирок алар аны кыла алган эмес. Ошондуктан 50 орундуу бала бакча курууга экинчи лот ойнотулган», — дейт Айткожоев.

Жасылбекованын айтымында, жергиликтүү бийлик каражат жетишсиздигинен улам жүз орундуу бала бакчага акча таба алган жок. Ал Талды-Суу дотациядагы айыл өкмөтү экенин белгиледи.

Натыйжада Талды-Суу айылына бала бакча курууга АРИС уюму 23 млн сом грант бөлгөн.Дагы 9,5 млн сомду Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду, ал эми Талды-Суу айыл өкмөтү — 1 млн сом берген.

Жаңы бала бакча куруу үчүн жергиликтүү тургундар да акча чогулткан, ал үчүн атайын банктык эсеп ачылган. Бал бакчанын директору Бактыгүл Бектурсунованын айтымында, акчаны квартал башчылары үймө-үй кыдырып чогулткан. Башка шаарларда жана чет өлкөлөрдө жашаган айыл тургундары дагы акча жөнөткөн.

«Бизге алып келген акчаларды банктагы эсепке салып жаттык. WhatsApp’да “Биримдик” деген тайпабыз бар. Ал жакка отчётторду жүктөп турдум [...] Бүгүнкү күнү 505 миң сом чогулттук», — дейт ал.

Учурда бала бакчанын бир эле корпусу курулуп бүттү. Ал 50 орунга ылайыкталган. Имарат ушул жылдын июнь айында пайдаланууга берилиши керек, ал эми сентябрдан тартып толук кандуу иштеп баштайт.

«Анан ошол 505 миңди [жергиликтүү тургундардан чогулган акчаны-ред.] жумшак инвентарга жумшайлы деп жатабыз — ковролин, килем, терезеге штора, төшөктөргө тыш, анан жууркандарды бүт жаңыртыш керек да. Учурда бул жерде 4 тайпа, 125 балабыз бар. Сентябрдан тартып 170 баланы кабыл алалы деп жатабыз», — дейт ал.

Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары эгер жергиликтүү бийлик дагы кошумча каражат тапса, бала бакчанын экинчи корпусу дагы курулат дейт. Бул үчүн алар президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө же Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна кайрылуу даярдап жатышат.

Азыр бала бакчанын короосундагы иштер бүткөрүлүп жатат — жумушчулар арыктарды казып, көрктөндүрүү иштерине киришкени турат.

Имараттын курулганына 40 жылдан ашты

Жаңы бала бакча эски имараттын жанына курулмак болгон. Эски имарат 2009-жылдан бери иштейт, ал дагы АРИСтин жардамы менен ачылган. Бала бакчанын директору Бактыгүл Бектурсунованын айтымында, 2009-жылга чейин имарат башталгыч класстар үчүн мектеп болгон.

«Бул 1978-жылы, 42 жыл мурда курулган. Муну эбак сүрдүрүш керек болчу, болбой эле колдонуп жатабыз. Себеби бул аябай сапаттуу курулган да», — дейт ал. Быйыл эски имаратты оңдоп-түзөп, терезелерин алмаштыруу пландалганын кошумчалады.

«Терезелерди пластиктен кылалы деп жатабыз, анткени жыл сайын мынтип скотч менен [эски терезелердеги жаракаларды] жабабыз», — дейт Бектурсунова.

Бала бакчанын кире беришиндеги текчеде ондогон кичинекей балдардын бут кийим тизилип турат. Бул текчелерди сатып алууга Finca банк каражат бөлүп берген.

Анын айтымында, 90 орунга ылайыкталган бала бакчада учурда 125 бала тарбияланып жатат. Жергиликтүү бала бакчага 3 жаштап баштап кабыл алышат, айына 600 сомдон төлөшөт.

«Анан кезекте тургандар да көп болуп жатат. Азыр кезекте дээрлик 100 бала электрондук каттоого турушту. Анан коңшу айылдардан да келип туруп атышат», — дейт бала бакчанын директору.

Жергиликтүү тургун Анаранын айтымында, айрым балдар кезеги жетпегендиктен бала бакчага баруу мезгилин өткөрүп жиберишүүдө.

«Калктын саны көп [Талды-Сууда] анан бала да көп. Баары бала бакчага баргысы келет», — деп белгиледи ал.

Жергиликтүү тургун Анара Калчыкеева бир жарым жаштагы небереси айылга келгенде анын кезеги жетип калышы үчүн эмитен электрондук кезекке тургузуп коюуну пландап жатат.

«Кээ бирөө [кезекке] баласы төрөлгөндө эле турат. Балдарымды бала бакчага жиберейин, ошол жерден тарбия алсын деп кызыктар болгондор бар да. Үй менен бала бакчанын айырмасы асман менен жердей да», — деп белгиледи ал.

Жергиликтүү тургун Кубан Ысмаилов да ушундай кылган. Анын айтымында, азыр кенже кызы бала бакчага барып жатат.

«Кызым төрөлгөндө эле дароо кезекке койгонбуз. Кийин анын кезеги келди. Көп деле кыйынчылык болгон жок», — дейт ал.

Айылдын дагы бир жашоочусу эки баласы бала бакчага барбай калганын айтат. Анын айтымында, аларга кезек жеткен эмес, азыр болсо мектепте окуп жатышат.

«Акча эле болсо…»

Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Нуржан Жасылбекова жаңы бала бакча курулса деле балдарга орун жетишсиздик көйгөйү чечилбейт деген ойдо.

«Бул бала бакча курулса деле маселе чечилип кетпейт. Анын бир жак бөлүгү 50 балага ылайыкталган. Бүгүнкү күнү Талды-Сууда беш миң адам — 876 түтүн жашайт. (Коңшу айылдарда Талды-Суудагыдай көп адам жашабайт). Анан ар бир үйдөн бирден эле бала деп алганда 800 бала болуп жатпайбы. [....] Эгер экинчи корпус толук бүтсө дагы көйгөйдүн жарымын чечет. Бала бакчага кезек, орун маселеси дагы деле, жылдан жылга кала берет», — дейт ал.

Жасылбекованын айтымында, айыл өкмөтүндө көптөгөн көйгөйлөр бар, алардын ичинде мектептердин жетишсиздиги дагы бар.

«Айтып атпаймынбы, акча болгондо (бардык) көйгөйлөр чечилмек», — дейт ал.